Европа өлкөлөрү Иранды өзөктүк келишимди сактоого үндөштү
Ирандын 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк программасына кол койгон Европа мамлекеттери Тегеранды уран байытуунун деңгээлин көтөрүү тууралуу чечимин кайра карап көрүүгө жана келишимге кол койгон бардык мамлекеттерди тез арада чогулууга чакырды. 9-июлдагы биргелешкен билдирүүсүндө Германия, Британия, Франция жана Европа Биримдиги Ирандын келишимдеги айрым милдеттенмелерин аткаруудан баш тартканына терең кабатырлануусун билдирген. Алар билдирүүдө Иран келишимден чыкпоону каалай турганын да белгилеп, тараптарды... Читать дальше...