Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Октябрь
2020

Новости за 24.10.2020

Өгөй баладай томсоргон Сары-Могол

Azattyk.org 

Кеңешбек Сайназаров менен туулган айылы Сары-Моголдун 17 жыл илгери Кыргызстандын курамына өткөндөн бери чечилбей келаткан маселелери тууралуу баарлаштык.

Навальныйдын фонду "Россия будущего"партиясына байланыштуу Европа сотуна кайрылды

Azattyk.org 

Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фонду "Россия будущего" партиясын каттоого алуу өтүнүчүн Орусиянын Юстиция министрлиги кабыл албаганы үчүн Европанын адам укуктары сотуна кайрылды. Бул тууралуу фонддун юристтери "Telegram" каналына жазды. Маалыматта айтылгандай, Навальный партияны каттоого алууну сурап тогуз жолу Юстиция министрлигине кайрылып, бирок оң жооп алган эмес. 2019-жылдын май айында акыркы ирет кайрылганда министрлик ушул аталыштагы башка партия бар экенин билдирген. 2020-жылдын... Читать дальше...

Боршайком кысымга карабай шайлоо жарыялады

Azattyk.org 

24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) күч кызматкерлери келип, 3-июлдан берки документтерге тинтип, текшерип жатат. БШК мүчөлөрү тинтүүнү "милиция тарабынан кысым көрсөтүү" катары баалашты. Ушул эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда өтөт деген чечим кабыл алды.

Парламенттик шайлоо өткөрүү боюнча БШКнын токтомун сот жокко чыгарды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңешке кайра шайлоо өткөрүүнү 20-декабрга дайындоо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомун Бишкектин Биринчи май райондук соту мыйзамсыз деп тапты. 24-октябрда сот ушундай чечим кабыл алганын БШК төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов билдирди: "Такташып жатабыз. Жогорку сотко кайрылышыбыз мүмкүн". БШКнын 21-октябрдагы жыйынында парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүү чечими кабыл алынган. 22-октябрда Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра... Читать дальше...

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин 37 партия билдирди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин кайра шайлоосуна катышуу ниетин 37 партия билдирди. Бул тууралуу 24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады. БШК 21-октябрдагы жыйынында Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү чечимин кабыл алган. 22-октябрда парламентте Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынып, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ага ошол эле күнү кол койгон. Ага ылайык, парламенттик шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен... Читать дальше...

Байден америкалыктарга коронавируска каршы акысыз эмдөөнү убада кылды

Azattyk.org 

АКШнын президенттигине негизги талапкерлер - республикачы Дональд Трамп жана демократ Жозеф Байден үгүт өнөктүгүнүн алкагындагы соңку жолугушууларды өткөрүп жатат. 22-октябрдагы теледебатты өзү үчүн "жеңиш" катары сыпаттаган Трамп тарапкерлеринин санын кеңейтүүгө аракет көрүүдө. 23-октябрда Трамп Флоридада, Байден Делавер штатында жолугушууларды өткөрдү. Байден бир катар шаарларда коронавируска кабылгандардын жана өлгөндөрдүн саны көбөйгөнүн билдирип, Трамп бул кризисти көзөмөлдөй албай жатканын белгилөөдө. Читать дальше...



Наталья Никитенко баш прокурорго жана ички иштер министрине чукул кайрылуу жолдоду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрайымы Наталья Никитенко баш прокурор Курманкул Зулушевге жана ички иштер министри Улан Ниязбековго чукул кайрылуу жолдоду. Ал кайрылууда Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) күч органдары тарабынан басым көрсөтүүнү тезинен токтотууга чакырып, бардык маселени Конституциядан жана мыйзамдан аша чаппай чечүүгө үндөдү. 24-октябрда БШК имаратына күч кызматкерлери документтерди алганы келип, тинтүү жүргүзгөн. Читать дальше...

Тоолуу Карабакта тынчтык орнотуу сүйлөшүүсүнөн көп өтпөй кайра жаңжал башталды

Azattyk.org 

24-октябрда эртең менен Тоолуу Карабакта жана ага жакын аймактарда Азербайжан менен Армениянын аскерлеринин ортосунда салгылашуу болду. Жаңжал кайра башталардан бир күн мурун эки мамлекеттин тышкы иштер министрлери Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолугушкан. Алар ондогон жылдардан бери уланып келаткан талашты саясий жөнгө салуунун жолун табууну талкуулашкан. Азербайжандын министри Жейхун Байрамов жана Армениянын министри Зохраб Мнацаканян Помпео менен өз-өзүнчө сүйлөштү. Читать дальше...

БШК мүчөлөрү аларга кысым болуп жатканын айтышты

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү 24-октябрдагы тинтүүнү "милиция тарабынан кысым көрсөтүү" катары баалашты. Бул тууралуу алар "Азаттык" радиосуна берген комментарийде айтышты. 24-октябрда БШК имаратына күч кызматкерлери документтерди алганы келип, тинтүү кылышкан. Алар Бишкектин Свердлов райондук милициясынын тергөөчүлөрү экени БШКнын "Телеграмдагы" каналында кабарланды. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын саламаттыгы начарлап, ага медициналык жардам көрсөтүлдү. Милиция жыйынтыгы... Читать дальше...

25-октябрда жаан-чачын болбойт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет агенттиги 25-октябрда өлкөдө күн ачык болорун кабарлады. Батыштан жел согуп турат. Абанын температурасы: Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19, Нарын жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз 6...11, Талас дубанында түнкүсүн 0...-5, күндүз 10...15, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз 10...15, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11...-16, күндүз -4...+1 градус. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Читать дальше...

Түркияда коронавирус жуктуруп алгандар көбөйдү

Azattyk.org 

Түркияда коронавирус жуктуруп алгандар көбөйгөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа 23-октябрда маалымат жыйынында билдирди. Ал Стамбул, Анкара жана Бурса сыяктуу ири шаарларда коронавирус жуктуруп алган кишилердин саны күндөн күнгө өсүп жатканын айтты. Түркияда илдетти жуктуруп алгандардын 40 пайызы Стамбул шаарында катталган. Орто мектептердин башталгыч жана бүтүрүүчү класстарынын окуучуларына мектепке барып билим алуусуна уруксат берилген. Сентябрь айынын башынан бери өлкөдө коронавирус менен ооругандар кескин көбөйгөн. Читать дальше...

БШК президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда өтөт деп чечим кабыл алды

Azattyk.org 

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 24-октябрдагы жыйынында ушундай чечим кабыл алынды. “Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга ылайык, мамлекет башчы отставкага кеткенде үч айдан кечиктирилбей мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүшү керек. Жээнбеков президенттиктен кетерин 15-октябрда жарыялады. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү чечимин парламент бир апта аралыгында кабыл алууга тийиш эле. Читать дальше...

АКШ Орусиянын Химия жана механика илимий-изилдөө борборуна каршы санкция салды

Azattyk.org 

АКШнын Финансы министрлиги Орусиянын Химия жана механика илимий-изилдөө борбордук институтуна каршы санкция салынганын маалымдады. Министрлик муну Жакынкы Чыгыштагы мунай-химия заводуна 2017-жылы жасалган хакердик чабуулга байланыштырды. Вашингтон кибер соккуда Орусиянын Химия жана механика илимий-изилдөө борбору институтунун колу бар деп эсептейт. Адистер Москвадагы институт зыяндуу "Triton" программасын түзүүгө катышканын белгилешүүдө. Бул программа өндүрүш тармагынын системасына чабуул коюу... Читать дальше...

БШК президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгиледи

Azattyk.org 

БШК тинтүүгө кабылды   24-октябрда саат онго жакын Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) күч кызматкерлери келип, 3-июлдан берки документтерге тинтип, текшере баштады.  Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү 24-октябрдагы тинтүүнү "милиция тарабынан кысым көрсөтүү" катары баалашты. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын саламаттыгы начарлап, ага медициналык жардам көрсөтүлдү. Текшерүүгө келгендер Бишкектин Свердлов райондук милициясынын тергөөчүлөрү экени БШКнын "Телеграмдагы" каналында кабарланды. Читать дальше...

Тергөөчүлөр БШКнын 3-июлдан берки документтерин тинтүү кылууда

Azattyk.org 

24-октябрда саат онго жакын Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) күч кызматкерлери келип, 3-июлдан берки документтерге тинтип, текшере баштады. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы кабарлады. Текшерүүгө келгендер Бишкектин Свердлов райондук милициясынын тергөөчүлөрү экени БШКнын "Телеграмдагы" каналында кабарланды. Милиция парламенттик шайлоо жарыяланган күндөн - 3-июлдан берки документтерди текшерүүдө. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул маселеде азыр комментарий берүүгө убактысы болбой жатканын айтты. Читать дальше...

БШКда тинтүү болуп жатканы кабарланды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) күч кызматкерлери келип, 3-июлдан берки документтерди "казып жатканын" Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева 24-октябрда "Фейсбукка" жазды. "Азаттык" анын чоо-жайын тактоо үчүн Журабаевага телефон чалып, азырынча жооп ала алган жок. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул маселеде азыр комментарий берүүгө убактысы болбой жатканын айтты. Төрайымдын орунбасары Абдыжапар Бекматов да ушундай жооп берди. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы Журабаеванын... Читать дальше...

ЭлТРге жетекчи болгон Шаиста Шатманова коркутууга кабылганын айтты

Azattyk.org 

ЭлТРге жаңы жетекчи болуп дайындалган Шаиста Шатманова белгисиз кишилер аны коркутуп жатканын "Азаттыкка" билдирди. "23-октябрда белгисиз бир нече эркек кеңсеге келип, кызматтан кетишимди талап кылышты. Өздөрүн премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун атынан келдик деп тааныштырышты", - деди ал. Шатманова мунун артында эмгек жамааттын ичине бүлүк салгысы келген күчтөр же Жапаровдун кадр саясатына кийлигишүү максатындагы кишилер турган болушу мүмкүн деп эсептейт. Өкмөттүн... Читать дальше...

Бобомурод Абдуллаев өзүнө ачылган кылмыш иши токтотулганын билдирди

Azattyk.org 

Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев өзүнө карата ачылган кылмыш иши токтотулганын 23-октябрда "Фейсбукта" кабарлады. Ошондой эле ага чет мамлекетке чыгуу үчүн жалпы жарандык паспорт да берилди. Бир апта мурда президент Шавкат Мирзиёев журналист Абдуллаевге Ташкенттен үч бөлмөлүү батир тартуулаганы кабарланган. 9-августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Өзбекстандын өтүнүчү менен Абдуллаевди Бишкекте кармап, 22-августта Ташкентке өткөрүп берген. Журналист... Читать дальше...

Борбор Азия лидерлеринин Кыргызстанда пландалган саммити Түркмөнстанда өтүшү мүмкүн

Azattyk.org 

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин Кыргызстанда пландалган кеңешүү жыйыны Түркмөнстанда өтүшү мүмкүн. Мындай сунушту расмий Ашхабад өзү киргизгенин Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Комилов "Дунё" маалымат агенттигине айтты. "Биз Кеңешүү жыйынынын теңтөрагасы катары Түркмөнстандын сунушун колдоп-кубаттайбыз. Жыйын кеңири жана мазмундуу болот деп үмүт кылабыз",- деди Комилов. Ал Түркмөнстандагы саммиттен кийинки жыйынды Бишкекте өткөрүү маселесине кайтса болорун белгиледи.... Читать дальше...

Коронавирустан дагы төрт бейтап өлдү, 556 кишиден жаңы табылды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 24-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан жана пневмониядан дагы төрт бейтап каза болду. Алар Бишкек шаарында, Ош, Чүй, жана Баткен облустарында катталды. Ушуну менен COVID-19 илдетинен көз жумгандардын саны 1130га жетти. Акыркы суткада 556 адамдан вирус жаңыдан табылды. Мурда ооругандардын 287си айыкты. Оору жугузгандардын аймактардагы эсеби: Бишкек шаарында - 149; Баткен облусунда – 86; Жалал-Абад... Читать дальше...

Коронавирус жуккан 147 медкызматкерге 200 миң сомдон кенемте берилди

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус менен ооруган медкызматкерлердин 147си өкмөттөн 200 миң сомдон кенемте алышканын маалымдады. Башкаларына төлөп берүү маселесин атайын комиссия карап жатат. Кенемте алуу максатында 1901 медкызматкердин атынан арыз түшкөн. Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны 24-октябрга карата 3569​га жетти. Алардын ичинен 3251и айыгып, 84ү каза болду. Алардын арасынан 24 кишинин жакындарына миллион сомдон төлөндү. «Эл аралык мунапыс» уюму («Amnesty... Читать дальше...

Пандемияда кыргызстандык 84 медицина кызматкери каза болду

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда илдетти жуктуруп алган 84 медицина кызматкери каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова 23-октябрда «Азаттык» радиосуна билдирди. Арасында мамлекеттик жана жеке бейтапканаларда иштеген дарыгерлер, орто жана кичи кызматкерлер да бар. Каза болгондордун арасынан 24 кишинин жакындарына өкмөттөн миллион сомдон кенемте төлөндү. Башкаларына төлөө жагын атайын комиссия карап жатат. Кыргызстанда... Читать дальше...

Алишер Саипов өлтүрүлгөндөн бери 13 жыл өттү

Azattyk.org 

Белгилүү журналист Алишер Саипов өлтүрүлгөндөн бери 13 жыл өттү. Аны 2007-жылы 24-октябрда белгисиз адамдар Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө атып кетишкен. Окуя эл көп жерде, кечки саат жетиде болгон. Журналистти аткан эки адамдын сүрөтүн жергиликтүү адамдар чөнтөк телефонго тартып алууга үлгүрүп, аларды күбөлөр да тастыкташкан. Расмий билдирүүдө сүрөттөгү шектүү деген адамдар Кыргызстандын жараны эмес экени да айтылган. Ошол кездеги бийлик Саиповдун өлүмүн журналисттик ишмердиги менен байланыштырган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *