Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Июль
2019

Новости за 02.07.2019

Суусамырда сууга агып кеткен эки кишинин сөөгү табылды

Azattyk.org 

Жайыл районунда Көкөмерен суусуна машинеси менен кошо агып кеткени айтылган эки кишинин сөөгү табылды. Алар 59 жаштагы М.А. аттуу жаран жана айдоочу экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маркумдар 2-июлда кечки саат 20.00дөр чамасында табылган. Алардын сөөктөрү милицияга өткөрүлдү. Машинедеги калган жарандар табыла элек. Түн кирип кеткенине байланыштуу саат 20.30да издөө иштери эртең мененкиге чейин токтотулганы кабарланды. Маалыматтарга караганда, дарыяга түшүп... Читать дальше...

Аскердик кампалар - Борбор Азиянын жарасы

Azattyk.org 

Аскердик кампада чыккан өрттөн жабыр тарткан арыстыктар үйлөрүнө кайтууда, бирок алардын келечеги арсар. Борбор Азияда аскердик кампалар эмне үчүн көп? Гатчинадагы пиротехника чыгарчу завод жарылгандан бери тургундар эсине келе элек. "Каректе Евразия" бул жолу аскердик заводдордун абалына сереп салат.

Ооган эли көксөгөн тынчтык

Azattyk.org 

Катарда ушул жуманын этегинде Ооганстандагы тынчтыкты орнотууга багытталган жолугушуу башталат.

Петрушевскийге болушкандар көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстандын акыйкатчысы баштаган укук коргоочулар Бишкек мэриясына караштуу Балдарды жана жаштарды реабилитация борборунун мурдагы директору Алексей Петрушевскийди үй камагына чыгаруу боюнча демилге көтөрүп жатышат. Муну алар айыпталуучунун саламаттыгынын начардыгы менен негиздешүүдө.

Орус Аскер-деңиз флотунун 14 жоокери суу алдындагы кемедеги өрттө каза тапты

Azattyk.org 

Орусиянын Коргоо министрлиги Аскер-деңиз флотунун 14 жооокери суунун тереңинде илимий изилдөө менен алектенген аппаратта чыккан өрттөн ажал тапканын кабарлады.  Анын маалыматына ылайык, кырсык 1-июлда изилдөөнүн алкагында биометрикалык ченөө иштерин жүргүзүп жаткан маалда болгон. Суу алдындагы кемеде 14 жоокер изге ууланып өлгөн.  «Кырсыктын себептери иликтенип жатат. Иликтөөнү Аскер-деңиз флотунун кол башчысы жүргүзүүдө», - деп айтылат билдирүүдө.  Министрликтин маалыматына ылайык, суунун... Читать дальше...

Иркутскиде каза тапкандар көбөйдү

Azattyk.org 

Орусиянын Иркутск облусундагы табигый кырсыктан өлгөндөрдүн саны 16га жетти, тогуз адам дайынсыз. Ташкенттин жанындагы жатак абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 22 жаштагы Шерзод Усманов түрмө кызматкерлеринин кордугунан кийин курсагын тилип, кан тамырын кесип салганын айтты.



Чокморовдун дүбүртү басылбайт

Azattyk.org 

Таланттуу актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовго арналган кинокербен өлкөнү кыдыра баштады. Таластан башталган иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында өтөт.

Жээнбеков: айрымдар жаңы форматта иштөөгө өтпөй жатышат

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү сот-укук реформасынын маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Мамлекет башчы укук колдонуучулардын жаңы форматта иштөөгө өтпөй, ката кетирип коюудан коркуп, өзгөртүүлөрдү колдонбой жатканын сындады. «Жооптуу адамдар ушул убакка чейин реформанын концепциясын түшүнбөй, кол астындагыларына убагында зарыл түшүндүрмөлөрдү бере алышпады. Айрым укук коргоо органдарынын жетекчилери өздөрү анын негизги багыттарын түшүнбөгөнү өкүнүчтүү», деп белгилеген Жээнбеков. Читать дальше...

Бишкек мэри митингдерден баш тартууга чакырды

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов тургундарды митингдерге катышуудан баш тартууга чакырды. Эл арасында ушундай түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү райондук администрация жетекчилерине, квартал башчыларга жана үй комитетинин башчыларына тапшырганы тартылган видеону 24.kg агенттиги жарыялады.  Калаа башчы бул пикирин 1-июлдагы жыйында айткан:  - Бүгүнкү саясий кырдаалды көрүп жатасыңар. Ошондуктан, эмгек жамааттары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, саясатка аралашпай, саясат менен алектенбей, чарбалык иштерге көңүл бурушу зарыл. Читать дальше...

Кыргызстанда жарым жылда 57 адам сууга чөгүп кетти

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2019-жылдын башынан бери 57 адам сууга чөгүп каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдиргендей, анын он сегизи 12 жашка чейинки балдар, он экиси өспүрүмдөр.  - Ошол 57 кишинин 30у жайкы мезгилде ар кандай себептер менен чөгүп кетишкен, - деди ал.  Министрлик шар аккан сууга, терең саздарга жана көлдөргө түшпөөгө кеңеш берип, дем алыш үчүн табият койнуна чыкканда сүзүш үчүн сууда сүзө турган кемселдерди кийип алуу зарыл экенин эскертет.  ... Читать дальше...

Токмок: тойдон кийинки тополоң

Azattyk.org 

Чүй облусунун Токмок шаарында тамакка ууланып, медицина кызматкерлерине кайрылгандардын саны көбөйдү. Жүзгө чукул адам Кочкор, Токмок, Бишкектеги ооруканаларга кайрылып, кыркка чукулу ооруканага жаткырылды.

«Фейсбук» жалган маалымат таратууга каршы чараларды жарыялады

Azattyk.org 

«Фейсбук» социалдык тармагы жарыялаган жаңы чараларга ылайык, маселен, добуш бербөө тууралуу чакырыктарды жайылтууга болбойт. Мындай чаралардын башкы максаты - АКШда 2020-жылдагы президенттик шайлоо маалында жана эл каттоо өнөктүгү учурунда ар кандай будамайлап-бурмалоого жол бербөө болуп саналат. Былтыр «Фейсбук» шайлоого, добуш берүүгө байланыштуу жалган маалымат камтылган жарнамалык материалдарды, билдирүүлөрдү жарыялоого тыюу салган.  Бул социалдык тармак АКШда 2016-жылы президенттик шайлоо убагында жалган... Читать дальше...

Сууга аккан үй-бүлөнү табууга жүздөн ашуун адам тартылды

Azattyk.org 

Суусамырдагы Көкөмерен суусуна машинеси менен кошо агып кеткени айтылган үй-бүлөнү издөөгө 93 куткаруучу жана 20 жөнөкөй тургун тартылды.  Болжолдуу кабарларга ылайык, «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү машинеде өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен келаткан. Алар кырсыкка кабылып, сууга кулаган бойдон дайынсыз.  Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя болгонун айтты. Милиция жолтандабаста Абдылдаев жана анын үй-бүлөсү болушу ыктымал экенин четке каккан жок. Читать дальше...

Ирандын кадамы, АКШнын эскертүүсү

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Иранды «от менен ойноп жатат» деп эскертти. Бул тууралуу ал Иран уран байытуунун көлөмүн көбөйткөнүн жарыялагандан кийин айтты.

Чехия орус учактарына 7-июлга чейин учууга уруксат берди

Azattyk.org 

Чехиянын Транспорт министрлиги 2-июлда орусиялык авиакомпанияларга Прага менен Карловы Варыга учууга 7-июлга чейин уруксат берди. Мунун алдында эле чех өкмөтү «Аэрофлот», «Урал аба жолдору» жана «Победа» авиакомпанияларына бул шаарларга учууга убактылуу тыюу салганы белгилүү болгон. Буга эки өлкөнүн транспорт мекемелеринин ортосунда өз ара келишимдин жоктугу себеп болгону айтылган. Чехиянын Транспорт министрилигинин өкүлү Франтишек Емелка «Азаттыктын» орус кызматына билдиргенине караганда, бул... Читать дальше...

Бекназаров: Атамбаевдин маселесин сот гана чечиши керек

Azattyk.org 

Саясатчы Азимбек Бекназаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышы жана аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү боюнча видео кайрылуу таратты. Ал Атамбаевдин маселесин сот гана чечиши керек экенин айткан. «Аны калыс, мыйзамдуу жана ар тараптуу өткөрүүгө аракет кылыш керек» деп эсептейт Бекназаров. «Аларды жараштырыш, кылмышты жаап коюш коомчулукта туура эмес кабыл алынат. Экинчиден, дүйнө жүзү карап турат. Ошондуктан Атамбаев менен Жээнбековду акыл-эстүүлүккө чакырат элем. Читать дальше...

Иркутскидеги ташкындан 16 адам ажал тапты

Azattyk.org 

Орусиянын Иркутск облусундагы ташкындан кийин дагы тогуз адамдын дайыны чыкпай жатканын "Интерфакс" маалымат агенттиги кабарлады. ТАСС болсо 14 адам өлүп, дагы 13ү кайда экени белгисиз болуп жатканын жазды. Суу каптаган райондун тургундары ажал тапкандар расмий маалыматтарда айтылгандан да алда канча көп болушу мүмкүн экенин айтып жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмү билдиргендей, кырсыктан кийин медициналык жардам сурап миңден ашуун адам кайрылып, алардын 200дөйү адам ооруканага жаткырылды. Читать дальше...

Мугалимдер билимин өркүндөтүүгө муктаж

Azattyk.org 

Борбордук Азия университетинде кыргызстандык мугалимдер билимин жогорулатып жатат. Алар үйрөнгөндөрүн эми окуучулар менен бөлүшүп, үй шартында кантип лабораториялык иштерди жүргүзсө болорун айтып бермей болду. Буга чейин ушундай эле мугалимдердин окуусуна Казакстан менен Тажикстандан 60 агартуучу келип окуп кетишкен.

Ысык-Көлдө мигранттардын укуктарын үйрөткөн лагерь уюштурулду

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Тосор айылында мигранттардын укуктарын, алардын сакталышын үйрөткөн лагерь уюштурулду. 24-28-июнга чейин эс алуучу жайлардын биринде өткөн тренингде мигрант-ыктыярчылардын тажрыйбасы, мигранттардын мекенин өнүктүрүүгө кошкон салымы, мамлекет жана шайлоо, мигранттардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы окутуу болду.  Адистер көндүмдөрдү акыл чабуулу, баарлашуу, видео, оюндар аркылуу жеткиргенин уюштуруучулар кабарлашты. Андан тышкары, катышуучулардын талантына жараша сессиялар болуп... Читать дальше...

Рысалиев Воронцовкадагы калыбына келтирүү борборуна которулду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев Ташдөбө кыштагындагы (Воронцовка) Кыргыз улуттук курортология институтуна которулду. Бул тууралуу президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Александра Олексюк билдирди. Анын айтымында, Рысалиев сөз болуп жаткан борборго бүгүн, 2-июлда которулган. - Биз аны ооруканадан чыгарбай, дарылоосун улантуу үчүн которгонубузга караганда, демек ага негиз бар. Июндун... Читать дальше...

Балага сүйүнчү эки күндө бериле баштады

Azattyk.org 

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жаңы төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү пул эки күн ичинде, ашыкча документтерсиз бериле баштаганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Айкөл Турганбаеванын айтымында, эми төрөгөн аялдын паспорту менен баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү гана жетиштүү. Мурдагыдай, жашаган жеринен маалымдама жана банк эсебин ачуу талап кылынбайт. - Паспорт жана баланын күбөлүгү Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрүнө берилер замат онлайн тизмеге алынат да, транзиттик эсеп ачылат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *