Раиса Атамбаева: Үй-бүлөбүз куугунтукталып жатат
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева соңку окуяларга байланыштуу пикирин билдирүүгө аргасыз болуп жатканын айтты. Ал үй-бүлөсү куугунтукка кабылып жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратынын алдында, Атамбаевдин бөгөт чарасы каралып жаткан учурда билдирди. Сот бүгүн көчмө жыйынын УКМКда өткөрүп, ага жакындары кире албай калган. “Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына, менин үй-бүлөмө, балдарыбызга, жакын туугандарыбызга карата куугунтук жүрүп жатат. Читать дальше...