Алтымышка толгон аскердик авиация
Кыргызстандын аскердик авиациясы 60 жылдык мааракесин белгиледи. Аба парады менен коштолгон салтанатка ардагер учкучтар да катышты. Абадан коргоо күчтөрүнүн учкучтарынын айтымында, авиациянын техникалык базасы жетиштүү, бирок узак учуп машыгууга май тартыш.