Элчи Дэррок: Трамп Обамага өчөшүп келишимден чыккан
Британиялык бир нече басылма Вашингтондогу мурдагы элчи Ким Дэррок Лондонго жөнөтүп турган телеграммалардын дагы бир бөлүгүн жарыялады. Гезиттердеги маалыматка караганда элчи АКШ президенти Доналд Трамптын Иран менен өзөктүк келишимден чыгышын жеке себептери менен байланыштырат. Эмне дегенде документке президент Барак Обама кол койгон. Мындай мамилени Дэррок «дипломатиялык вандализм» деп атаганын "Daily Mail" жазат. Ал эми "The Sunday Times" жашыруун телеграммалардын ачыкка чыгып кетишине чет өлкөлүк хакерлердин тиешеси жоктугун баяндайт. Читать дальше...