Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Март
2019

Новости за 28.03.2019

Якутияда айрым тармактарга мигранттарды ишке алууга тыюу салынды

Azattyk.org 

Якутиянын (Саха Республикасы) башчысы Айсен Николаев быйылтан тартып мигранттарга иштөөгө тыюу салынган тармактардын тизмесин кеңейткен буйрукка кол койду. Бул тууралуу маалымат 28-мартта аймак башчысынын расмий сайтында жарыяланды.  Тактап айтканда, патенттин негизинде эмгектенген чет өлкөлүк жарандарга азык-түлүк, суусундук, кийим-кече өндүрүшүндө, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында иштөөгө болбойт. Ошондой эле алар шаарларда жана шаар айланасында транспорттук автоунаа, такси жана жүк ташуучу автоунаа айдай алышпайт. Читать дальше...

Кыргыз-орус кызматташтыгы талкууланды

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында кыргыз жана орус өкмөт өкүлдөрүнүн кеңири курамдагы жолугушуусу болду.

Кыргыз студент Түркияда фильм тартат

Azattyk.org 

Түркияда билим алып жаткан кыргызстандык студент Нурсултан Кеңешов өзү жазган сценарийдин негизинде «Ойгон» аттуу көркөм фильм тартууга даярдык көрүүдө.

Кыргызстандагы орусиялык аскер базасынын аянты кеңейтилет

Azattyk.org 

Орусия мамлекетинин президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын алкагында Орусиянын бирдиктүү аскер базасы боюнча келишим жаңыртылды. Орусиянын укуктук порталында жарыяланган протоколго ылайык, базанын аянтын кеңейтүү жана учкучсуз аппараттарды колдонуу эрежелерине өзгөртүү киргизилген. Ошондой эле орус тарап бирдиктүү базадагы жерди колдонуу үчүн Кыргызстанга жылына 4 миллион 794 миң долларды төлөмөй болду. Мурда бул сумма 4,5 миллион доллардын тегерегин түзчү. Орусиялык... Читать дальше...

Хабаровск аймагынын экс-губернатору кармалды

Azattyk.org 

Орусиянын медиа каражаттары кабарлагандай, 28-марттын таңында Москвада Хабаровск крайынын мурдагы губернатору, «Единая Россия» партиясынын мүчөсү Виктор Ишаев кармалып, үй камагына алынды. Маалыматка караганда 70 жаштагы Ишаевге жана анын мурдагы орун басарларынын бирине токой чарбасындагы коррупцияга байланыштуу айыптар коюлууда.  Хабаровск крайынын губернаторунун басма сөз катчысы Надежда Томченконун айтымында, ушул эле күнү администрациянын имаратында Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) жана... Читать дальше...

Жээнбеков: эки өлкөнүн мамилеси жаңы деңгээлге чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путиндин сапарынын алкагында макулдашууларга кол койгондон кийин эки өлкөнүн алакасын комментарийледи. «Урматтуу Владимир Владимирович, Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгениңизге дагы бир жолу ыраазычылык билдирем. Сиздин сапарыңыздын алкагында биз мазмундуу жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк, алар кызматташуунун бардык тармактарын камтыды. Сиздин колдооңуз менен биздин кызматташуубуз жаңы деңгээлге чыкты жана динамикага ээ болду. Читать дальше...

Дүйшөнбиев: Кыргыз-орус аскер кызматташтыгы кеңейет

Azattyk.org 

Москва менен Бишкек жетишкен жаңы макулдашууга ылайык Кант авиабазасындагы жер аянтына болгон ижара акысы көбөйтүлөрү маалым болду. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Райымберди Дүйшөмбиевдин журналисттердин суроосуна берген жообу.

Путин: Жерүй кенине жыйырма жыл ичинде 600 млн. доллар инвестиция кылабыз

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкектеги сапарында Кыргызстан менен жаратылыш ресурстарын иштетүү боюнча кызматташуу башталарын маалымдады. Алардын бири катары Жерүй кенине алдыңкы жыйырма жыл ичинде 600 млн. доллар инвестиция салынарын белгиледи. Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кызматташтык боюнча 16 документке кол койгон.  Таласта жайгашкан Жерүй кенинде 80 тоннадан ашык алтын бар экени аныкталган. Кыргызстан эгемендик... Читать дальше...



Помпео Орусияга жаңы чара көрүлүшү мүмкүн экенин билдирди

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтон Батыштагы өнөктөштөрү менен бирге Орусиянын Украинадагы агрессиясына байланыштуу жакынкы күндөрдө Москвага каршы кошумча чара көрүлүшүнө үмүттөнөрүн билдирди. «Кийинки жумада НАТОдогу кызматташтарыбыз шаарда болгондо Орусиянын Крымдагы, Азов деңизиндеги жана аймактагы аракеттерине каршы туруш үчүн чогуу жаңы чара көрүп, жарыялайбыз деген үмүттөмүн», - деп Помпео 27-мартта Өкүлдөр Палатасынын жыйынында айтты. НАТОнун курамындагы мамлекеттердин... Читать дальше...

Жээнбеков менен Путин 16 документке кол койду

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кызматташтык боюнча 16 документке кол койду. Анын негизгилерин бири Орусиянын Кыргызстандагы «Кант» авибазасынын макамын өзгөртүү жөнүндө экени айтылды. Мунун алдында аталган базаны орусиялык басылмалар Орусиянын укуктук порталында жарыяланган протоколго таянып Москва менен Бишкек жетишкен жаңы макулдашууга ылайык жер аянтына болгон ижара акысы көбөйтүлөрүн жазды. 2019-жылдын 23-мартында кабыл алынган токтомго ылайык... Читать дальше...

Активисттин адвокаты: Карымшаковдор мыйзамсыз кармалууда

Azattyk.org 

27-март күнү Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында президент Путинге каршы маанайдагы плакаттарды көтөрүп чыгып, жубайы менен кошо кармалган Нурлан Карымшаковдун жактоочусу Замир Жоошев активисттерге коюлган айыптарды туура эмес деп эсептей турганын билдирди: «Конституциялык укугунан пайдаланып пикирин билдирип чыгышкан. Аларга «улут аралык кастыкты козуткан» деп иш козгоп жатышат. Бул жерде Путин улутпу же динби? Бул жерде адам жөнүндө кеп болуп атат. Экспертизанын корутундусун буюртма деп эсептейм». Читать дальше...

Кыргыз-орус президенттери кызматташуунун жолдорун кеңири курамда кароого өттү

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги менен кыргыз жана орус өкмөт өкүлдөрүнүн кеңири курамдагы жолугушуусу болду.  Анда Жээнбеков алдыда тар чөйрөдө жолугууда айткандай эле, Орусиянын Кыргызстанга берип жаткан экономикалык, инвестициялык жана башка багыттагы жардамына ыраазычылык айтты. Сөз алган Владимир Путин да Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-алакага көңүл бурулуп жатканын айтып, эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү көбөйүп жатканына токтолду. Читать дальше...

Жээнбеков менен Путин тар чөйрөдө кезикти

Azattyk.org 

28-мартта Бишкекке мамлекеттик иш сапары менен келген Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тар чөйрөдө жолугушуу өткөрдү. Президенттик аппарат кабарлагандай, Жээнбеков орусиялык кызматташы менен жылуу учурашып, иш сапары менен келгенине ыраазычылык билдирди. «Кыргызстанда сизди чыныгы дос жана ишенимдүү өнөктөш катары жакшы билишет жана баалашат. Биз сизге жана орусиялык досторубуз үчүн дайыма кубанычта болобуз. Орусия – биздин жакын, ишенимдүү жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөшүбүз. Читать дальше...

Путинди тосуп алуу иш-чарасы өттү

Azattyk.org 

Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келген Владимир Путинди Сооронбай Жээнбековдун расмий кабыл алуу иш-чарасы өттү. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы аземде эки өлкөнүн гимни ойнолуп, президенттер эки өлкөнүн расмий адамдары менен учурашты.

Уролог дарыгер Интернеттен дары сатып албоого чакырды

Azattyk.org 

Республикалык урологиялык борбордун директору, профессор Акылбек Усупбаев коомчулукка кайрылып, анын атын пайдаланган адамдар Интернет айдыңында «крем здоров мом» аттуу дарыларды сатып жатышканын билдирди. Усупбаевдин айтымында, ал дарылар 5 миң сомдон сатылып жатат.   Уролог эч кандай дары сатып же жарнамага тартылбаганын белгилеп, ал дары-дармекти сатып албоого чакырууда. Ошондой эле Акылбек Усупбаев Интернетте жарнамаланып жаткан күмөндүү дарыларды пайдалануу ден соолукка коркунучтуу экенин эскертти. Читать дальше...

Орусияда жардыруу боюнча кармалган Азимовдордун атасы Путинге кайрылды

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарынын тургуну Ахрал Азимов Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, эки уулу Акрам жана Аброр Азимовдордун ишин калыс карап берүүгө жардам берүүнү өтүндү. Бул тууралуу Азимов өзү Ошто өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди. Ал 2017-жылы Санкт-Петербург шаарындагы метродо болгон окуяга балдарынын тиешеси жок экенин айтып, аларды бошотууну суранды. Ахрал Азимов өз катында кылмышка шектүү катары кармалган уулдары кыйноо аркылуу тийиштүү кагаздарга кол коюп беришкенин, кармалган... Читать дальше...

Хоккейди кыздар да кыйын ойнойт

Azattyk.org 

Бишкекте мектеп курагындагы балдар арасында хоккей боюнча мелдеш өтүп жатат. Ага быйыл биринчи жолу Ысык-Көлдөн кыздар командасы катышуу үчүн келген. Бирок, өлкө боюнча кыздардан түзүлгөн хоккей командасы жоктугунан алар мелдештен тышкары бишкектик команда менен достук беттешин өткөрүштү. "Азаттык" кыздардын оюнуна күбө болуп, оюнчулар менен жакындан таанышып келди.

Путин менен Жээнбековдун расмий жолугушуусу башталды (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келген Владимир Путинди Сооронбай Жээнбековдун расмий кабыл алуу иш-чарасы өттү. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы аземде эки өлкөнүн гимни ойнолуп, президенттер эки өлкөнүн расмий адамдары менен учурашты. Андан кийин мамлекет башчылар чакан форматта сүйлөшүү үчүн «Конгресс холл» имаратына кирип кетишти. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр андан кийин кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланат. Владимир Путин 28-март күнү, саат 7:30да «Манас» аба майданына конду. Читать дальше...

Кыргызстан менен Орусия 6 млрд. долларлык макулдашууларды түзөт

Azattyk.org 

Орус президенти Владимир Путиндин Бишкектеги сапарынын алкагында Кыргызстан менен Орусиянын компанияларынын ортосундагы кол коюла турган инвестициялык жана экспорттук макулдашуулардын суммасы 6 млрд. доллардан ашат. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов Орусиянын экономика министри Максим Орешкин менен ишкердик тамактануудан кийин журналисттерге кабарлады. Анын айтымында, бул бизнес чөйрөдөгү гана макулдашуулардын суммасы. Өкмөт аралык макулдашууларда суммалар белгиленбейт. Маалым болгондой... Читать дальше...

Ак-Суу районунун жаңы акими дайындалды

Azattyk.org 

Ак-Суу районунун администрация башчысы - акими болуп Акылбек Тюкебаев дайындалды. 28-март күнү жаңы акимди райондун активине өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоров премьер-министрдин буйругун окуу менен тааныштырды. 55 жаштагы Акылбек Тюкебаев - Ак-Суу районунун тургуну. Буга чейин ушул райондогу Каракол айыл өкмөтүнүн, «Өрнөк-ТАА-Чолпон» кооперативин, Ак-Суу - Жети-Өгүз - Тоң район аралык үрөн инспекциясын жетектеген. Эки-үч жылдан бери Ысык-Көл облустук айыл чарба... Читать дальше...

“Электр станциялары” ишканасынын директорунун жакындары дарыгерлерди айыптоодо

Azattyk.org 

“Электр станциялары” ишканасынын директору, маркум Аскар Эшимбековдун аялы Фатима Эшимбекова күйөөсүнүн өлүмүнө Мамакеев атындагы улуттук хирургиялык борбордун айрым дарыгерлерин айыптап жатат. Ал дарыгерлерди жоопкерчиликке тартууну суранып, президент баш болгон бардык бийлик бутактарына ачык кат жазды.  Фатима Эшимбекованын айтымында, күйөөсүнө 15-мартта “курч аппендицит” диагнозу коюлуп, операция жасалган. Операциядан бир нече күн өткөндөн кийин анын ден соолугу начарлап, 20-март күнү инфаркттан каза тапкан. Читать дальше...

Ошто жатакананын жашоочулары президентке кайрылды

Azattyk.org 

Ош шаарынын “Манас-Ата” (ХБК) кичирайонунда жайгашкан “Ак мөөр” деп аталган үй-бүлөлүк жатакананын 80ден ашык жашоочусу имараттын алдына чыгып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашты. Тургундар аларга таандык имаратты мурда менчикке сатып алган Ибайдилла Бидинов аттуу жаран тартып алганына, жашоочуларды үйдөн күч менен чыгаруу аракети жүрүп жатканына даттанууда. Чогулгандар “Сооронбай Жээнбеков, бизге көңүл бөл!, “Коррупцияга жол жок” деген транспоранттарды кармап турушат. Алар үйдөн айрылса... Читать дальше...

Казакстанда аскердик тик учак кулап, 13 адам каза болду

Azattyk.org 

Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда кулаган аскердик тик учактагы 13 адамдын баары каза болду. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы өлкөнүн Коргоо министрлигине таянуу менен кабарлады. Кырсык 27-мартта, министрликке караштуу аба техникасы Актаудан Шымкентке учуп бараткан жерде болгон. Экипаждын каза тапканын кечээ түнү өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев «Twitter» баракчасында кабарлаган. Коргоо министрлиги тик учак түнкүсүн жана оор аба ырайындагы мүмкүнчүлүктөрдү текшериш үчүн машыгуудан өтүп жатканын билдирди. Читать дальше...

Суталиновдун аялы Путинге кайрылды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы жетекчиси, абакта отурган Мурат Суталиновдун аялы Гүлнара Суталинова ушул тапта Кыргызстанда жүргөн Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылды. Суталинова күйөөсүнүн сот иштериндеги маселесине бийликтин көңүлүн буруш үчүн бөтөн мамлекеттин башчысына кайрылып жатканын билдирди. Ал Путинди орган адамы катары Мурат Суталиновдун абалын түшүнөт деп ишеним артып турганын белгилеген. «Адамгерчилик менен боорукерлик сакталышы керек. Сиз... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *