Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Август
2019

Новости за 11.08.2019

Жээнбеков Курман айт менен куттуктады

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Президенттин басма сөз кызматы тараткан куттуктоодо Жээнбеков бул майрамдын маанисин белгилеп, өлкө жарандарына тынчтык жана ынтымак тилеген. «Ушул  күнү Жер жүзүндөгү бир жарым миллиардга жакын адам жан-дүйнөсүн тазалап, Жаратканга жакын болууга умтулат. Дүйнөдө бир да майрам мынча көп кишинин асыл оюн, аруу тилегин,  жаркын максатын бириктире албайт», - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.  Бул күнү Сооронбай... Читать дальше...

ЮНИСЕФ Кыргызстанда балдарды саясий максатта колдонууга тынчсызданды

Azattyk.org 

ЮНИСЕФ Кыргызстандагы кырдаалга жана саясий акцияларга балдардын катышуусуна тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу уюм тараткан билдирүүдө айтылат. Анда акыркы окуяларда бир катар адамдар, анын ичинен жаш балдар жабыркап, зордук-зомбулукка кабылганын билдирген. Уюм балдарды жана өспүрүмдөрдү саясий максаттарда колдонууну айыптаган.  Демонстранттар менен укук коргоо органдарын балдарды жана өспүрүмдөрдү коргоого жана аларга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга чакырган эл аралык уюм балдардын... Читать дальше...

Орусиядагы акыры акция маалында 325 киши кармалды

Azattyk.org 

10-августта Орусиянын бир нече шаарында таза шайлоо өткөрүү талабы менен өткөн акциялар маалында 325 киши кармалды. «ОВД-Инфо» байкоо борборунун маалыматы боюнча, акциялардын жүрүшүндө Москвада 229, Петербургда 81, Ростов-на-Донуда 13 жана Брянскиде эки адам кармалды.  Москвада Сахаров проспектинде өткөн митингде Орусиянын баш калаасынын шаардык кеңешине бир нече талапкерди каттоо тууралуу талаптар айтылды. Ошондой эле митингчилер 27-июлдагы митинг учурунда козголгон кылмыш иштерин жабууну талап кылышты. Читать дальше...

Трамп Ким Чен Ын менен кайрадан жолугушу мүмкүн

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жолугушуу өткөрүүнү каалап жатканын билдирди. Анын айтымында, Ким Чен Ын АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен машыгуусунан соң сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү көздөйт. Бул тууралуу Трамп 10-августта «Твиттердеги» баракчасына жазды. Анда АКШ президенти Ким Чен Ын жакында өзүнө жиберген катында жолугушуу жөнүндө жазганын билдирди. Ошондой эле Трамп Ким Чен Ын өз катында жакында өткөн кыска аралыктагы ракеталарды сынаганы үчүн «азыноолак кечирим» да сурап... Читать дальше...

Кыргызстанда Курман айт белгиленүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн Кыргызстанда мусулмандардын Курман айт майрамы. Майрамдык айт намазы Бишкектеги Эски аянтта өттү. Ага шаардын тургундары жана коноктору катышты. Намаз окуу алдында мусулмандардын диний башкармалыгынын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Бишкектин мэри Азиз Суракматов куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Курман айт мусулман коомчулугунун ири майрамы болуп саналат. Аны белгилөө күнү айдын чыгышына карап аныкталат. Быйылкы майрам 11-августка туш келди. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *