Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Март
2019

Новости за 16.03.2019

Сүмөлөк кайнаткан балдар

Azattyk.org 

Сокулуктун Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндө 16-мартта Нооруз майрамын алдын ала майрамдашты. Бул иш-чараны "Илек-Илек жаштары" коомдук бирикмеси уюштуруп жатат. Аталган бирикме жалаң гана студенттерден куралган.

Желим таштанды жердин баарын каптады

Azattyk.org 

Кыргызстанда учурда ишембилик өтүп жатат. "Азаттыктын" бүгүнкү апта түрмөгү таштанды көйгөйү, кантип таза жашоого үйрөнөбүз деген маселеге арналат.

Окуучу режиссердун жеңиши

Azattyk.org 

Балдардын эл аралык кинофестивалында Алтынай Таалайбек кызы “Мыкты фильм” номинациясына ээ болду. Ал эми Алина Кошматованын тасмасы дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн жиберилген 200дөн ашык фильмдин ичинен кыска тизмеге кирди. Аларга сыйлыкты тапшыруу үчүн Индиядан аталган фестивалдын негиздөөчүсү Сейид Султан Ахмед өзу келди.

Баш калаадагы ишембилик

Azattyk.org 

Бүгүн 16-мартта, Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик өттү. Анын алкагында өлкөдөгү жарандар, мекеме, ишканалардын кызматкерлери калктуу конуштардын көчөлөрүн тазалап, бак тикти.

Аба ырайы: жамгыр жаабайт

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 15-марттан 18-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу автожолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушу зарыл. 17-мартта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20, Таласта түнкүсүн 2…7... Читать дальше...

Баткен: чек арада сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы аяктады

Azattyk.org 

Кыргыз жана тажик жарандары ортосунда жаңжал орун алган Баткендеги чек арада расмий бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасы аяктады. “Азаттыктын” Баткендеги кабарчысынын айтымында, Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьерлери жетектеген делегация учурда Ак-Сай айылы менен Ворух анклавы чектешкен аймакка кетти. Ал жерден эки айылдын аксакалдары, тургундары менен жолугуп, кырдаалды талкуулай турганы күтүлүп жатат. Учурда жаңжалдан кийин тажик жарандары бөгөп койгон Ош-Баткен-Исфана... Читать дальше...

АКШ: Орусиянын экс-министри каза болгонго чейин жараат алышы мүмкүн

Azattyk.org 

2015-жылы Вашингтондо каза болгон Орусиянын мурдагы басма сөз министри Михаил Лесин өлөрдөн мурда моюну сынган болушу мүмкүн. Бул тууралуу Вашингтондун башкы соттук экспертинин “Азаттыктын” орус кызматына берген баяндамасында айтылат. Сот чечими менен “Азаттыктын” орус кызматы Лесиндин өлүмүнүн жагдайлары иликтенген 149-беттен турган баяндама менен таанышуу укугуна ээ болду. Анда АКШ мурдагы министрдин өлүмүн кокустук деп атаган. Бирок бир катар маалымат каражаттары "Лесин Орусиядагы коррупция... Читать дальше...



Ооруну унуттурган кутучалар

Azattyk.org 

Бишкектеги үч мектептин окуучулары атайын кутуча ачып, аны өзүнүн оюнчуктары менен толтуруп жатат. Ал кутучалар Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборуна, Улуттук онкология жана гематология борборунда дарыланып жаткан балдарга жиберилет. "Тайманбастык кутучалары" балдарды процедура учурунда оорусун унутуп, алаксытуу максатында ачылган.

Тажикстандагы мелдеште кыргызстандык өспүрүмдөр биринчи орунду алды

Azattyk.org 

Спорттун ушу-санда түрү боюнча Тажикстандын Худжанд шаарында өткөн Борбор Азиянын биринчилигинде Кыргызстандан барган өспүрүмдөр командасы биринчиликти алды. 13-15-март күндөрү өткөн мелдешке Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын өспүрүм спортчулары катышкан. Мелдеш жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар сегиз алтын, сегиз күмүш, беш коло медалга ээ болду. Кыргыз курама командасы өлкөнүн бардык облустарынан келген спортчулардан топтолгон. Жаш спортчуларды өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү тосуп алды. Читать дальше...

Жаңы Зеландияда курал-жарак сатуунун шарты катаалдашат

Azattyk.org 

Жаңы Зеландиянын бийлиги өлкөдө курал-жарак колдонууга талапты жогорулатууну убада кылууда. Мындай чечим 15-мартта Крайстчерч шаарындагы мечиттерге кол салуудан кийин кабыл алына турган болду. "The Guardian" басылмасы бул өлкөдө аскер үлгүсүндөгү мылтыктарды сатып алууга тыюу салынышы мүмкүн экенин жазды. 15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттеринде жума намаз окулуп жатканда автоматчандар ок жаадырып кирип барышкан. Бул учурда мечитте 300 адам болгон. ... Читать дальше...

Атамбаев үч саясатчынын арызы боюнча чечимдин үстүнөн шаардык сотко кайрылат

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Ахматбек Келдибековдун арызы боюнча Октябрь райондук соту чыгарган чечимдин үстүнөн Бишкек шаардык сотуна кайрылат. Бул тууралуу Социал-демократиялык партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, райондук соттун чечими боюнча доо арызды экс-президенттин адвокаттары даярдап жатат. Саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди... Читать дальше...

Турсунбеков: КСДПдагы тиреш токтобосо башка жолду тандоого туура келет

Azattyk.org 

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясындагы тиреш токтобосо, башка жолду тандоого туура келет. Бул тууралуу аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков билдирди. Анын айтымында, КСДПнын айланасындагы акыркы кырдаал аны аябай тынчсыздандырып жатат. “Мен партия ичинде азыр араздашып жаткан эки тарапты элдештирүүгө аракет кылдым. Бирок майнап чыкпаганын көрүп жатам. Азыр эки күнгө партиянын курултайын белгилеп жатышат. Мен эки жыйынга тең барбайм. Читать дальше...

Жээнбеков “Ата Бейиттеги” ишембиликке катышты

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган президенттик аппараттын кызматкерлери “Ата Бейит” мемориалдык комплексиндеги ишембиликке катышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Ишембилик алкагында комплекстин аянты тазаланып, көчөт отургузулду. Бүгүн Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик өтүп жатат. Анын алкагында өлкөдөгү жарандар, мекеме, ишканалардын кызматкерлери калктуу конуштардын көчөлөрүн тазалап, бак тикти. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектеги Жеңиш паркында... Читать дальше...

Отунбаев: Бакиевдер чыгарган каражатты АКШдан кайтаруу боюнча иш улантылууда

Azattyk.org 

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу боюнча АКШ менен иш уланууда. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мурдагы президенттин үй-бүлөсү каткан башка издөө жана кайтаруу боюнча бир нече мамлекеттик орган иштеп жатат: "АКШ Бакиевдер чыгарып кеткен 4.6 миллион долларды кайтарып берди. Бул каражат көп болбосо да символикалуу иш болду. Эми ушул жаатта иш уланып жатат. Бул биринчи эле транш болду, эми калган бөлүгү изделет. Читать дальше...

"Европага жеткенде ит сүйрөп эстен тандым..."

Azattyk.org 

«Мигрант аялдын жолу» түрмөгүнүн бул жолку каарманы Чынара Арыкбаева. Ал Европадагы үч мамлекетте башынан өткөргөн кыйын күндөрдү, аларды кантип жеңгенин айтып берди.

АКШ жана Канада орусиялыктарга карата кошумча санкция киргизди

Azattyk.org 

Керч кысыгындагы жаңжалга жана Крымды аннексиялап алууга байланыштуу АКШ жана Канада Орусияга киргизген санкцияларын кеңейтти. Бул тууралуу аталган өлкөлөрдүн бийлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, АКШнын жаңы санкцияларына алты адам жана сегиз компания кирген. Анда Федералдык коопсуздук кызматынын Руслан Ромашкин, Андрей Шеин аттуу кызматкерлери, контр-адмирал Сергей Станкевич сыяктуу адамдар эми Кошмо Штаттарга кирүүгө тыюу салынды. Ал эми Канада 24 орусиялыкты санкциялык тизмеге киргизди. Алардын... Читать дальше...

Дерипаска АКШнын Финансы министрлигин сотко берди

Azattyk.org 

Орусиялык миллиардер Олег Дерипаска АКШнын Финансы министрлиги жана бул мекеменин башчысы Стивен Мнучинди сотко берди. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы өз булактарына таянуу менен жазып чыкты. Маалыматка ылайык, орус бизнесменинин арызы Колумбия округунун федералдык сотуна жөнөтүлгөн. Анда Дерипаска өзүнө салынган америкалык санкцияларды жокко чыгарууну өтүнүүдө. Миллиардер 2016-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоого байланыштуу "ички саясий чырдын курмандыгы” болгонун белгилеп, ага карата санкция мыйзамсыз салынды деп айтууда. Читать дальше...

"Коопсуз шаар" көп маселени козгоду

Azattyk.org 

"Коопсуз шаар" долбоорунун камералары каттаган жол эрежелерин бузуу фактылары боюнча айыппулдар төлөнө башталды. Мында автоунаа ээлери менен машинени айдап жүргөн адамдын жоопкерчилигине байланышкан жана башка маселелер жаралууда.

Баткен: чек арадагы жаңжал боюнча сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы башталды

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өтүп жатат. “Азаттыктын” Баткендеги кабарчылары билдиришкендей, жолугушуу алкагында Кыргызстан жана Тажикстандын транспорт жана жолдор министрлеринин өкүлдөрү сүйлөшүп жатат. Алар чырдын чыгышына себеп болгон Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун талкуулашууда. Учурда жаңжалдан кийин тажик жарандары тосуп алган Ош-Баткен-Исфана жолу жана кыргызстандыктар бууган Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жол жабык турат. Читать дальше...

Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик өтүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстанда бүгүн өлкө боюнча ишембилик өтүп жатат. Бул күнү өлкөдөгү жарандар, мекеме, ишканалардын кызматкерлери калктуу конуштардын көчөлөрүн тазалап, көчөттөрдү отургузду. Бишкекте өткөн ишембиликке президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон өлкө жетекчилери да катышты. Кыргызстанда 1-марттан тарта 31-майга чейин жалпы өлкө боюнча үч айлык ишембилик өнөктүгү жарыялаган. Анын алкагында көчөлөрдү жана короолорду тазалоо боюнча ишембилик өтүп, мамлекеттик... Читать дальше...

Жаңы Зеландияда мечиттеги чабуулдан кийин төрт адам кармалды

Azattyk.org 

Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы эки мечитке чабуул жасагандарга айып тагылды. Бул тууралуу өлкөнүн полициясынын башчысы Майк Буш кабарлады. 49 адамдын өмүрүн алган теракт боюнча жалпысынан төрт адам кармалды. Алардын бири 28 жаштагы австралиялык Брентон Таррант аттуу адам экени кабарланды. Ал Интернетке мигранттарга каршы манифест жарыялап, андан соң мечитке кол салганын түз эфирде көрсөткөн. 15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттеринде жума намаз... Читать дальше...

Трамп Конгресс чечимине вето койду

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Конгресстин Мексика менен чек арада өзгөчө кырдаал режимин жокко чыгаруу боюнча чечимине вето койду. Муну менен Трамп президенттик мөөнөтүндө алгачкы жолу вето коюу укугунан пайдаланды. Ал Мексика аркылуу Борбордук жана Түштүк Америкадагы өлкөлөрдөн мыйзамсыз мигранттар кирип, Кошмо Штаттарда кылмыштуулук жана маңзат бизнесинин күчөшүнө алып келгенин айтууда. Ошондуктан, өзгөчө кырдаал режимин киргизүү менен абалды көзөмөлгө алууга мүмкүн деп эсептейт. Дональд Трамп... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *