smi24.net
Azattyk.org
Март
2019

Новости за 18.03.2019

Азимжан Аскаров түрмөгө которулду

Azattyk.org 

Өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров убактылуу кармоочу жайдан Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №19 абакка которулду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова №19 абак атайын өмүр бою кесилгендерге ылайыкташтырылып салынганын, Аскаров буга чейин ден соолугуна байланыштуу №47 абакта да кармалып турганын билдирди.   Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деп соттолуп... Читать дальше...

КСДП оппозицияга өткөнүн жарыялады

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) расмий түрдө оппозицияга өткөнүн жарыялады. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул тууралуу буга чейин да айтылганын, эми алардын мындан аркы иш-аракеттери тууралуу айтып берди: «КСДП - эми расмий түрдө оппозициячыл партия. Ар кандай оппозициялык күчтөрдөй эле биз бийликтин туура эмес жүргүзгөн саясатына сын-пикир айтабыз. Алтернативалуу сунуштарды беребиз. Ошондой эле 2020-жылы оппозициячыл партия катары парламенттик шайлоого барабыз». Экс-президент... Читать дальше...

Гаага соту Радован Каражичтин доо арызы боюнча чечим чыгарат

Azattyk.org 

Босниялык сербдердин мурдагы лидери, БУУнун Эл аралык трибуналы 40 жылга эркинен ажыраткан Радован Каражичтин доо арызын караган Гаага сотунун чечими 20-мартта чыгары кабарланды. Сот прокурорлордун Каражичке геноцидге байланыштуу коюлган айыпты алып салган мурдагы өкүмдү жок кылып, аны өмүр бою эркинен ажыратууну суранган өтүнүчүн да карайт. 2016-жылы мурдагы Югославия боюнча БУУнун Эл аралык трибуналы босниялык сербдердин экс-лидери Радован Каражичти Сребреницадагы геноцид жана 1990-жылдары... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөр аяктады

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен учурда жабык турган бардык жолдор ачылып, Аксай-Тамдык жолу курулмай болду. Тиешелүү чечим Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандан премьер-министринин орун басары Азим Иброгим баш болгон эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды. Бул тууралуу жеринен «Азаттыктын» кабарчысы Жеңиш Айдаров кабарлады. 13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Читать дальше...

Эмерек жасаган элеттик чебер

Azattyk.org 

Айдарбек Орозалиев Чаткал районунун Кызыл-Токой айылында эмерек жасаган жалгыз уста. Ал төрт жылдан бери өз үйүн устаканага айландырып, элеттиктерди жыгачтан жана темирден жасалган эмеректер, буюмдар менен камсыздап келет. Анын колунан чыккан эмеректерди айылдын ар бир экинчи үйүнөн көрүүгө болот. Устанын колдо жасалган эмеректери шаардагы кымбат баалуу буюмдардан кем калбайт.

Токмокто жергиликтүү кеңештин депутаты мушташта каза тапты

Azattyk.org 

Токмок шаарында Чүй районундагы жергиликтүү кеңештин депутаты мушташтан улам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз өкүлү Назира Имангазиева билдирди:  «Окуя Токмок шаарынын көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анын натыйжасында бир адам өлүп, бирөө ооруканага түшкөн. Азыр кылмышка шектүү катары бир киши кармалды. Учурда ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Каза болгон жаран Чүй районундагы жергиликтүү кеңештин депутаты болгон. Ал депутаттыкка өзүн-өзү көрсөткөн». Читать дальше...

19-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 19-мартта өлкөдө түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз +14…+19, Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз +14…+19, Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз +15…+20, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз +15…+20, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз +10…+15, Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +3…+8 градус болот. Читать дальше...

Көкбөрү: «Достук» бүгүн оюнга чыгат

Azattyk.org 

Бишкекте өтүп жаткан «Нооруз-2019» республикалык турниринин алкагында Оштун «Достук» командасы бүгүн алгачкы оюнун өткөрөт. Анын бүгүнкү атаандашы Чүй облусунун «Четинди» командасы болмокчу. Эки атаандаштын оюну Бишкек убактысы боюнча 14:30да башталат. Ошондой эле бүгүн «А» тайпасынын алкагында «Бакубат-Талас» жана «Төш-Булак» командаларынын ортосунда оюн өтмөкчү. Быйыл «Нооруз-2019» турнирине жогорку лигадан алты команда катышууда. Турнирдин былтыркы жеңүүчүсү Талас облусунун «Ынтымак» командасы кечээ алгачкы оюнун өткөрүп... Читать дальше...



Өкмөт башчысынын өктөм дымагы

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн 2019-жылы аткара турган мамлекеттик программалары менен долбоорлорун жарыялап, аларды аткарыш үчүн тиешелүү тармактык жетекчилердин жеке жоопкерчилигин талап кыларын белгиледи.

Бишкекте жылуулук берүү 19-мартта токтотулат

Azattyk.org 

Бишкек шаарында 19-марттан тартып жылуулук берүү өчүрүлө баштайт. Бул тууралуу мэрия кабарлады. Тиешелүү чечим бүгүн, 18-мартта күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча түзүлгөн ыкчам штабдын Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) өткөн жыйынында кабыл алынды. Маалыматка ылайык, аба ырайы беш күн катары менен 8 градустан төмөн болбосо, жылуулук берүү токтотулат. Тийиштүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол коет.  Буга чейин айрым шаардыктар батирлер ысык болуп жатканын социалдык тармактарга жазып... Читать дальше...

Баткен районунун прокурорунун орун басары пара менен кармалды

Azattyk.org 

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, 2019-жылдын 13-январында Өзбекстандын жарандары ижарага алган турак-жайдан өрт чыккан. Ал сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Февралдын башында Баткен шаардык ички иштер башкармалыгы «кылмыштын белгилери жок» деп ишти токтотуп, анын мыйзамдуулугун текшериш үчүн Баткен райондук прокуратурасына жөнөткөн. Ишти караган райондук прокурордун орун басары Өзбекстандын... Читать дальше...

Сербия: президент менен оппозициянын тиреши

Azattyk.org 

Сербияда оппозициянын соңку жүрүштөрүнөн кийин президент Александр Вучич өлкөдө тартипти коргоого убада берди. 16-мартта Вучичтин бийликтен кетишин талап кылган оппозициячыл топ мамлекеттик телеканалды ээлеп алып, өздөрүнүн пикирин элге жеткирүүнү талап кылышкан.

Чек ара кызматы Кызыл чырымдын машинеси боюнча түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Эл аралык кызыл чырым комитетинин өкүлдөрүнүн автоунаасына байланыштуу маалыматтарга жооп берди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 16-мартта болгон. Кызыл чырым комитетинин эн белгиси бар автоунаа Ак-Сай айылына жакын жайгашкан Дача тилкеси аркылуу өтүүгө аракет кылган. Бирок ал аймактагы жолду жергиликтүү тургундар тосуп тургандыктан жана Кызыл чырым комитетинин автоунаасынан тышкары аталган комитетке тиешеси бар-жогу билинбеген машинелер болгондуктан өткөрүлгөн эмес. Читать дальше...

200 миңге жакын салык төлөөчү декларация тапшырды

Azattyk.org 

18-мартка карата 196 946 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Алардын арасында 43 860 юридикалык жак, 88 743 жеке ишкер, 27 382 жеке жак, 7 441 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 30 294 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер бар. 1-апрелге чейин жеке жактар былтыр алынган кирешелер, жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык иши тууралуу жана башка маалыматтар боюнча салык органдарына отчет бериши керек. Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер... Читать дальше...

Крымдын аннексиясына беш жыл

Azattyk.org 

Москванын Крымды каратып алганына туура беш жыл болду. Украина менен Батыш өлкөлөрү бул жарым аралдын аннексиясын "баскынчылык" катары мүнөздөсө, Москва крымдыктар "өз ыктыяры менен" тарыхый мекенине кайтканын билдирип келет.

Чет өлкөгө чыккан жашы жете электерге маалымкат берилбейт

Azattyk.org 

Мамлекеттик каттоо кызматы 2019-жылдын 1-июлунан тартып 16 жашка чыга элек балдарга чет өлкөгө чыгыш үчүн маалымкат (справка) берүүнү токтотот. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Элиза Кыдырмышева кабарлады: «Азыр Казакстанга, Орусияга жана Өзбекстанга чыгыш үчүн жалпы жарандык паспорту жок эле туулгандыгы тууралуу күбөлүккө жарандыгын тастыктаган маалымкат берилип келет. Чет мамлекетке чыгыш үчүн күбөлүккө кошо ошол маалымкатты алуу жетиштүү болчу. Эми ушул жылдын 1-июлунан баштап биз аны токтотуп жатабыз». Читать дальше...

Пакистанда темир жолдогу жардыруудан төрт киши мүрт кетти

Azattyk.org 

17-марттагы жардырууда дагы жети адам жаракат алганын Пакистандын полициясы кабарлады. Темир жолго коюлган бомба жүргүнчү ташыган поезд өтүп бараткан учурда алыстан жардырылган. Окуя Белужистан провинциясынын Мурад Жамали аймагында болгон. Жергиликтүү полиция Ирфан Баширдин маалыматы боюнча Jaffar Express поезди Равалпин шаарынан Кветтага карай бараткан. Азырынча жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек. Белужистандагы сепаратисттер Ооганстан жана Иран менен чектешкен аймактардагы... Читать дальше...

"Фейсбук" мечиттеги теракттын 1,5 млн. видеосун өчүрдү

Azattyk.org 

Жаңы Зеландиядагы Крайсчерч шаарындагы 50 адамдын өмүрүн алган эки мечитке теракт тартылган тасманын оңдолгон варианттары да өчүрүлгөнүн компаниянын өкүлү Мия Гэрлик билдирди. 15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттеринде жума намаз окулуп жатканда 28 жаштагы австралиялык Брентон Таррант мечитке кирип барып, андагы адамдарды аткылаганын "Фейсбуктагы" баракчасында түз эфирде көрсөткөн. Террактан кийинки алгачкы сааттарда тасманын 17 мүнөттүк толук версиясы башка соц тармактарга таркап кеткен. Читать дальше...

Миграция темасындагы сүрөт көргөзмө ачылат

Azattyk.org 

Сүрөт көргөзмөсү 18-мартта Бишкек шаарындагы "Ololo House" борборунда ачылат. Анда белгилүү фотограф Эльер Нематовдун Орусиядагы борбор азиялык мигранттардын жашоосун чагылдырган сүрөттөрү коюлат. Эльер Нематов - 2017-жылы күзүндө өткөн “Мигранттар көрүнбөгөн күч” деп аталган фотоконкурстун жеңүүчүлөрүнүн бири. (ZKo)

Рак менен ооруган балдар бөлүмүнө жардам берилет

Azattyk.org 

“Helpthechildren-SKD” фонду жана Иран ислам републикасынын Бишкектеги элчилиги Улуттук онкология жана гематология борборундагы балдар бөлүмүнө жардам көрсөтөт Алар 19-мартта Нооруз майрамын утурлай бөлүмгө компьютер жана принтер белек кылышат. Ошондой эле 104 миң сомдук кымбат-баалуу витаминдер алынды. Ар бир балага сүрөт тартуучу мольберт, бойок кагаздары менен тартууланат. Кыргызстанда 25 миңден ашуун адам рак оорулары менен каттоодо турат. Алардын 3 миңге чукулу 18ге чыга элек балдар жана өспүрүмдөр. Читать дальше...

Бишкекте жылуулук ушул аптада өчүрүлөт

Azattyk.org 

Бишкек шаар мэриясы көп кабаттуу үйлөргө жана мекемелерге жылуулук берүүнү токтотуу маселесин 18-мартта карайт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аба ырайы беш күн катары менен 8 градустан төмөн болбосо, жылуулук берүү токтотулат. Айрым шаардыктар батирлерде ысык болуп жатканын социалдык тармактарга жазып, мэриядан жылуулук берүүнү токтотууну суранышууда. Быйылкы кышкы мезгилдеги жылуулук өткөн жылдын октябрь айында бериле баштаган. (ZKo)

Ак-Сайдан коопсуз жайга чыгарылгандарга жардам берилүүдө

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан улам коопсуз жайга чыгарылган Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундарына гуманитардык жардам берилип жатат. "Балдар укугун коргоо лигасы" коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, уюм ар бир үй-бүлөгө муктаж буюмдарын, кийим-кече жана азык-түлүк алып беришкен. "Биз баласы бар үй-бүлөлөргө гигиеналык каражаттарды, балдарга бут кийим жана башка кийимдерин алып бердик. Мындан тышкары балдардын, энелердин жана кош бойлуу аялдардын медициналык... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөр уланат

Azattyk.org 

17-марттагы сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу журналисттерге маалымат берилген жок. Ага чейинки сүйлөшүүлөрдө кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган тергөө топтору иликтеши керек деген чечимге келишкен эле. 15-марттан бери жүрүп жаткан сүйлөшүүгө Кыргызстан тараптан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, ал эми Тажикстандан премьер-министрдин орун басары Азим Иброгим баш болгон эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү катышууда. Анда чырдын чыгышына себеп болгон Аксай-Тамдык жолунун... Читать дальше...

Пакистанда 18-март аза күтүү күнү деп жарыяланды

Azattyk.org 

Пакистан Жаңы Зеландиядагы теракттан кийин 18-мартты аза күтүү күнү деп жарыялады.  15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттерине куралдуу кол салуудан Пакистандын тогуз жараны набыт болгон. «Жалпы эл кайгырып жатат», - деп билдирди тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши 17-мартта. Пакистан бийлиги мечитте өлгөн 50 жаштагы Миан Наим Рашидди өзгөчө белгилөөдө. Ал ошол күнү 22 жаштагы уулу менен автоматчандарды токтотууга аракет кылып жатып өлгөн. Пакистандын... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *