Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Август
2019

Новости за 04.08.2019

Иран: өмүр бою соттолгон программист Саид Маликпур түрмөдөн качып кетти

Azattyk.org 

Иранда туулуп-өскөн канадалык программист Саид Маликпур 11 жылдан кийин абактан качып, Канадага кайтып келди. Ал 2008-жылы Ирандагы ооруган атасын көрүү үчүн барган кезде камакка алынып, порно сайттарды жасаган деп күнөөлөнгөн. Алгач ал өлүм жазасына кесилип, кийин бул өмүр бою камак жазасы менен алмаштырылган. Саид Маликпурдун Канадага кайтып келгендеги видеосун карындашы «Твиттерге» жайгаштырып, бирок кең-кесири маалымат берген жок. Иран бийлиги 44 жаштагы Маликпур кыска мөөнөткө абактан бошоткон кезде качып кеткенин кабарлады. Читать дальше...

Германия Москвада митингчилердин кармалышын сындады

Azattyk.org 

Германия Москвадагы уруксат берилбеген митингде миңден ашык адамдын кармалышын сындады. Берлиндин көз карашында тынч жыйынга чыккандарды кармоо анын мүнөзүнө карама-каршы келет. «Тынч чогулууга жана оюн эркин билдирүүгө кепилденген укукка каршы аракеттенүү Орусиянын эл аралык милдеттемелерин бузат. Ошондой эле бул адамдардын эркин жана адилет шайлоого карата укугуна дароо күмөн саноону жаратат», - деп айтылат Германиянын Тышкы иштер министрлигинин 4-августта тараткан билдирүүсүндө. Министрлик... Читать дальше...

Иран чет элдик мунай танкерин кармады

Azattyk.org 

Ирандын тандамал аскер бөлүгү - Ислам революциясынын сакчылар корпусу Перси булуңунда араб өлкөлөрүнө контрабандалык мунай ташып бараткан делген чет өлкөлүк танкерди кармаганын жарыялады. Алардын 4-августта тараткан маалыматына караганда, кеме 700 миң литр күйүүчү майды мыйзамсыз алып бараткан. Өкмөттүк расмий IRNA агенттиги Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсү тууралуу жазды. Анда танкерди кармоо кеме мунайды аткезчилик жол менен ташып баратканына ынанган сот чечиминин негизинде болгон. Читать дальше...

Дордой конушунда кампа күйүп жатат

Azattyk.org 

Бишкектин Дордой конушундагы жеке менчик үйлөрдүн жанында курулган кампа күйүп жатат. Бул тууралуу окуя болгон жерден "Азаттык" радиосунун кабарчысы кабарлады. Анын маалыматына караганда, кампада турмуш-тиричиликке керектүү техникалар сакталган. Өрт бир саатка жакын мурда тутанган. Азыркы тапта бир өрт өчүрүүчү машине келип, жалынды өчүрүүгө аракет кылып жатат. Учурда өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өрттүн себептерин жана башка маалыматтарды алуу үчүн байланышууга аракет кылып жатабыз. Бишкектин... Читать дальше...

Тажикстанда учак кырсыгында бир киши каза тапты

Azattyk.org 

Тажикстанда АН-2 учагы кырсыкка учурап, анын бир учкучу каза таап, экинчиси жаракат алды. Окуя 4-августта Фахрабад шаарындагы аэроклубда болгон. «Азаттыктын» тажик кызматынын маалыматына ылайык, учак конууга камынып, жерден 10 метрдей бийиктикте келе жаткан кезде күтүүсүздөн эле кыймылдаткычы иштебей калган жана күүсү менен жерге кулап түшкөн. Учактын пилоттору, 62 жаштагы Илхом Рахматов менен 20 жаштагы Бахтиёр Давлататов ооруканага жеткирилип, дарыгерлер Рахматовдун өмүрүн сактап кала алган жок. Читать дальше...

Тажик өкмөтү аткаминерлердин мүлкүн ачыктаган жок

Azattyk.org 

Тажик президентинин алдындагы мамлекеттик кызмат агенттиги аткаминерлердин киреше-чыгашасы тууралуу маалыматты жарыялоого муктаждык жок деп билдирди. Мекеменин жетекчиси мындай чечимин "коомчулук даяр эмес" деп түшүндүргөн. Коңшу өлкөнүн мыйзамы боюнча ар бир аткаминер жыл сайын өзүнүн тапкан кирешеси тууралуу декларация тапшырышы керек.

Жергиликтүүлөр Солтон-Сарыдагы чыр үчүн кытайлык компанияны күнөөлөп жатышат

Azattyk.org 

Нарындын Солтон-Сары кенинде чыккан чырга байланыштуу 4-августта отузга чукул малчы чогулушту. Алар чатакка себепчи болгон деп кытайлык компаниянын кызматкерлерин айыптап жатышат. Алар "күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазасын алсын" деген талап коюшту. Чогулгандар менен жолуккан Нарын районунун акиминин орун басары Жаныш Ибраимакунов окуяга укуктук баа берилерин айтты. Ал эми Солтон-Сарыда кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Жоржди Майнинг" компаниясынын жергиликтүү эл менен иштешүү бөлүмүнүн адиси... Читать дальше...

Өзбекстанда белгилүү “Жаслык” түрмөсү жабылат

Azattyk.org 

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин коомчулук менен байланыш башкармалыгы “Жаслык” абагын жабуу тууралуу комиссия түзүлгөнүн маалымдады. Маалыматка ылайык, бул түрмөдө жазасын өтөп жаткандар башка колонияларга которулат. Абактын имараты жана эмеректери Каракалпакстандын Ички иштер министрлигинин №2 тергөө изоляторуна өткөрүлүп берилет. Каракалпакстандагы “Жаслык” абагы 1999-жылы совет мезгилиндеги химиялык курал полигонунун ордуна түзүлгөн. Бул район катаал климаты менен белгилүү. Кышында абдан суук, жайкысын кургак ысык болот. Читать дальше...



Чымкентте саясий туткундарды бошотууну талап кылган акция өттү

Azattyk.org 

4-августта Казакстандын Чымкент шаарында "Казатомпром” компаниясынын мурдагы жетекчиси Муктар Жакишевди бошотуу талабы менен отуз чакты киши акцияга чыгышты. Нааразылык акциясына чыккандар “Жакишевге боштондук” деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту. Акциянын катышуучулары башка саясий туткундарды да абактан бошотууну, сөз эркиндигин талап кылып, тынч митингдерге чогулууга тыюу салынбашы керектигин айтышты. Чогулгандар бир сааттан кийин тарап кетишти. Окуяга жергиликтүү бийликтин кызматкерлери көз салып турду. Читать дальше...

Дейтон шаарындагы кол салуудан тогуз киши өлдү

Azattyk.org 

АКШнын Огайо штатындагы Дейтон шаарында кол салуудан тогуз киши набыт болду. Ок аткан кишини полиция кызматкерлери өлтүрдү. 16 адам жараат алып ооруканага жаткырылды. Кылмышка шектүү шаардагы түнкү клубдар жайгашкан көчөдө ок аткан. Кол салуунун себептери азырынча белгисиз. 3-августта Эль-Пасо шаарындагы "Walmart" дүкөнүнүн жанындагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны жыйырмага жетип, дагы жыйырмага жакын адам жараат алды. CNN каналы Федералдык чалгындоо кызматындагы (ФБР) булагына таянып... Читать дальше...

Техастагы кол салуу теракт катары иликтенип жатат

Azattyk.org 

Соңку маалыматтар боюнча, Эль-Пасо шаарындагы "Walmart" дүкөнүнүн жанындагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны жыйырмага жетип, дагы жыйырмага жакын адам жараат алды. CNN каналы Федералдык чалгындоо кызматындагы (ФБР) булагына таянып, кандуу окуя теракт катары иликтенип жатканын маалымдады.   Шектүү катары кармалган 21 жаштагы Патрик Крузиус кылмыш жасаардын алдында социалдык тармактарга расисттик көз караштагы "манифест" жарыялаганы иликтенип жатат. Анда "кол салуу Техаска латын америкалыктардын... Читать дальше...

Дмитрий Медведев Кыргызстанга 9-августта келет

Azattyk.org 

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев 9-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) өкмөт аралык кеңешине катышат. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн сайты жазды. Ал жолугушууда Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланат. Айрыкча санарип экономика жана өндүрүш тууралуу темалар күн тартибине коюлат.  ЕАЭБди түзүү боюнча келишимге 2014-жылы 29-майда мурдагы Астана, азыркы Нур-Султан шаарында кол коюлган. Кыргызстан 2015-жылы Орусия... Читать дальше...

Муфтий ажылык сапарын уюштуруу штабына барды

Azattyk.org 

Муфтий Максатбек Токтомушев ажылык сапарын уюштуруу штабында болду. Муфтий штабдын кызматкерлерине Сауд Арабиясынын Ажылык министрлиги койгон талаптар аткарылып, ажылык сапардын эрежелери зыяратчыларга түшүндүрүлүшү керектигин белгиледи.   Муфтий ажыга баргандардын коопсуздугуна көңүл бурулуп, аларга жолдо жүрүү эрежелери, Мина өрөөнүндө өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүшү керектигин айтты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Сауд Арабиясы 2019-жылы... Читать дальше...

Жыдыган чачты кайра өстүрсө болот

Azattyk.org 

Затты кадимки колдой сезе алган протез-мээлей. Жапон биологунун кишинин эмбрионун өстүрүп, трансплантация кылуу планы өз өлкөсүндө колдоо тапты. Бир нече күн конбой учкан дрондор. Таз кишилер кайрадан сеңселген чачтуу боло алышат.

Мекенине кайта албай жүргөн кыргызстандык акыйкатчыдан жардам сурады

Azattyk.org 

Акыйкатчыга Бишкек шаарынын тургуну В. Данилова аттуу жаран документтерине байланыштуу мекенине кайта албай жүргөн апасынын маселесин чечип берүүнү өтүнүп кайрылган. Маалыматка ылайык, П. Данилова аттуу жаран 2007-жылы Орусияга иштегени кетип, катуу ооруп калган. Бул аралыкта паспортунун мөөнөтү өтүп кетип, андан бери мекенине кайта албай жүрөт. Акыйкатчынын Орусиянын Ханты-Мансийск аймагындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү бул окуя боюнча Свердлов облусундагы Кыргызстандын Башкы консулдугуна кайрылган... Читать дальше...

Кыргызстанда 2020-жылды Орусия жылы деп жарыялоо пландалып жатат

Azattyk.org 

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Жолугушууда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жакын арада Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Кыргызстанга келээри күтүлүп жатканын айтып, тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин талкуулашты. Абылгазиев кыргыз тарап 2020-жылы Орусияда Кыргызстан жылы, Кыргызстанда Орусия жылы... Читать дальше...

Калмира Билимбек кызы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы өспүрүмдөр арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш байгеге татыды. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында жазылды. 53 килограмм салмакта күч сынашкан кыргызстандык финалдык мелдеште кытай спортчусу Чжаоцзин Шиге утулуп калды.  29-июлда башталган өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпионаты София (Болгария) шаарында өтүп жатат. Турнир 4-августта аяктайт.  (TSh)

Москвадагы митингде кармалгандардын саны 800дөн ашты

Azattyk.org 

3-августта Москвада шаардык думага шайлоого катыша албай калган талапкерлерди колдогон акцияда кармалгандардын саны 800дөн ашты. Бул тууралуу “ОВД-Инфо” порталы маалымдады. "Азаттыктын" орус кызматынын кабарчысынын маалыматына ылайык, адамдардын басымдуу бөлүгү Пушкин жана Трубной аянттарында кармалышкан. Макулдашылбаган акциянын катышуучуларынан сырткары күбөлүгү бар журналисттер да кармалды. Укук коргоочулар Кыйноого каршы комитеттин жетекчиси Игор Каляпин, шаардык думага талапкер Сергей Цукасов... Читать дальше...

Техастагы куралдуу кол салуудан 18 киши өлдү

Azattyk.org 

Ишембиде Мексиканын чек арасына жакын Эль-Пасо шаарындагы ок атуудан 18 киши өлүп, ондогон адамдар жаракат алды. Алардын арасында балдар жана карыялар да бар. ABC News телеканалы укук коргоо органдарындагы булагына таянып, бул божомолдуу маалымат экенин кабарлады. Элге ок атты делген шектүү камакка алынды. Анын мындай кадамынын себептери белгисиз. АКШнын президенти Дональд Трамп Техастын федералдык өкмөтүнүн губернаторуна жардам берүүнү сунуш кылды. Ак үй иликтөөнүн жүрүшүнө көз салып турмакчы.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *