Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Август
2019

Новости за 18.08.2019

Ооганстан: жардырууну "Ислам мамлекети" мойнуна алды

Azattyk.org 

Кабулдагы жардыруу үчүн өзүн “Ислам мамлекети” атаган террор тобунун Ооганстандагы бөлүмү жоопкерчилик алды. 17-августтун кечиндеги үйлөнүү үлпөт учурундагы кол салуудан мерт болгондор 63 кишиге жетти. Арасында аялдар жана балдар да бар. 183 адам түрдүү деңгээлде жаракат алды.  Улуттар Уюму "Дубай-Сити" үлпөт залындагы жардырууну Ооганстандагы шииттерге каршы жасалган «тири шумдук» зомбулук деп сынга алды. Мындан тышкары кыргынга байланыштуу АКШнын Кабулдагы элчилиги баштаган эл аралык уюмдар билдирүү жасашты. Читать дальше...

Гонконг: жүз миңдеген демонстрант нөшөрдөн айбыккан жок

Azattyk.org 

Нөшөргө карабай 18-августта Гонконгдо жүз миңдеген адам кайрадан өкмөткө каршы жүрүшкө чыкты. Кол чатыр кармагандар борбордук көчөлөргө толду. Уюштуруучулар көчөгө 1,7 миллионго чейин киши чыкканын билдирди. Өкмөт алардын санын тактаган жок. Гонконгдуктар ушуну менен удаасы менен 11-жолу нааразылык акцияларын өткөрүүдө. Гонконг Кытайдын таасириндеги, бирок ички саясатын өзү жөндөгөн автоном аймак. Өкмөтү жыл башында кылмышка шектелген адамдарды Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун сунуштаган. Читать дальше...

Яшин камактан чыгары менен кармалды

Azattyk.org 

Москва шаардык кеңешине шайлоодо талапкер катары катталбай калган саясатчы Илья Яшин убактылуу камактан чыгып баратканда кайрадан кармалды. Ал Москвадагы атайын жайда үчүнчү административдик камак жазасын өтөп, 18-августта чыгып бараткан эле. Яшин өзү «Твиттерге» жайгаштырган видеодо полиция кызматкери аны «18-, 19-августтагы макулдашылбаган акцияларга элди чакырганы үчүн» кармашканын айтып жатат. Акыркы бир айда Яшинди макулдашпастан туруп элди митингге чакыруу үчүн айыптап үч ирет административдик камакка алышкан. Читать дальше...

Бишкек-Ош жолундагы автокырсыктан төрт киши мүрт кетти

Azattyk.org 

Бүгүн, 18-августта Бишкек-Ош автожолунун 73-чакырымында (Суусамыр) үч автоунаа катышкан жол кырсыгынан төрт киши мүрт кетип, бирөө Жайыл райондук аймактык ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев билдирди. - МАН үлгүсүндөгү май ташуучу автоунаа Ош шаарына кетип бараткан экен. Ага карама-каршы тилкеде «Мазда» жана «Хонда Торнео» үлгүсүндөгү машине келаткан. «Мазданын» артында келаткан «Хонда Торнеонун» айдоочусу аны ашып өтөм деп жетишпей калган. Читать дальше...

Диний уюм Базар-Коргонго батпай турат

Azattyk.org 

Базар-Коргон районунун Совет айылындагы «Жахабанын күбөлөрү» диний агымына таандык сыйынуу үйүнүн курулушу убактылуу токтотулгандыгы жана уюмдун ишмердиги иликтенери кабарланды.

Аба ырайы: бийик тоолуу райондордо кар жаайт

Azattyk.org 

19-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30; Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32; Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 12…17; Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21; Бийик тоолуу райондордо -5…-10, күндүз 3…8 градус болот. Читать дальше...



Кадырбек Атамбаев: биздин мүлккө байланыштуу маалымат - фейк

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев Башкы прокуратуранын анын атасына жана жакындарына тиешелүү камакка алынган 120 мүлк боюнча маалыматын «элди адаштыруу жана фейк» деп баалады.  Ал «Фейсбуктагы» баракчасына: «Алмазбек Шаршеновичке жана анын үй-бүлөсүнө таандык делген 120 мүлк боюнча кайрылуу жасап коёюн. Биздин үй-бүлөбүзгө жазылган мүлк бизге тиешелүү эмес. Массалык маалымат каражаттарына жарыяланган фейк маалыматтарды бийликтин кара пиары деп эсептейбиз» деп жазды. Читать дальше...

Темир Сариев менен Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдү сүзүп өтүштү

Azattyk.org 

Бүгүн, 18-августта Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев жана Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдүн тескей жээгинен күңгөйүнө чейин сүзүп өтүштү. Алар «Issyk-Kul Swim Challenge 2019» акциясына катышкан. Быйыл ага Кыргызстандан, Орусиядан жана Казакстандан жалпысынан 22 киши катышты. Мелдешти уюштурган «Nomad sport» коомдук фондунун жетекчиси Канат Келсинбеков бул иш-чара акыркы үч жылдан бери өтүп жатканын жана ал аймактагы спорттук туризмди өнүктүрүүгө багытталганын айтты. Читать дальше...

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Бишкекке келди

Azattyk.org 

17-август күнү кечинде кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Жидда-Бишкек багыты боюнча Бишкек шаарына келди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Мекке шаарындагы Жидда аба майданынан учкан 400 ажы Кыргызстандын «Манас» эл аралык аэропортуна конду. Ажылардын алгачкы тобун Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилери тосуп алышты. 17-августтан тартып 1-сентябрга чейин кыргызстандык ажылар Жидда-Бишкек, Жидда-Ош жана Медина-Ош багыттары боюнча Кыргызстанга кайтып келишет. Читать дальше...

Сейитбек Атамбаев: мыйзамсыздыктын учу-кыйыры көрүнбөй баратат

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаевдин акыркы окуялар боюнча кайрылуусун «Апрель» телеканалы сайтына жарыялады. Анда ал президент Сооронбай Жээнбеков өз кызматынын жоопкерчилигин толук сезбей жатканын айткан. Ошондой эле 13-августта күч түзүмдөрүнүн жетекчилери уюштурган басма сөз жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаевдин Алмазбек Атамбаевди «коркок» деп атаганын сынга алган. «УКМКнын жетекчиси журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып... Читать дальше...

Өсүмдүктүн кеселин билчү смартфон

Azattyk.org 

Өсүмдүктөрдүн кеселин билүүчү алакандай шайман. Симбиоздук байланышты көзөмөлдөөчү ген. Жалгыз молекуланын жылуулук берүүсү өлчөндү. Эң бышык желе тарткан жөргөмүштүн сыры белгилүү болду.

Жети-Өгүз районунун сырт өрөөнүнө кар түштү

Azattyk.org 

Жети-Өгүз районунун акими Мурат Раматов кар 17-августта жааганын маалымдады. Анын айтымында, акыркы күндөрү аба ырайы өзгөргөнүнө байланыштуу райондун сырт өрөөнүндө, тактап айтканда Кызыл-Эшме жайлоосуна, Сөөк ашуусуна 10 сантиметрден ашык кар түштү. Ал эми Арабел жайлоосуна түшкөн кардын калыңдыгы 10-15 сантиметрге жеткен. Мурат Раматов чабандардын малы аман экенин кошумчалады. «Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин район боюнча адистери бар, алар абалды көзөмөлгө алышкан. Эң башкысы - мындай... Читать дальше...

Аскаров: аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн акчаны туура пайдаланыш керек

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кыргыз өкмөтү тарабынан аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд. сом негиздүү пайдаланылышы керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал инвестициялык ишкерлик долбоорлорду, инфратүзүмдүк жана өнүгүү программаларын тандоо боюнча комиссиянын жыйынында айтты. Сынак комиссиясынын катчылыгы долбоорлорду тандоодо жумуш орундарын түзүү боюнча сунуштарга артыкчылык берилерин белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды... Читать дальше...

Кабулдагы жарылуудан кеминде 60тан ашык киши өлдү

Azattyk.org 

Ооганстандын борбору Кабулда жанкечти жасаган жардыруудан кеминде 63 киши өлүп, 182 адам жарадар болду. Ооган бийлигинин расмий өкүлдөрү жардыруу 17-августта Кабулдагы үйлөнүү үлпөт залында болгонун билдиришти. Ооганстандын ички иштер министринин өкүлү Насрат Рахими жарылуу залдын эркектер жайгашкан тарабында болгонун, жарадарлардын арасында жаш балдар менен аялдар бар экенин кабарлады.   Ал эми «Associated Press» агенттиги (AP) окуяга күбөлөрдүн бирине шилтеме берип, жанкечти өзүн той өтүп жаткан... Читать дальше...

Атамбаевге айып коюлуп, Салянова үйгө чыкты

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектүү катары айыпталууда. Ал арада анын жубайына да кылмыш иши бар экени маалым болду. Укук коргоо органдары Атамбаевдердин 150дөй мүлкүн камакка алды.

Пакистан менен Индия аскерлеринин ортосунда атышуу болду

Azattyk.org 

17-августта Кашмирдин Пакистан менен Индияны бөлүп турган районунда эки өлкөнүн аскерлеринин ортосунда атышуу болду. Индия өкмөтүнүн өкүлү бул окуяны «оор кагылышуу» деп атады. Расмий такталбаган маалыматтар боюнча атышуудан индиялык бир жоокер каза болду. Пакистандын премьер-министри Имран Хан БУУнун Коопсуздук кеңешинде бул чатактын талкууланышын кубаттады. БУУнун Коопсуздук кеңешине катышкан АКШнын президенти Дональд Трамп Пакистан менен Индиянын ортосундагы чыңалууну жоюш керек экенин билдирди. Читать дальше...

ИИМ: чагымчыл маалымат тараткандар изделип жатат

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) «WhatsApp» тиркемеси аркылуу коомдогу абалды курчутуш үчүн башаламандык чыгышы мүмкүн экендиги тууралуу чагымчыл маалыматтар таратылып жатканын кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы буга байланыштуу күч түзүмдөрү туура эмес маалыматтарды тараткандарды издеп жатканын билдирди. «Учурда өлкөдө коомдук, саясий абал туруктуу, тынчсызданууга эч кандай негиз жок», - деп айтылат ИИМ тараткан билдирүүдө.   Мекеме жарандарды билип туруп жалган маалыматтарды тараткандар Кыргызстандын... Читать дальше...

Ысык-Көлдө кыз-келиндер арасында волейбол мелдеши өттү

Azattyk.org 

Чолпон-Ата шаарынын ден соолукту чыңдоо борборунда 17-августта кыз-келиндер арасындагы «Дилгир» волейбол лигасынын финалдык таймашы өттү. Аталган иш-чарага Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев, Кыргызстандын Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев катышты. Кыз-келиндер арасындагы «Дилгир» волейбол лигасы 2018-жылы жаш активист Элзира Асылбектин демилгеси менен түзүлгөн. Бул лигада кесипкөй спортчулар эмес, жөн гана волейбол сүйүүчүлөр ойнойт. Лигада 30 жаштан 40 жашка чейинки кыз-келиндер ойношот. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *