Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Август
2019

Новости за 01.08.2019

Йемен: Аден шаарында согушкерлердин чабуулунан 30дай киши өлдү

Azattyk.org 

Йемендеги Иран колдогон хусит козголоңчулары эл аралык коомчулук тааныган өкмөт жайгашкан порттук Аден шаарындагы аскердик парадга ракетадан чабуул жасаган окуяда кеминде 32 киши өлгөнү кабарланууда. Йемендин премьер-министри Майин Абдулмалик Саид жана Сауд Арабиянын элчиси «Твиттердеги» өз билдирүүлөрүндө хуситтер тарабынан жасалган бул чабуул жана андан мурдарак болгон Аден шаарындагы полиция бөлүмүнүн жанындагы жардыруу үчүн Тегеранды айыпташты. Саламаттыкты сактоо мекемесиндеги жана Коопсуздук... Читать дальше...

ЛГБТ-активист Елена Григорьеванын өлүмүнө шектүү катары башка адам кармалды

Azattyk.org 

Санкт-Петербургдагы ЛГБТ-активист Елена Григорьеваны өлтүрүүгө шектүү катары кармалган адамдын бул кылмышка тиешеси жок экени аныкталды. Кыргызстанда туулган бул жаран тергөөдө кылмышты башка адам жасаганын айтып берген. Анын көрсөтмөсүнүн негизинде башка бир жаран кармалып, аталган кылмышты жасаганын толук мойнуна алган. Бул тууралуу Тергөө комитети 1-августта кабарлады. “Тергөөчүлөр чогулткан маалыматта 21-22-июлда маркум биринчи шектүү менен спирт ичимдигин ичкен. Андан соң ал башка адам менен ичимдик ичүүнү уланткан... Читать дальше...

Татарстанда эки киши ИМ тобун колдоого шектелип кармалды

Azattyk.org 

Орусия Федерациясынын курамына кирген Татарстандын соту Руслан Шамсутдинов менен Илшат Зайнабутдиновду «Ислам мамлекетин» колдоого жана террордук аракет жасоого шектеп, эки айга камакка алды. Сот чечими 1-августта чыккан. Бир күн мурда кармалган Шамсутдинов менен Зайнабутдинов «Терроризмди жайылтуу» жана «Террордук топко адамдарды тартуу» беренелери боюнча айыпталууда. Федералдык коопсуздук кызматы алардын жанынан жарылуучу заттар жана түзмөктөр табылганын билдирди. Буга чейин орус бийликтери... Читать дальше...

Нур-Султанда Сирия боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жатат

Azattyk.org 

Орусиянын, Ирандын жана Түркиянын өкүлдөрү Сирия согушун токтотууга багытталган маселелерди талкуулоо үчүн Казакстандын борборуна эки күндүк жыйынга чогулду. «Астана сүйлөшүүлөрү» деп аталган 13-сүйлөшүүнүн кезектеги айлампасында Сириянын Идлиб провинциясынын түндүк-батышындагы жана өлкөнүн түндүк-чыгышындагы кырдаал, ошондой эле Сириянын конституциялык комитетин түзүү башкы тема болмокчу. Москва, Тегеран жана Анкара Сирия жаңжалында ар кайсы көз караштагы күчтөрдү колдойт. Ошол эле кезде үч мамлекет дээрлик тогуз жылга аяк баскан... Читать дальше...



Өкмөт: Кумтөр боюнча жаңы келишимде көпчүлүк төлөмдөрдү көбөйтүү каралууда

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү менен канадалык “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр алтын кени боюнча жаңы стратегиялык келишиминде көпчүлүк багыттарда төлөмдөрдү көбөйтүү каралып жатат. Бул тууралуу 1-августта “Азаттык” радиосуна келишимге байланыштуу сүйлөшүүлөргө кыргыз тараптан жооптуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди - Дээрлик бардык позициялар боюнча төлөмдөрдү көбөйтүп жатабыз. Анын ичинде экологиялык жана башкалар бар. Канчага көбөйөрүн азырынча айткан туура эмес. Себеби жаңы келишимге кол коюла элек... Читать дальше...

Шайлоо: Айтматованын саясий дымагы

Azattyk.org 

Экс-депутат Ширин Айтматова социалдык тармактарда кийинки жылкы парламенттик шайлоодо жаштарды, жаңы күчтөрдү биригүүгө үндөп жатат.

МАГАТЭнин жаңы башчысы октябрда шайланат

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) эки жума мурда көз жумган Юкия Аманонун ордуна жаңы адамды октябрда дайындайт. Венада жайгашкан уюмдун башкаруучулар кеңешинин 1-августтагы жыйынында айтылгандай, бул кызматка уюмга мүчө мамлекеттер 5-сентябрга чейин өз талапкерлерин сунуштай алат. Уюмду 2009-жылдан бери жетектеп келген жапониялык Юкия Амано 18-июлда 72 жашында көз жумган. Учурда анын башчысынын милдетин румын Корнел Феруцэ аткарып жатат.

БУУ: “Ислам мамлекети” жеңилди, бирок жанданышы мүмкүн

Azattyk.org 

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Иракта жеңилгени менен анын көмүскө очоктору кайра жанданышы мүмкүн. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун серепчилер тобу ушул жумада коопсуздукка арналган эл аралык жыйында кабарлашты. Алардын мындай тыянагы Улуттар Уюмунун экстремисттик топтор тууралуу кварталдык отчетуна негизделген. Баяндамада “Ислам мамлекети” экстремисттик топтун борбордук тартылуу очогу анын лидери Абу Бакр ал-Багдади жүргөн Ирак болуп жатканы айтылат. Террордук топ мартта Сириянын Багуз аймагындагы акыркы таянычын жоготкон. Читать дальше...

Кыргыз жана өзбек өкмөттөрү айыл чарба багытындагы үч документке кол коюшту

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкекте өткөн кыргыз-өзбек өкмөт аралык сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында үч документке кол коюлду. Алар айыл чарба тармагында кызматташтыкты өркөндөтүүгө багытталат. Премьер-министрлер Абдулла Арипов жана Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба азыктарынын импорт-экспорту, өсүмдүктөрдүн карантини, лизинг жана Өзбекстандан минералдык жер семирткичтерди алуу маселелерин талкуулап, бул багытта “жол картасын” бекитишти. Кыргызстандын айыл чарба мекемесинин маалыматына караганда, Кыргызстан Өзбекстандан... Читать дальше...

Апрель окуясында курман болгондордун жакындары Бакиевди көрсөткөн каналдарды жабууну талап кылды

Azattyk.org 

Апрель окуясында каза болгондордун жакындары Курманбек Бакиевди даңазалап көрсөткөн телеканалдарды жабууну талап кылып жатышат. Бүгүн 1-августта бир катар бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү Бишкекте пресс-конференция уюштуруп, ал телеканалдардын жетекчилерине эскертүү берүү жетишсиз чара экенин айтышты. - Саясат жок деп билдиришти, бирок мындан артык кандай саясат болушу керек? Же элдин пикирин даярдап жатышабы? Же бизди шылдыңдаганыбы? Өкмөттөн бул каналдарды жабууну талап кылабыз, - деди «Мекен шейиттери» уюмунун тең төрайымы Гүлмира Абдылдаева. Читать дальше...

Мирзиёевдин Кыргызстанга расмий сапарына даярдык талкууланды

Azattyk.org 

Өзбек өкмөтүнүн башчысынын Бишкекке иш сапарынын негизги максаттарынын бири – бул өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга расмий сапарын уюштуруу. Бул тууралуу бүгүн 1-августта өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуусунда айтылды. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Абылгазиев кыргыз-өзбек мамилелери кызматташтыктын стратегиялык жаңы деңгээлине чыкканын айтты. Ошону менен катар Абылгазиев эки өлкө ортосундагы... Читать дальше...

«Чек арасыз кабарчылар» сөз эркиндигинин абалы боюнча Пакистан премьерин сындады

Azattyk.org 

«Чек арасыз кабарчылар» уюму Пакистанда сөз эркиндиги өтө төмөндөп кеткенин билдирип, премьер-министр Имран Ханды абалды жөнгө салуу үчүн чукул чараларды көрүүгө чакырды. Имран Хан жакында АКШга жасаган сапары маалында Пакистанда сөз эркиндиги чектелип жатат деген сөздөрдү жокко чыгарган. Бирок уюм премьер-министрдин бул пикирине кошулбайт. «Бул жерде сиздин жетиштүү маалыматыңыз жок экени көрүнүп турат. Демек сиз айлана-тегеректеги адамдарыңызды алмаштырышыңыз керек. Же болбосо сиз атайын эле фактыларды жашырып жатасыз. Читать дальше...

Чет жактагы мекендештер кеңешинин катышуучулары Бишкекке чогулууда

Azattyk.org 

Чет жактагы мекендештер менен байланыш боюнча президентке караштуу кеңештин биринчи жыйынынын катышуучулары Бишкекке чогулууда. Бүгүн алар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, күн тартибине ылайык секцияларда иштеп жатышат. Жыйынга Орусия, Казакстан, Катар, Түштүк Корея, АКШ, Украина мамлекеттеринен жана Бириккен Араб Эмирликтеринен келген мекендештер катышууда. 2-августта кеңештин жыйыны президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен өтөт. Анда миграциялык саясаттын концепциясы... Читать дальше...

Сенат комитети “Түндүк агым-2” долбооруна санкция салууну колдоду

Azattyk.org 

АКШ Сенатынын эл аралык иштер боюнча комитети “Түндүк агым-2” долбооруна санкция салуу тууралуу мыйзам долбоорун колдоду. Бул тууралуу “Рейтер” агенттиги жазды. Документ комитеттин сайтына азырынча чыга элек. Чектөө чаралары Балтика деңизинин түбү аркылуу Орусиядан Германияга салынып жаткан газ куурунун курулушуна катышып жаткан жеке тараптарга жана компанияларга тиешелүү болот. Документти Сенат жана Өкүлдөр палатасы карагандан кийин ал президент Дональд Трамптын кол коюусуна жөнөтүлөт. Вашингтон... Читать дальше...

2-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

2-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.  Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38; Таласта түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 20…25... Читать дальше...

Москва: полиция митингге чыккандардын үйүн тинтип жатат

Azattyk.org 

Москва полициясы оппозиция лидери Любовь Соболдун штабы менен кызматташкан Алексей Миняйлонун үйүндө 1-августта тинтүү жүргүздү. ОВД-Инфо порталынын маалымдашынча, тинтүү 27-июлдагы уруксат берилбеген митингге байланыштуу болгон. Ушундай эле тинтүүлөр буга чейин да жүргүзүлгөн. Кылмыш кодексинин "Калайман башаламандык, аны уюштуруу жана катышууга чакыруу" беренесине байланышкан полициянын тергөөсү 30-июлда башталган жана бул берене менен айыпталгандар 15 жылга чейин соттолушу мүмкүн. Москвада... Читать дальше...

Нидерландда жүздү жапкан кийим кийүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирди

Azattyk.org 

Нидерландда коомдук жайда жана транспортто жүздү жапкан кийимдерге, анын ичинде паранжы жана никаб кийүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. 1-августтан тарта мектептерде, мамлекеттик мекемелерде, ооруканаларда, автобуста жана поездде жүздү жапкан кийимдердин бардык түрүн кийүүгө тыюу салынды. Парламентте бир жыл мурда кабыл алынган мыйзам мамлекеттик мекемелерди жана коомдук транспортту коопсуз кылуу максатын көздөй турганы айтылган. Бирок аны сындагандар мыйзам мусулман аялдары кийген кийимдерге... Читать дальше...

«Азия Ньюстун» Кашкар Жунушалиев тууралуу макаласы боюнча экспертиза өткөрүлөт

Azattyk.org 

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен «Азия Ньюс» гезитинин соту 6-августта уланмай болду. Бүгүнкү соттук отрумда гезиттин өкүлү Аскар Медетов Жунушалиев сотко берген макала боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзүүнү суранып, судья аны канааттандырды. Министр «Азия Ньюсту» 2019-жылдын 25-апрелинде чыккан №16 жана 16-майында жарык көргөн №19 сандарындагы макала, коллаждар үчүн сотко берген. Ал «гезиттеги материалдар ар-намысыма шек келтирди» деп, «Азия Ньюстан» 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүп жатат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *