Ошто Шаар күнү белгиленди
5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жүзгө чукул шаар тургундары борбордук аянтка топтолду. Эпдемиологиялык кырдаалга байланыштуу бул жылы чоң иш-чаралар уюштурулган жок.
5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жүзгө чукул шаар тургундары борбордук аянтка топтолду. Эпдемиологиялык кырдаалга байланыштуу бул жылы чоң иш-чаралар уюштурулган жок.
Азери-армян аскерлеринин талаштуу Тоолуу Карабак үчүн кармашы токтой элек. Жекшембиде жикчил аймактын борбору жана айрым азери шаарлары ракетадан, артиллериядан аткыланды.
Шайлоонун жыйынтыгына каршы болгон жарандардын митингине каршы милиция даярдык көрүүдө.
Оппозициялык партиялар парламенттик шайлоонун эртеси, 5-октябрда Ала-Тоо аянтындагы митингде кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышты.
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына социалдык тармактарда көпчүлүк жаштар нааразы экенин билдирип, баракчаларына тексттер менен видеолорду жарыялап жатышат.
Бишкектин Эски аянтында, Өкмөт үйүнүн алдында атайын кийимчен күч кызматкерлери жана атайын техника тизилип турат. "Азаттыктын" кабарчылары жеринен маалымдагандай, айрымдарынын колунан желим ок атуучу куралды көрүүгө болот. Айрым милиция кызматкерлери Тарых музейинин артындагы бактардын арасында отурат. Бир нече автобустун ичинде жана Кыргыз мамлекеттик драма театрынын капталында да милиционерлер отурганын көрүүгө болот. Ички иштер министрлиги бул аракеттерге расмий комментарий бере элек. ... Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-октябрда КМШ, ЖККУ, ШКУ, ТүркПА жана башка бир катар эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилерин кабыл алды. Байкоочулар мамлекет башчыны парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алганы менен куттукташты. Алар шайлоо өнөктүгү жогорку деңгээлде уюштурулуп, добуш берүү жараяны заманбап техниканы колдонуу менен ачык жана таза өткөнүн айтышты. Президент Сооронбай Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) менен кыргыз өкмөтү пандемия шартына карабастан... Читать дальше...
Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы абал тиешелүү органдардын көзөмөлүндө. Бул тууралуу «Азаттыкка» вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди. Ал аянтта канча киши чогулуп турганын айта албай турганын белгилеп, күч түзүмдөрү жана башка мамлекеттик органдар өз жумушун аткарып жатканын белгиледи. Өкмөт мүчөсү элдин коопсуздугун камсыз кылуу, тынчтыкты сактоо негизги бирден бир милдет экенин кошумчалап, тийиштүү тараптар ишин жүргүзүп жатканын, өз оюн билдирүүнү каалаган тарапка жолтоо болбосун, бирок... Читать дальше...
Тоолуу Карабактагы куралдуу чатакта Азербайжан жана Армения бири-бирине ракетадан аткылоо үчүн айыптап жатат. Жикчил Тоолуу Карабак аймагынын бийлиги 4-октябрда баш калаасы Степанакерт, анын жанындагы Шуши шаары үч күндөн бери ракетадан жана артиллериядан аткыланып жатканын кабарлады. Армения колдогон бул аймак жайкын тургундардын өмүрү кыйылып, жарадарлар да бар экенин жана бир топ имарат кыйраганын билдирди. Ошол эле кезде Азербайжандын Коргоо министрлиги армян күчтөрүн «өлкөнүн экинчи ири шаары... Читать дальше...
Кайра шайлоо өткөрүш үчүн белгилүү бир себептер болушу керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Абдыжапар Бекматов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этүүчү фактылар болсо гана кайра шайлоо болушу керек. «Добуш берүүнүн жыйынтыгы бузула турган болсо, добуштарды сатып алуу боюнча далилдер болушу керек. Элди автоунаа менен ташуу мыйзамсыз деп саналбайт. Кечээ бизге шайлоочуларды ташуу боюнча маалыматтар түштү. Аларды текшергенде аксакалдарды... Читать дальше...
«Биримдик» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Азамат Арапбаев 4-октябрдагы парламенттин VII чакырылышын шайлоо калыс, акыйкат өткөнүн билдирди. Ал ошондой эле шайлоодо жеңип чыккан партиянын өкүлү катары өлкөнүн экономикалык өнүгүшүн камсыз кылышарын да кошумчалады. «Элдин үнү ушул шайлоо менен угулду. Айрым жерлерде кандайдыр бир деңгээлде мыйзам бузуу да болду. Аларды Борбордук шайлоо комиссиясы карайт. Каршы чыгып жаткан партиялар шайлоодо өзүн көрсөтө албады. Кыйкырып... Читать дальше...
«Мекенчил» саясий партиясы 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна партиянын лидери Камчыбек Ташиев билдирди. Ал тез арада жаңы шайлоо өткөрүү зарыл деп эсептейт. «Парламенттик шайлоо өтө ыплас жүргөнүн бүт эл көрдү, - деди ал. - Муну бир же он адам айтып жаткан жок. Бүт эл айтууда. Ошондуктан жыйынтыгын жокко чыгарып, тез арада кайрадан шайлоо өткөрүшүбүз керек». Ташиев ушу тапта Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан нааразылык акциясына барды. Алгач «Социал-демократтар»... Читать дальше...
4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, Бишкек, Нарын, Талас шаарларында тынчтык митингдери өтүп жатат. Бишкекте Ала-Тоо аянтында шайлоодон өтпөй калган сегиз партия шайлоонун жыйынтыгын жоккко чыгарууну талап кылууда. «Биримдик» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон, Жогорку Кеңештин VI чакырылыштын депутаты Евгения Строкова бул кырдаалга жалаң эле шайлоодон өткөн партиялар эмес, өтпөй калгандар да күнөөлүү деген пикирде. Ал «Азаттык» радиосуна: «Биринчиден, абдан кымбат... Читать дальше...
Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган партиялардын митингинде Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» партиясынын шайлоо тизмесин жетектеген Жанарбек Акаев азыр ыйлай турган учур болуп жатканын белгиледи: «Буларды жокко чыгарышыбыз керек. Контрабандисттер, уурулар, «ака-укалар», куда-сөөктөр парламентти ээлеп алды. Кайра шайлоо! Кайра шайлоо! Кайра шайлоо кылышыбыз керек. Уурулар, туугандашкан жана кландашкан система шайлоого катышпашы керек. Элибизди сатып алышты. Читать дальше...
Орусиянын Хабаровск облусунда полиция мурдагы губернатор Сергей Фургалдын уулу Антон Фургалды кармады. Орусиядагы бир катар медиа каражаттарынын маалыматы боюнча, ага карата уруксатсыз нааразылык акцияларын уюштуруу үчүн административдик иш козголгон. Баштапкы маалымат боюнча кенже Фургал элди мыйзамсыз акцияга чыгууга чакырган деп айыпталууда. Антон Фургалдын атасы, Хабаровск облусунун мурдагы губернатору Сергей Фургал 15 жыл мурдагы киши өлтүрүү ишине байланыштуу айыпталып, камакка алынган. Андан... Читать дальше...
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразылыгын билдирип, бир нече партия митингге чыкты.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына макул эмес саясий партиялар катышып жаткан Ала-Тоо аянтындагы митинг уланууда. Анда сүйлөгөн «Ата Мекен» партиясынын талапкери Элвира Сурабалдиева митинг мөөнөтсүз экендигин белгиледи. «Биздин артыбызда милиция кайтарып турат. Алар суу толтурулган миномёттор менен аткылап, иттер менен кубалоо тууралуу буйрук алууда. Элдин укугу тебеленип жатса, мыйзамсыз шайлоону «жеңдик» деп ресторандарда тойлоп жатат. Ушул туурабы?», - деди саясатчы. Митингчилер шайлоо калыс эмес жана ыплас өткөнүн белгилеп... Читать дальше...
Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду. Чогулгандар алдында сүйлөп жатып «Бир Бол» партиясынын өкүлү Алмамбет Шыкмаматов өлкө келечеги үчүн күрөштү улантууга чакырды: «Шайлоо эмес, бандиттер менен уурулардын парламентти жана өкмөттү сатып алуусу болду. Читать дальше...
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өткөнү менен куттуктаган маалыматты сайтында жарыялады. «Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы дос жана боордош Кыргызстан үчүн ийгиликтүү болушун каалайбыз. Шайлоонун жыйынтыгында түзүлө турган өкмөт биздин эки тараптуу мамилелерибиздин жана стратегиялык өнөктөшүбүз болгон Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп ишенебиз», деп жазылган маалыматта. Түркиядагы... Читать дальше...
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырган «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» саясий партияларынын лидерлери жана тарапкерлери Бишкекте Опера жана балет театрынын алдында баштаган митингин Ала-Тоо аянтында улантмай болушту. Ушу тапта алар «Кайра шайлоо!» деген ураан менен аянтты көздөй баратышат. Аянтта бүгүн эртең менен «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары митинг өткөрө башташкан. Алар да шайлоо ыплас өткөнүн белгилеп, бийликты сындап жатышат. Читать дальше...
Ушул тапта Нарын облустук администрациясынын алдына 100дөн ашык киши топтолду. Акцияда «Республика» партиясынын талапкери Илгиз Сарылдык уулу, «Ата Мекен» партиясынын талапкери Эрлан Аскаров сөз сүйлөп жатышат. Алар «шайлоо ыплас өттү, жапырт добуш сатып алуу болду» деп билдирүүдө. Нааразы болгондорду тобу мөөнөтсүз митинг жарыялады. 4-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясына чогуу чыгарын «Ата Мекен» жана «Республика» партиялары билдиришкен. «Бир Бол» партиясы да оппозициялык блокко кошуларын маалымдаган. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 31 шайлоо участогундагы мыйзам бузуу тууралуу арыздар бар. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова алардын баары иликтенип, тиешелүү чара көрүлөрүн эскертти. Ал ошондой эле арыздар келип түшкөн шайлоо участокторунда мыйзам бузулган тастыкталса, ал участоктун жыйынтыгы жокко чыгарыларын белгиледи. Нуржан Шайлдабекова КМШнын байкоочулар миссиясы тарабынан жана башка байкоочулар тарабынан айтылган мыйзам бузуу фактылары шайлоонун жыйынтыктарына таасир эте албай турганын айтты. Читать дальше...
Талас шаарынын мэриясы жана облустук администрация тынчтык митингин өткөрүүгө уруксат берген жок. Бул тууралуу «Республика» партиясынан талапкер болгон Кубат Болотканов билдирди: «Оппозициялык партиялардын өкүлдөрү, шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон эл музыкалык драма театрынын алдына чогулдук. Бирок бул жерде жарык бербей коюшту». Тынчтык митингине «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика», «Чоң Казат», «Ыйман Нуру», «Реформа», «Социал-демократтар» партияларынан 300гө жакын адам чогулду. Талас... Читать дальше...
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого алдын ала бекитилген 442 млн. сомдун ордуна 416 млн. сомдон ашууну сарпталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымдады. Анын айтымында каражатты үнөмдөө үйрөтүүчү сабактардын онлайн өткөнүнө байланыштуу, мындан тышкары эл аралык уюмдардан колдоосунун шарапаты менен мүмкүн болду. Шайлдабекова ошондой эле шайлоо күрөөсүнө коюлган акча тууралуу да маалымат берди. 16 саясий партиядан ар биринен беш млн. сомдон 80 млн. Читать дальше...