Өмүралиев: Түркияда эки жерде добушкана ачтык
Парламенттик шайлоого карата Түркияда эки шайлоо тилкеси ачылат. Анын бири Анкарадагы элчиликте болсо, экинчиси Стамбулдагы башкы консулдукта. 2017-жылы өткөн шайлоого салыштырмалуу бул жылы добуш берүүчүлөр эки жарым пайызга көбөйгөн. Дем алыштагы шайлоодо Түркиядан 1218 шайлоочу добуш бере алат.