Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Июль
2019

Новости за 12.07.2019

Кесибин туура тандаган келечекте өкүнбөйт

Azattyk.org 

"Азаттык плюс" бул берүүсүн кесип тандоо алдында турган абитуриенттерге жана алардын ата-энелерине арнады. Келечекте кайсы кесиптерге суроо-талап өсүп, кайсы кесиптер жок болорун адистер менен биргеликте аныктаганга аракет кылышты. Эгер сиз мектепти жаңы бүтүп, кесип тандай албай турсаңыз биздин берүүнү көрүңүз. Балким биздин видео сизге туура жолду тандоого жардам берет.

22 өлкө Кытайдын мусулмандарына карата саясатын сындашты

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмундагы 22 өлкөнүн туруктуу өкүлдөрү Кытайдын Шиңжандагы мусулмандарга карата саясатын сынга алышты. Негизинен Европа өлкөлөрүнүн, Австралия, Канада, Жапония жана Жаңы Зеландиянын элчилери тийиштүү катты БУУнун адам укуктары боюнча кеңешине жолдошту. 22 өлкөнүн өкүлдөрү «Шиңжандагы уйгур жана башка азчылыктарды бутага алган кармоолор, жапырт артынан түшүү жана башка чектөөлөр тууралуу ынанымдуу билдирүүлөргө» тынчсыздануу билдиришет. Катта Кытайды бул саясаттан баш тартууга... Читать дальше...

Аялдар илимге кызыкпаган коом өнүкпөйт

Azattyk.org 

Камил Уордроп Аллейн – космосту изилдөөдө мыкты жетишкендиктердин ээси, ракета техникасынын инженери, космос изилдөөчүсү, атагы чыккан спикер, жазуучу, илимпоз-агартуучу жана элчи. Ал аялдар азчылыкты түзгөн жогорку илимий-технологиялык чөйрөдөгү аэрокосмостук инженериянын жалпыга таанылган аял адистеринин жана NASAнын техникалык контролдук бөлүгүнүн катарындагы айымдарынын бири. Ал 9-10-июлда Бишкекке келип, жаш ойлоп табуучулар менен жолугушуп, атайын сабактарды өттү. Окумуштуу Кыргызстандын алгачкы... Читать дальше...

Коңшулар чек ара көйгөйүн чечүүгө белсенди

Azattyk.org 

12-июлда Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин баштаган делегация Бишкекке расмий сапар менен келип, кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин сегизинчи жыйынына катышты.

"Ата Мекен" партиясы президентке кайрылды

Azattyk.org 

«Ата Мекен» саясий партиясы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду. Анда партия 25 жылдан бери адегенде Акаевдин анан Бакиевдин үй-бүлөлүк, кландык башкаруусуна, кийин “Атамбаевдин уюшкан-кылмыштуу диктатурасына каршы күрөштү” деп белгиленет. Күрөштүн башында турган партия төрагасы Өмүрбек Текебаев жана партия мүчөсү Дүйшөн Чотонов Атамбаевдик бийлик тушунда жасалма далилдер, сотторго басым көрсөтүү, өз өлкөсүндө кылмыш жасаган адамды пайдалануу менен камалганы айтылат. “Атамекенчилер”... Читать дальше...

Коалициянын жаңы президенти тандалды

Azattyk.org 

Бакыт Рысбеков “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын” жаңы президенти болуп тандалды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Рысбеков өзү ырыстады. Жаңы жетекчилик аталган уюмдун 22-июнда Бишкекте өткөн жалпы, аймактык жыйынында тандалганы бүгүн,12-июлда маалым болду. Ага коалициянын аймактардагы 91 мүчөсүнүн 83ү катышкан. Президенттикке Рысбековдон сырткары Галина Давлетбаева, Мира Абдраимованын талапкерлиги көрсөтүлүп, жаңы жетекчи 77 добуш менен утуп чыккан. Бакыт Рысбеков буга чейин акыйкатчынын Нарындагы өкүлү... Читать дальше...



Боснияда cегиз миң мусулман кырылганын эскеришти

Azattyk.org 

Зеленский менен Путин Украинанын чыгышындагы кырдаалды телефондон талкуулашты. Буга чейин Путин Зеленский менен бетме-бет сүйлөшүүдөн мурун шарт койгон. Казакстанда көп балалуу, уул-кызы майып жана жалгыз бой энелер бийликтен турак-жай маселесин чечип берүүнү талап-кылып жатышат.

Кыргызстан - Казакстан: бир катар документтерге кол коюлду

Azattyk.org 

Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Сапар алкагында Аскар Мамин менен Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында чакан жана кеңири форматта жолугушуу өткөрүп, өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышты. Жыйынтыгында эки өлкөнүн компанияларынын ортосунда айыл чарба өнүмдөрүн соодалашуу жаатында кызматташуу... Читать дальше...

Чүйдө 300 гектар эгин талаасы күйүп кетти

Azattyk.org 

Чүй облусуна караштуу Петровка айылында 322 гектардан ашуун эгин талаасы күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 12-июлда кабарлады. Маалыматка караганда, министрликтин Москва райондук бөлүмүнө 8-июль күнү түшкү саат экиден өтүп айылдын ачык аянтында арпа күйүп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүргүүгө 14 кызматкер, төрт трактор тартылган. Натыйжада 322,10 гектар жер күйгөн, анын ичинен 152,71 гектары чабылган арпа болсо 169,39 гектары чабыла элек арпа болгон. Читать дальше...

Ооганстанда террорчуларга каршы күрөшкөн командир өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Ооган расмийлери 12-июлда Пачерагам районундагы үйлөнүү той учурундагы жанкечтинин жардыруусунан өлгөндөрдүн саны тогуз кишиге жеткенин билдирди. Алардын арасында террордук топко каршы күрөшкөн полициянын командири Малек Тор да бар. Нангархар провинциясынын губернаторунун пресс-катчысы Аттаулла Хогьяни 12 жаштагы өспүрүм Тордун үйүнө кирип барып, өзүн өзү жардырганын билдирүүдө. Бул учурда ал жерде үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан. Губернатордун өкүлү 12 киши жараат алып, ооруканага жеткирилди деп баштапкы маалыматты кайра тактады. Читать дальше...

Азия чемпионаты: Нураида күмүш байге алды

Azattyk.org 

Кыргызстандык күрөшчү кыз Нураида Анаркулова ушул күндөрү Таиланддын Чонбури шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медал тагынды. "Биргелешкен күрөш дүйнөсү" уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Нураида Анаркулова бүгүн, 12-июлда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 57 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Финалдык беттеште жапониялык Андориаханако Савага жеңилип (0:10), 2-орунду ээледи. Анаркулова финалдык таймашка чейин чейрек финалда индиялык Бхарти Багелди 7:5... Читать дальше...

Ватикан: Жоголгон кызды издөө учурунда сырдуу жагдайлар ачылды

Azattyk.org 

Ватиканда бейшембиде ачылган эки кабыр бош болуп чыкты. Тевтон көрүстөнүндөгү кабырлар 36 жыл мурда дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Эмануэла Орландинин ишин иликтөөнүн алкагында текшерилген. Текшерүү учурунда окуянын жандырмагы табылмак турсун, тескерисинче башка да сырдуу жагдайлар пайда болду. Ватиканда иштеген клерктин кызы Эммануэла Орланди 1983-жылы музыка сабагынан үйүнө кайтып келатканда дайынсыз жоголгон. Бул окуя көп жылдардан бери түрдүү жоромолдорго жем таштап келет. Буга чейин ушул ишке... Читать дальше...

Лейлекте баңгизат өстүргөн үч жаран кармалды

Azattyk.org 

Баткен облусуна караштуу Исфана шаарында жашаган үч жарандын короосунан баңгизаттын “көк нары” түрү өсүп турганы аныкталды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.  Өсүмдүктү таразага тартканда жалпы салмагы 50 килограммга жакын болгон. Азыркы күндө бул фактыларды Лейлек милициясы Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки териштирүү ишин баштады. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. (JsA)

“Азаттык” кайрымдуулук фондго акча которгондор тууралуу Финполдон маалымат сурады

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) 2019-жылдын 9-июлунда “Азаттык” радиосунун “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” деп аталган иликтөөсүнө байланыштуу текшерүүнүн алдын-ала жыйынтыгын чыгарган. Ушундан улам “Азаттык” радиосу Кыргыз Республикасынын “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзамына таянып, коммерциялык эмес кайрымдуулук ишмердигин жүргүзгөн “Ысмайыл Матраимов атындагы фондуна” каржы которгон тараптар тууралуу маалымат берүүнү өтүнөт. Читать дальше...

Аба ырайы: күн ысык болот

Azattyk.org 

13-июлда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36; Таласта түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36; Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18... Читать дальше...

Австралияга бараткан учактын жүргүнчүлөрү жараат алышты

Azattyk.org 

Канада аба жолдорунун Ванкуверден Сиднейге бараткан учагы турбуленттик тилкеге кабылып, 35 жүргүнчү жараат алды. Учак Гавайидеги Гонолулу шаарына чукул конууга аргасыз болду. Жабыркагандарды ал жерде догдурлар текшеришти. Компаниянын өкүлдөрү 30 киши ооруканаларга жеткирилип, бирөөнөн башкасы ошол эле күнү чыгарылганын маалымдашты. Бортто 269 жүргүнчү жана экипаждын 15 мүчөсү бар болчу. Жүргүнчүлөр мейманканаларга жайгаштырылып, жума күнү Сиднейге учуп чыгышары кабарланды.

Донбасстагы кырдаал президенттерди сүйлөштүрдү

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын лидери Владимир Зеленский 11-июлдун кечинде телефон аркылуу сүйлөштү. Кремлдин маалымат кызматы кабарлагандай, эки тарап Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгө салууну талкуулашты.

Өзбекстандагы Улуу Жибек Жолу фестивалына Баткенден өкүлдөр катышууда

Azattyk.org 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров баштаган маданият кызматкерлеринен турган топ Фергана облусунун Маргилан шаарында уюштурулган “Улуу Жибек Жолу” маданий музыкалык-фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышына катышты. Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев аймактагы бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, тараптар Фергана-Баткен кызматташтыгын чыңдоо жана өнүктүрүүнү талкуулашты. Андан соң Улуу Жибек жолунда жашаган элдердин салт-санаасы... Читать дальше...

Элин ойлогон өкмөт аштык камдайт

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасында 2019-2023-жылдарга азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасы бекитилди. Документтин саясий-экономикалык максаты, стратегиялык милдети эмнеде?

Украина Радасы химиялык кастрацияны колдоду

Azattyk.org 

Украина Жогорку Радасы 11-июлда педофилдерди химиялык кастрация кылууга уруксат берген мыйзам кабыл алды. Ага ылайык, кастрация хирургиялык жол менен жасалбайт. Ийне сайып, белгилүү бир убакытка чейин жыныстык каалоону басаңдатууну караштырат. Процедура 18ден жаш, 65тен кары адамдарга колдонулбайт. Мыйзамда жашы жетелек адамды зордуктаганы үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу да каралган. Химиялык жол менен мажбурлап бычуу АКШ, Британия, Канада, Дания, Франция, Германия, Израил жана Казакстанда уруксат берилген. Читать дальше...

Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев күзүндө мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу казак премьер-министри Аскар Мамин 12-июлда Бишкекте өтүп жаткан өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында билдирди. Сооронбай Жээнбеков 28-29-майда Казакстандагы иш сапарынын алкагында президент Касым-Жомарт Токаев менен да эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде Евразиялык Экономикалык Биримдигинин алкагындагы актуалдуу маселелерин талкуулаган. Анда Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырган. Читать дальше...

Казакстан оор жүк ташуу режимин жеңилдетет

Azattyk.org 

Казакстан өз аймагы аркылуу Кыргызстандан бараткан оор жүктөрдү өткөрүү режимин жеңилдетет. Буга байланыштуу макулдашууга кыргыз жана казак премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Аскар Маминдин 12-июлда, Бишкектеги жолугушуусунда жетишилди. Өкмөттүн басма сөз кызматы Адилет Султаналиевдин белгилешинче, өкмөт башчылар чек ара аркылуу жүктү өткөрүү режимин либералдаштыруу боюнча сүйлөштү.  Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана башка бир катар актуалдуу темалар талкууланды. Читать дальше...

Алматыда активисттер Билашты бошотууну талап кылып чыгышты

Azattyk.org 

12-июлда Алматыда жарандык активисттер тобу “Ата Журт ыктыярчылары” аттуу катталбаган бирикменин жетекчиси Серикжан Билашты бошотууну талап кылып чыгышты. Билаш «улут аралык кастыкты козгоого» шектелип кармалган. Төрт айдан бери үй камагында. Активисттердин бири «Серикжан Билаш эл баатыры. Кытай менен ооз жалашкан жемкор бийликке каарманыбызды кордотпойбуз» деген плакат кармап турат. Дагы бири «Серикжанды кордоо – бүткүл казакты кордоо» деген жазуу менен чыккан. Чогулгандар президент Касым-Жомарт Токаевди маселеге көңүл бурууга... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *