Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Октябрь
2020

Новости за 05.10.2020

Ала-Тоо аянтында тиреш күчөдү

Azattyk.org 

6-октябрга караган түнү Бишкектин борбордук аянтында митингчилер менен милициянын тиреши уланды. Милиция кызматкерлери желим октор менен атып, жаш чыгаруучу газ колдонууда. Ал арада ыктыярчылардын тобу жарадар болгон жарандарга колун сунуп, жардам берип жаткан чагы.

Караколдо эл кайра шайлоону талап кылып чыкты

Azattyk.org 

Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук акимчилигинин имаратынын алдында 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып 200гө жакын адам чогулду. Чогулгандар менен өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Балбак Түлөбаев жолугуп, бул маселе боюнча мыйзамдын чегинде чечилиши керек экенин айтты.

Депутат Элвира Сурабалдиева күч органдарынын аракетин айыптады

Azattyk.org 

“Ата Мекен” партиясынын талапкери, депутат Элвира Сурабалдиева тартип коргоо органдарын тынч митингчилерге күч колдонду деп айыптады. Ал бир аз убакыт мурда “Фейсбук” аркылуу видео кайрылуу жасап, Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилиги мыйзам алдында жооп берерин эскертти. Депутат шаарда телефон байланышы да үзгүлтүккө учурап жатканын, бийлик бүгүнкү аракеттери менен элдин ачуусуна тийип алганын кошумчалады. “Туура эмес кылдыңар. Силер коркутуп... Читать дальше...

Бишкек: милиция менен демонстранттардын кагылышы уланууда

Azattyk.org 

Бишкектин борбордук бөлүгүндө милиция кызматкерлери менен демонстранттардын ортосундагы кагылыштар уланууда. Бул тууралуу окуя болуп жаткан жерден “Азаттыктын” кабарчылары билдирди. Андагы маалыматтар боюнча борбор калаадагы Чүй-Исанов көчөсүндө, Кыргыз Улуттук филармониянын аймагында жана Киев-Орозбеков көчөлөрү тушта милиция көздөн жаш агызчу газ, кулак тундурчу гранаттарды колдонуп жатат. Демонстранттар болсо таштанды салган үкөктөргө өрт коюп, милиция кызматкерлерин көздөй таш ыргытышууда. Жол боюндагы бир нече автоунаа... Читать дальше...

Караколдо акимчиликтин алдында 200дөй киши чогулуп турат

Azattyk.org 

Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук акимчилигинин имаратынын алдында 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып 200гө жакын адам чогулуп турат. Бул тууралуу «Азаттыктын» аймактагы кабарчысы билдирди. Маалыматка ылайык, чогулгандар менен өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Балбак Түлөбаев жолугуп, бул маселе боюнча мыйзамдын чегинде чечилиши керек экенин билдирген. Ошондой эле акцияга чыккандар Бишкекке чыгыш үчүн автоунааларды даярдап жатышат. Бүгүн Бишкекте парламенттик... Читать дальше...

Жээнбеков шайлоого катышкан бардык партиялардын лидерлери менен жолукмай болду

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоого катышкан 16 партиянын лидерлери менен жолугушууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта «жолугушуу 6-октябрга саат 11-00гө пландаштырылды. Бардык 16 партиянын лидерлери чакырылат» деп айтылды. Кыргызстанда 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки күнү баш калаада ири нааразылык акциясы өттү. Анда 12 партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, бийликке кайрадан шайлоо өткөрүү тууралуу талап коюп жатканы айтылды. Читать дальше...

Карасартова: Кыргызстандын келечеги үчүн күрөштү улантабыз

Azattyk.org 

Коомдук активист, «Реформа» партиясынын өкүлү Рита Карасартова Кыргызстандын келечеги үчүн күрөштү улантуу зарыл деп эсептейт. 5-октябрда «Азаттык» радиосунун түз эфирдеги «Эксперттер талдайт» программасында сүйлөп жатып ал «Кыргызстандын келечеги кандай, кимдин колунда болот? Бизди кайсы жакка алып баратат?» деген суроо койду. Карасартова: «Аманкулов «30 жыл жүрдүк, эми үйүбүзгө кайталы» деп айтты. Бул жөн эле айтылган сөз эмес. Бул план. Алардын алган кулмүнөздүк багыты. Мындай бандиттерге, кулдарга мамлекетимди таштап башкартпайм. Читать дальше...

Мухтар Аблязов Францияда саясий башпаанек алганы кабарланууда

Azattyk.org 

Бозгундагы казакстандык саясатчы Мухтар Аблязов Францияда саясий башпаанек алганы кабарланууда. Франциянын Башпаанек укугу боюнча улуттук соту ушундай чечим чыгарганын «Le Monde» басылмасы жазып чыкты. Саясий башпаанек алганы боюнча маалыматты «Азаттыктын» казак кызматына Мухтар Аблязов ырастады. «Le Monde» басылмасы жазгандай, Аблязовго башпаанек берүү боюнча чечим 29-сентябрда кабыл алынган. Улуттук сот оппозициячыл саясатчынын арызын бир нече ай караган. Ага чейин 2018-жылы Франциянын качкындар... Читать дальше...



Аянтта кагылышуу уланууда

Azattyk.org 

Бишкектин Ала-Тоо аянтында акцияга чыккан адамдар тобу менен милиция кызматкерлери кагылышты. Окуя болгон жерде жүргөн «Азаттыктан» кабарчылары адамдар тобу милиция кызматкерлерин кубалап, Киев жана Токтогул көчөлөрүнөн борбордук аянтка чейин сүрүп келишкенин маалымдалды.

Жанарбек Акаев аянтка кайра кайтууда

Azattyk.org 

«Ата Мекен» партиясынын штабынан Жанарбек Акаев медициналык жардам алгандан кийин кайра аянтка кайтып бара жатканын маалымдады. Аталган партиянын мүчөлөрү митингдин катышуучуларын таркап кетпөөгө чакырууда. Буга чейин Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы митингди таратууда «Ата Мекен» партиясынын талапкери, депутат Жанарбек Акаев жараат алганын анын жардамчысы Орозбек Муратов билдирген. Аянтка чогулган элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ, желим ок, үндүү граната, суу чачып таркатууда. Бишкектин... Читать дальше...

Темир Сариев: Абал туңгуюкка кептелди

Azattyk.org 

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Кыргызстан саясий жактан туңгуюк абалга кептелди деп эсептейт. 5-октябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» телекөрсөтүүсүндө сүйлөп жатып ал парламенттик шайлоодо көп добуштар сатылганын, жер-жерлерде административдик ресурс үстөмдүк кылганын жана форма №2 менен шайлоо сыяктуу орой мыйзам бузуу болгонун белгиледи: «Эки партия 92 мандатты бөлүп алат деп көптөр күткөн эмес. Бийликтин үч партиясы өтүп, төртүнчү партияга 13 орун берилди. Саясаттагы абал туңгуюкка кептелди. Читать дальше...

Абдрахматова: арыздардагы маалыматтар аныкталса шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылышы мүмкүн

Azattyk.org 

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова шайлоонун жыйынтыгы кандай учурда жокко чыгарылары тууралуу маалымат берди. Ал 5-октябрда «Азаттыктын» түз эфирдеги «Эксперттер талдайт» телеберүүсүнө катышкан учурда мыйзам боюнча шайлоо жыйынтыгы арыздардагы маалыматтар аныкталса жокко чыгарыларын түшүндүрдү. «Мыйзам боюнча шайлоо өткөндөн кийин үч күндүк мөөнөттө добушканалардагы мыйзам бузуу фактылары боюнча арыздар аймактык жана Борбордук шайлоо комиссияларына тапшырылышы керек. Читать дальше...

Аянттагы кагылышууда 16 адам жараат алганы кабарланды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Ала-Тоо аянтындагы митингди таркатуу учурунда 16 адам ар түрдүү жараат алып, ооруканага түшкөнүн маалымдады. Бишкек шаардык травматология, ортопедия илим изилдөө институтуна төрт, Улуттук госпиталга 10, Бишкек шаардык №1 ооруканасына эки адам "Тез жардам" менен жеткирилди. Алардын жарааты канчалык оор экени ушул тапта такталууда. Буга чейин Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтындагы митингди таратууда «Ата Мекен» партиясынан талапкер, депутат Жанарбек Акаев жараат алганы кабарланган. Читать дальше...

Бишкекте милиция кызматкерлери менен демонстранттар кагылышты

Azattyk.org 

Бишкектин Ала-Тоо аянтында акцияга чыккан адамдар тобу менен милиция кызматкерлери кагылышты. Окуя болгон жерде жүргөн «Азаттыктан» кабарчылары адамдар тобу милиция кызматкерлерин кубалап, Киев жана Токтогул көчөлөрүнөн борбордук аянтка чейин сүрүп келишкенин маалымдап жатышат. Токтогул менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Нават» ресторанынын алдында жарым саат мурун автоунаа өрттөнгөнү кабарланды. Журналисттер көздөн жаш агызуучу газ чачылганына байланыштуу аянтта дем алуу мүмкүн болбой жатканын айтышууда. Читать дальше...

ИИМ: Митингди атайын каражаттарды колдонуу менен таркатууга туура келди

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкектин Ала-Тоо аянтында өткөн митингди таркатуунун себебин түшүндүрдү. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта төмөнкүлөр айтылды: «ИИМ тынч тарап кетүүгө чакырган. Бирок митингдин катышуучулары жана уюштуруучулары коомдук тартипти бузуп, Чүй проспектиндеги кыймылды бууганга аракет кылышты. Андан ары Жогорку Кеңештин имаратын курчаган темир дарбазаны агрессивдүү түрдө сындырууга аракет кылышты. Таш ыргытып, дарбазадан ашып кирүү аракетин көрүштү. Жарандардын коопсуздугун сактоо... Читать дальше...

Феликс Кулов: Митингге чыккандарга каршы чагымчылар иштеди

Azattyk.org 

Мурдагы премьер-министр, «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Куловдун пикиринде президенттин аппараты менен парламент жайгашкан имараттын кашаасын сындырып кирүүгө жана секирип өтүүгө аракет кылгандар - митингди уюштуруучуларга каршы иштеген чагымчылар.  «Туура эмес болду. Менимче, ал балдар беткап кийип, башын жаап келгени – бул чагым», - деди Феликс Кулов «Азаттыкка». Саясатчы ошондой эле жарандардын тынч митинг өткөрүү укугуна Конституцияда кепилдик берилгенин, эгер акция тынч өтүп жатса... Читать дальше...

Караколдун борбордук аянтында эл чогула баштады

Azattyk.org 

Бул тууралуу Каракол шаарынын активисти Замира Оторбаева билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн маңдайында азыр (5-октябрь, түнкү саат 21:30дар чамасында) эл чогулуп жатат. Алар шайлоонун жыйынтыгына макул болбогонун билдиришкен. Ошондой эле облустагы айрым айылдардын тургундары да Бишкектеги митингге катышуу үчүн чыкканы белгилүү болду. Буга чейин күндүз да Каракол шаарында шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккандар чакан акция өткөрүшкөн эле. 4-октябрда өткөн парламенттик... Читать дальше...

Текебаев: БШК шайлоонун жыйынтыгын бекитпеши керек

Azattyk.org 

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын президенти митингдин талаптарын аткарып, эл тарабына өтүшү керек экенин билдирди. Саясатчы бул тууралуу парлементтик шайлоодон кийин өлкөдө жаралган саясий кризис боюнча комментарий берип жатып «Азаттык» радиосуна билдирди. Анын айтымында, БШКнын мүчөлөрү 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын бекитпеши керек.  «Көптөгөн шайлоо тилкелеринде мыйзам бузуунун далилдери жайнап жүрөт, - деди ал. - БШК бул шайлоонун жыйынтыгын бекитпеши керек. Эгер БШКнын 12 мүчөсүнүн бешөө эле каршы болсо... Читать дальше...

Саламаттык сактоо министрлиги: Күч түзүмдөрүнүн эки кызматкери жарадар болду

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова "Азаттык" радиосуна "Ала-Тоо" аянтында митингге чыккандарды таркатуу маалында күч түзүмдөрүнүн эки кызматкери жарадар болгонун маалымдады. Анын айтымында экөөнүн тең мээси чайкалган. Аларды "Тез жардам" кызматы Улуттук госпиталга алып кетти. Азыркы тапта аянтта бир "тез жардам" бригадасы иштеп жатат. Митингге келгендердин арасынан канчасы жарадар болгону белгисиз. Буга чейин Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы митингди таратууда “Ата Мекен” партиясынан талапкер... Читать дальше...

Ала-Тоо аянты митингчилерден бошотулду

Azattyk.org 

Бишкектин Ала-Тоо аянты митингчилерден бошотулду. «Азаттыктын» кабарчылары жеринен маалымдагандай, аянтта азыр эч ким жок. Аянттын тегерегинде милиция митингчилерди көздөн жаш агызуучу жана кулак тундуруучу каражаттарды колдонуп таратуусун улантууда. 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, ага 16 саясий партия катышкан. Жети пайыздык босогодон «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары өттү. 5-октябрда Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын... Читать дальше...

Депутат Жанарбек Акаев жарадар болду (видео)

Azattyk.org 

Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы митингди таратууда «Ата Мекен» партиясынын талапкери, депутат Жанарбек Акаев жараат алды. Бул тууралуу Акаевдин жардамчылары «Азаттыкка» кабарлашты. Анын айтымында, бутунан жараат алган Акаев учурда ооруканага жеткирилүүдө. Интернетте тараган видеодо жараат алган Акаевди курчаган адамдар көтөрүп баратканын көрүүгө болот.   Аянтка чогулган элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ, желим ок, катуу үндүү граната, суу чачып таркатууда. Бишкектин Ала-Тоо аянтында... Читать дальше...

Күч кызматкерлери аянттагы элди таратууда

Azattyk.org 

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митингичилердин бир бөлүгү президенттик администрация менен Жогорку Кеңештин имаратынын жанына келип, темир кашааларды аттап өтүп жатышат.

Аянттагы митинг күч менен таркатылууда (видео)

Azattyk.org 

Аянтка митингге чогулган элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ, желим ок, катуу үндүү граната, суу чачып таркатууда. Акциянын катышуучулары Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын имаратынын тосмосунан секирип кирүүгө аракет кылышкан. Милиция, ОМОН кызматкерлери митингдегилерди экиге бөлүп, атайын автоунаа жана иттердин жардамы менен кубалоодо. «Азаттык» радиосунун кабарчыларынын түз эфиринен айрым жарадар болгон атуулдарды да көрсө болот. Митингчилер атылган октон жана түтүндөн улам тарап жатат. Читать дальше...

Ак үйдүн алдында кырдаал курчуду

Azattyk.org 

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митингичилердин бир бөлүгү президенттик администрация менен Жогорку Кеңештин имаратынын жанына келип, темир кашааларды аттап өтүп жатышат. Милиция аларга тоскоолдук кылган жок. Күч кызматкерлери Өкмөт Үйүнүн жанында тизилип турат. Желим бөтөлкө, таштар ыргытылууда.

Акрам Мадумаров: Шайлоо боюнча ар бир фактыны карап, маселени чечүү - милдетибиз

Azattyk.org 

Шайлоого байланыштуу арыз-даттанууларга үч күн ичинде жооп берилиши керек. Бул тууралуу 5-октябрда “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” көрсөтүүсүндө сүйлөп жатып вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди: “Социалдык түйүндөрдөн, тараптардан, жарандардан бир топ арыз-даттануулар берилди. Кээ бир фактылар боюнча ыкчам чечимдер кабыл алынды. Борбордук шайлоо комиссиясы бул жаатта иштеши керек. Ал эми прокуратура жана тийиштүү укук коргоо органдары тергөө амалдарын жүргүзүп, шайлоо мыйзамдарында көрсөтүлгөн үч күн ичинде жооп бериши зарыл. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *