Сот «Апрель» телеканалынын арызын канааттандырган жок
Бишкектин Биринчи май райондук соту «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка алууну мыйзамсыз деп эсептеген юристтердин арызын карап, аны канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу телеканалдын сайты жазды. Соттук отурумда прокурор жана тергөөчү баары мыйзам чегинде болгонун белгилешкен эле. 9-август күнү кечинде Ички иштер министрлиги соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка койгон. Бул аракетти бир катар медиа уюмдар жана айрым адамдар сөз эркиндигине басым катары баалашууда. Читать дальше...