Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Октябрь
2020

Новости за 17.10.2020

Күзгө айландым заматта күбүрөгөн...

Azattyk.org 

Коомдук шарт-жагдай өзгөрүлүп кетпесе, Чыныбай Турсунбеков акындык өнөрүн өркүндөтүп, адабияттын алдыңкы сабында жүрмөк. Ушул жылдын 15-октябрында 60 жашка чыкмак. Жайында каптаган апаат саясий ишмер, жакшы адам, жаркын акынды алып кетти.

Бекназаров: Жээнбековду айланасындагылар сатып кетти

Azattyk.org 

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров өлкөдөгү бийлик алмашуу, Сооронбай Жээнбековдун ишмердиги, Садыр Жапаровдун өкмөтү, парламенттик жана президенттик шайлоо тууралуу ойлору менен бөлүштү.

Садыр Жапаров улуттук лидер боло алабы?

Azattyk.org 

Ачыгын айтышым керек, Садыр Жапаров саясий туткун катары түрмөдө жатканда бизге дал ушундай эл-жери үчүн өзүн курмандыкка чалган инсан гана ажо болуп келиши керек деп кыялданганым чын. Бирок бүгүнкүдөй кырдаалда, такыр ойдо жок жерден такка отуруп калат деп күткөн эмес элем. Юрист болбогондон кийин анын өлкө башына келиши канчалык мыйзамдуу же канчалык мыйзамсыз болду – так кесе айта албайм. Тек мени санааркаткан айрым ойлорумду ортого салгым келип жатат. Бийлик үчүн кандай айыгышкан айкаш жүргөндүгүн баарыбыз көрдүк, баарыбыз күбө болдук. Читать дальше...

Азербайжандын экинчи ири шаары ракеталык соккуга кабылганы айтылууда

Azattyk.org 

Азербайжан бийлиги экинчи ири шаары - Ганжа калаасына ракета соккусу урулганы тууралуу маалымдады. Сокку Армения тараптан тактикалык ракета комплексинен атылганы айтылууда. Ереван муну четке какты. Тоолуу Карабактын жетекчилиги борбор Степанакертке жана башка конуштар аткылоого кабылганын билдирди. Мурдараак Азербайжандын президенти Илхам Алиев 27-сентябрдан бери азери күчтөрү Тоолуу Карабактагы 40 конушту ээлегенин Түркиянын NTV каналына берген интервьюсунда айткан. 17-октябрда Тоолуу Карабак... Читать дальше...

«Жаңы бийликке ишенүүгө азыр эрте»

Azattyk.org 

Кыргызстанда президенттин кызматтан кетиши жана жаңы өкмөттүн түзүлүшү менен коштолгон соңку саясий чечимдер боюнча жаңычыл, реформачыл күчтөрдүн ой-пикири кандай? Жарандык активист, “Реформа” партиясынын талапкери Мирбек Маматкасым уулу “Азаттыкка” ой бөлүштү.

Бишкектеги башаламандыкта жараат алган 176 милиция ооруканада жатат

Azattyk.org 

Кыргызстанда 5-6-октябрь күндөрү Бишкектеги башаламандыктарда ички иштер органдарынын 626 кызматкери жарадар болду. Анын ичинен ушул тапта 176 кызматкер ооруканада жатат. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы калгандары үйүндө дарыланып жатканын билдирди. 17-октябрда ички иштер министри Улан Ниязбеков ооруканадагы күч кызматкерлерине жолугуп, алардын абалы менен таанышты. Аларга материалдык жактан колдоо болорун убада кылды. 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын... Читать дальше...

Францияда мугалимди өлтүргөн окуядан кийин тогуз киши кармалды

Azattyk.org 

Парижге жакын Конфлан-Сен-Онорин шаарчасында 16-октябрда мектеп мугалими өлтүрүлгөнүнө байланыштуу кылмыш иши ачылып, тогуз киши кармалды. Алардын экөө маркум иштеген мектептеги окуучулардын ата-энеси. "France-Presse" агенттиги кабарлагандай, колго түшкөндөрдүн бир канчасы кылмышкерге байланышы бар адамдар. Кылмышка шектүү өзү орусиялык чечен тектүү 18 жаштагы жаран экени айтылган. Баштапкы маалыматтарга ылайык, ал Мухаммед пайгамбардын карикатурасын окуучуларга көрсөткөн мугалимден өч алуу максатында аны мууздап, башын кесип салган. Читать дальше...

Сыймык Жапыкеев Финполицияга жетекчи болду

Azattyk.org 

Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) жетекчи болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз катчысы Анастасия Пискур 17-октябрда "Азаттык" радиосуна билдирди. Финполдун мурдагы башчысы Бакир Таиров кызматтан кетти. Сыймык Жапыкеев мурда прокуратурада иштеген. Кийинчерээк «Чоң казат» уюмунун лидери катары таанылып, ушул аталыштагы партия... Читать дальше...



Маматалиев: Шайлоодо үгүтчүлөрдүн санын чектеш керек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев шайлоодо үгүтчүлөрдүн санын чектөөнү сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттик шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүү, 5 миллион сомдук күрөөнү 1 миллион сомго чейин азайтуу жана форма №2 тартиби менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу боюнча Бишкекте өтүп жаткан талкууда билдирди. «Мен жүргөн партияга абдан көп үгүтчүлөрдү алып, аларга акчаны айлык катары бердик. Мындайча айтканда пара берүүнү мыйзамдаштырып койдук. Калп айтканда эмне Бишкектен эле 12 миңдей үгүтчү алдык. Читать дальше...

УКМК Матраимовдун аты аталган коррупциялык иштерди иликтей баштады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Коррупцияга каршы кызматынын материалдарынын негизинде Бажы органдарындагы жемкорлук фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу 17-октябрда УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттык” радиосу билдирди. “2016-жылдан баштап Мамлекеттик бажы кызматынын системасында төраганын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, башка кызматтык адамдар жана ошондой эле сырткы экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн көзөмөлдөгү катышуучулар тарабынан... Читать дальше...

Саясий кырдаалга кандай баа бересиз?

Azattyk.org 

Парламентте өткөн жыйында кызматын тапшырган Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечимин жарыялады. Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаровго өттү. "Азаттык" коомчулуктан Кыргызстандагы кырдаалга кандай баа берерин жана бийликтен эмнелерди күтөөрүнө кызыкты.

УКМК Жылуулук электр борборунда көмүргө байланыштуу жемкорлук аныкталганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр жеткирүүдө коррупциялык схема аныкталганын кабарлады. 17-октябрда таратылган расмий кабарга ылайык, “Кыргызкөмүр” тарабынан көмүр жеткирүүдө ЖЭБдин жооптуу кызматкерлери тарабынан жемкорлук схемасы колдонулган. Баштапкы маалыматтарга ылайык, көмүрдүн сапаты жакшы экенин тастыктаган лабораториялык чечим акчага жасалган. “Ушул сыяктуу коррупциялык иштер ЖЭБдин жабдууларына бузулушуна себеп болуп, булганыч... Читать дальше...

Асанов: Азыркы бийлик Матраимов менен Көлбаевдин өнөктөшү

Azattyk.org 

Саясатчы Бектур Асанов жаңы бийликти "Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаевдин өнөктөштөрү" деп атады. Мындай пикирин ал 17-октябрда Бишкекте шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча талкууда айтты. «Райым азыр деле бийликте. Муну эске алышыбыз керек. Мен бул бийликке «Силер менен кызматташпайм, себеби, силер Райым менен Көлбаевдин өнөктөшүсүңөр» дедим. Райым качып кеткен болсо анын схемасын ишке ашырып жаткан 10-15 кишини камабаса... Читать дальше...

Түркиядагы мекендештер жаштарга ишенет

Azattyk.org 

Түркиянын Миграция департаментинде 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алардын дээрлик көпчүлүгү эмгек мигранттары. Түркиядагы кыргызстандыктардын айрымдары өлкөдөгү акыркы кырдаал боюнча өз ойлорун билдиришти.

Азербайжан Тоолуу Карабакта Армениянын "Су-25" учагы атып түшүрүлгөнүн билдирди

Azattyk.org 

Талаштуу Тоолуу Карабак аймагында Армениянын Куралдуу күчтөрүнө таандык "Су-25" учагы атып түшүрүлгөнүн Азербайжандын Коргоо министрлиги кабарлады. Окуя 17-октябрда болду. Азербайжан тарап аталган учак Жабраил районундагы азери аскерлеринин турумуна сокку урууга аракет кылганын маалымдады. Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян бул маалыматты дезинформация деп сыпаттап, "Фейсбукка" жазды. Тоолуу Карабак 1988-1994-жылдардагы уруштан соң өзүн Азербайжандан көз карандысыз деп жарыялаган. Читать дальше...

Министр Ниязбеков: Милиция саясатка аралашпайт

Azattyk.org 

Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков 17-октябрда Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушкан учурда билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы анда коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү маселелери талкууланганын кабарлады. «Милиция саясаттан тышкары турат. Биз эч кандай саясий кызыкчылыктарды көздөбөйбүз. Жыйынга катышып жаткандардын жана өздүк курамдын бардыгы Бишкек шаарында ыктыярдуу элдик кошуундар менен бирге коомдук... Читать дальше...

Аба ырайы: күн ачык болот

Azattyk.org 

Гидрометеорология агенттиги кабарлагандай, 18-октябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 19...24, Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 16...21, Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 14...19, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10... Читать дальше...

Вице-премьер-министр коронавируска каршы иштер чабал экенин айтты

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова коронавируска каршы кыргыз өкмөтү жүргүзүп жаткан иштер чабал экенин айтты. Бул тууралуу облустардагы саламаттык сактоо тармагындагы жетекчилер жана адистер менен 17-октябрда өткөрүлгөн онлайн кеңешмеде билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Исмаилова илдетке каршы республикалык штабдын жыйынында айтылган маалыматтар менен онлайн кеңешмеде берилген маалыматтар эки башка чыгып жатканын белгиледи. Анын айтымында, жетекчилер жеке коргонуу каражаттары... Читать дальше...

Түркия Бишкекке 180 миң даана беткап жөнөттү

Azattyk.org 

Түркиянын Самсун шаарынын мэри Мустафа Демир 16-октябрда Бишкекке 180 миң беткап жөнөтүлгөнүн жергиликтүү маалымат каражаттарына кабарлады. "Он жылдан бери биз Кыргызстандын борбору Бишкек шаары менен бир тууган калаабыз. Ушул оор мезгилде биз алар менен бирге болгубуз келди. Самсун шаардык мэриясынын жана "Түрк Кызылай" уюмунун салымы менен медициналык каражаттарды Бишкекке жөнөтүп жатабыз",- деди Мусатафа Демир. 2013-жылы Самсун жана Бишкек шаарларынын мэрлери тарабынан "Бир тууган шаар" протоколуна кол коюлган. Читать дальше...

Байсалов: Кыргызстан дүйнөнүн көңүлүн тынчытты

Azattyk.org 

Кыргызстандагы акыркы он күн ичиндеги олку-солку саясий абал дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн кабатырланган билдирүүлөрүнө себеп болгону белгилүү. Эми өлкөдө президенттин кызматтан кеткенин жана жаңы өкмөттүн ишке киришкенин эл аралык коомчулук кандай кабыл алууда? Бул тууралуу Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов “Азаттыкка” ой бөлүштү.

Башкы штаб БТР катышкан жол кырсыгы тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы БТР катышкан жол кырсыгы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, 16-октябрда Бишкек шаарында өзгөчө абал режиминде блок-посттордо турган аскер техникалары Патрулдук милициянын кызматкерлеринин коштоосунда кетип бараткан. Профсоюзный көчөсүндө «Лексус-470» автоунаасынын айдоочусу жол эржесин бузуп, аскер техникалары бараткан колоннаны ашып өтүүгө аракет кылган учурда БТР-70 М менен сүзүшкөн. Кырсыктан жараат алгандар жок. БТР эч нерсе болгон эмес, ал... Читать дальше...

Францияда "Charlie Hebdo" чыгарган карикатураны окуучуларга көрсөткөн мугалим мууздалды

Azattyk.org 

Франция полициясы Париждин Конфланс-Сен-Онорин конушундагы мектеп мугалиминин теракт мүнөзүндөгү өлүмүн иликтеп жатат. Француз маалымат каражаттары мугалим мууздалып, башы кесилгенин кабарлашты. Кылмышкерди полиция өлтүрдү. Кол салган адам маркумдун денесинин сүрөтүн "Твиттерге" чыгарган жана кылмыш үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Ал мугалимди Мухаммед пайгамбарды шылдың кылганы үчүн айыптаган. Анын "Твиттердеги" аккаунту өчүрүлдү. "Le Monde" басылмасы полиция мугалимди өлтүргөн адамдын тек-жайын тактаганын кабарлады. Читать дальше...

Кыз баланы өзүн сүйүп, өзүн таанууга үйрөтөлү

Azattyk.org 

“Эже-сиңдилер” теледолбоорунун бул чыгарылышын өспүрүм кыздардын жеке гигиенасына арнадык. Буга Кыргызстанда жарык көргөн жаңы “Кыз китептин” жарык көрүшү себеп болду. Кыргызстанда өспүрүм кыздар кандай маалыматтарга муктаж? Аларга кандай маалыматтарды берүү керек.

Жапаров: Жаңы өкмөт бюджетти так аткарышы керек

Azattyk.org 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Акылбек Жапаров «Азаттыкка» комментарий берип жатып айтты. Ал бюджеттин киреше бөлүгүнүн 90% салыктан жыйналарын, андыктан премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун өкмөтү ишкерлер менен тыгыз иштеши керектигин билдирди. «Эгерде күнүгө 12 саат иштеп жатса, анын төрт саатын саясатка, калган сегиз саатын экономикага бөлүш керек. Бизде республикалык бюджет боюнча мыйзам бар. Биз мыйзамдык... Читать дальше...

Алиев Азербайжан Тоолуу Карабактагы 40 конушту ээлегенин айтты

Azattyk.org 

Азербайжандын аскерлери 27-сентябрдан бери Тоолуу Каракбакта 40 элдик конушту ээледи. Бул тууралуу өлкө президенти Илхам Алиев Түркиянын NTV телеканалына берген интервьюсунда айтты. Алиев Армения менен Азербайжандын ортосундагы чыңалууну саясий тараптан жайгарууда Түркиянын ролу маанилүү экенин белгилеген. Анын айтымында, Баку менен Анкара Азербайжандын аймагында Түркиянын аскердик базасын түзүү жаатында эч качан сүйлөшкөн эмес. "France 24" телеканалына курган маегинде Азербайжан президенти Түркия... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *