Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Октябрь
2020

Новости за 21.10.2020

Башкы прокурорлукка Курманкул Зулушевдин талапкерлиги каралууда

Azattyk.org 

Башкы прокурордун кызматына Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин талапкерлиги каралууда. Бул маселени учурда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламент регламенти боюнча комитети талкуулаганы жатат. Башкы көзөмөл органына жетекчи болуп 2018-жылдын апрелинде дайындалган Өткүрбек Жамшитовдун кызматтан кетүү тууралуу арызын парламент бүгүн карап, макулдук берди. Зулушев 2000-2007-жылдары Нарын жана Чүй облустарынын прокуратура органдарында эмгектенген. Читать дальше...

Казакстанда Мажлистин депутаттарын шайлоо 10-январга белгиленди

Azattyk.org 

Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасы - Мажлистин депутаттарын шайлоо 10-январга белгиленди. Казак президенти Касым-Жомарт Токаев тиешелүү жарлыкка кол койгону 21-октябрда расмий жарыяланды. Ага ылайык, өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы жана өкмөтү шайлоо уюштуруш үчүн даярдык көрүшү керек. Казакстанда эки палаттуу парламент иштейт. Анын төмөнкү палатасы болуп саналган Мажлис 107 депутаттан турат. Мажлистин 98 депутаты партиялык тизме аркылуу шайланса, сегиз депутат өлкөнүн туңгуч президенти... Читать дальше...

Орусияда коронавирустан акыркы суткада 317 адам каза болду

Azattyk.org 

Орусияда бир суткада коронавирустан 317 адам каза болду. Бул өлкөнүн коронавирустун жайылышына каршы ыкчам штабынын маалыматы боюнча, бул эпидемия башталгандан бери эң чоң көрсөткүч болуп калды. Орусияда каза болгондордун саны 25 миңге жетти. Бул статистикага СOVID-19 вирусу өлүмдүн башкы себеби катары аныкталгандар гана киргизилди. Ал эми вирус жугузуп, бирок башка илдеттерден улам каза болгондорду эсептегенде бул көрсөткүч кыйла көп болушу мүмкүн. Соңку суткада аннексияланган Крымды кошкондо... Читать дальше...

Депутат Карашев: Мамкызматта жетекчи болуп туруп шайлоого катышкысы келгендерге чектөө коюу зарыл

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев мамлекеттик органдын жетекчиси болуп иштеген адамдар парламенттик шайлоого катышкысы келсе кызматын тапшырышы керек деп эсептейт. Мындай сунушун ал шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу долбоорго коштуруп жатканын 21-октябрда парламенттин жалпы жыйынында айтты: «Ушул жерде отурган депутаттардын 80% жакыны шайлоого катышты. Дээрлик көпчүлүгү административдик ресурсту өзүбүздөн өткөрдүк деп айтат элем. Тизме түзүлгөндө да мамлекеттик, муниципалдык кызматта иштегендер... Читать дальше...

БШК: ИИМдин тергөөчүcү Боршайкомдун мүчөлөрүн суракка алып кетүүгө аракет кылды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) имаратына Ички иштер министрлигинин кызматкери кирип барып, Боршайкомдун мүчөлөрүн күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылганын 21-октябрда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. БШКнын басма сөз кызматы милиция кызматкерлеринин андай кылууга процессуалдык укугу жок экенин белгилеп, тергөөчүлөр кошумча милиция күчтөрүн чакырганын кабарлады жана бул окуяны мекеменин ишине кийлигишүү катары баалады. Боршайкомдун басма сөз катчысы Руслан Изреков «Азаттыкка» кабарлагандай... Читать дальше...

Садыр Жапаров экономикалык мунапыс жарыялады, өөнөлгөн акчаны кайтарууга бир ай убакыт берди

Azattyk.org 

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 21-октябрда расмий билдирүү таратып, бүгүндөн тартып өлкөдө экономикалык мунапыс жарыялады. Жапаровдун билдирүүсүндө эң кирешелүү тармактар - энергетика, бажы, салык, дары-дармек, лицензия берүүчү, тоо кен ж.б. тармактарда коррупциялык схемаларын түзүп, элдин ырыскысын тоноп жүргөндөр, ар кандай компанияларга үлүштөргө отуруп алган мурдагы чиновниктерге, ири ишканалардын акцияларына рейдерлик жол менен мыйзамсыз ээ болуп алган атка минерлерге... Читать дальше...

Ат-Башыга помидор эккен Айчүрөк

Azattyk.org 

Айчүрөк Абдалиева Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылынын тургуну. Ал жаратылышы катаал бул аймакка быйыл жашылча-жемиштин түрүн айдап, айылга жаңылык киргизди. Негизинен мал чарбасына басым жасаган атбашылыктар дыйканчылыкка көп көңүл бурушпайт деле. Бирок Абдалиева жайлата тер төгүп, помидор, бадыраң, капустанын түшүмүн алды.

Вице-премьер Мамытканов: Матраимовдун схемасы фейк эмес, дагы чуулгандуу кармоолор болушу мүмкүн

Azattyk.org 

Матраимовдун схемасы фейк эмес жана бажыдагы коррупцияга байланыштуу дагы кармоолор болушу ыктымал. Бул тууралуу 21-октябрда “Sputnik Кыргызстан” агенттиги уюштурган онлайн брифингде вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди: “Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча чуулгандуу кармоолор болушу ыктымал. Эмне үчүн болбосун? Матраимовго байланыштуу жок жерден болгон жок да. Матраимов ошонун баарын жалгыз өзү жасаган эмес. Тийиштүү органдар алдына чынжырчада, схемада ким болсо, баары жазасын алсын деген маселе коюлат. Читать дальше...



Атамбаев менен Шадиевге карата козголгон кылмыш иши сотко жиберилди

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге карата коррупция, мыйзамсыз баюу жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча козголгон кылмыш иштери сотко жиберилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 21-октябрда билдирди. Маалыматка караганда, Атамбаев менен Шадиевге карата Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция»), 215-беренеси («Кылмыштуу кирешелерди адалдоо»), 43-беренеси («Кылмышка кошо катышуу»)... Читать дальше...

Ооганстанда 15 адам тебелендиде калып каза болду

Azattyk.org 

Ооганстандын чыгышындагы Желалабад шаарында 15 киши тебеленде калып каза болуп, он адам жабыркады. Окуя Пакистанга виза алыш үчүн бул өлкөнүн консулдугунун алдындагы футбол аянтында миңдеген адамдар чогулган учурда болгон. Каза болгон 15 адамдын 11и аялдар. Бир нече жашы өткөн адам жаракат алды.  Желалабад шаары - өлкө чыгышындагы Нангархар провинциясынын ири шаары. Быйыл пандемияга байланыштуу Пакистан ооган жарандарына виза берүүнү кескин азайткан. Оогандыктар көбүнесе коңшу өлкөгө дарыланууга барышат. Читать дальше...

22-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

22-октябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жана тоо этектеринде жаан, кар, тоолордо кар, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9,... Читать дальше...

Диний илимге өмүрүн арнаган аалым

Azattyk.org 

Диний чөйрөдө Алауддин Мансур деген ат менен таанылган Алауддин Рустамов 2020-жылдын 13-октябрында 68 жашында дүйнөдөн кайтты.

Жарандык активист БШК төрайымынын кызматтан кетишин талап кылды

Azattyk.org 

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекованын кызматтан кетишин талап кылып, «Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыкты. Токтонасыров «БШК шайлоочулардын укугун тебеледи», «БШК саясий орган болбосун», «БШК кайра шайлоо өткөрүүгө акысы жок» деген өңдүү жоон топ чакырыктар жазылган кагаздарды көтөрүп турду. Анын пикиринде, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоону БШК калыс өткөрө алган жок. Шайлоодогу мыйзамсыздык... Читать дальше...

Жээнбековду Манаска теңеген депутат Рысалиевдин Жапаровго кайрылуусу сынга кабылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште депутат Зарылбек Рысалиевдин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго жиберген кайрылуусу сын жаратты. Парламенттин 21-октябрдагы отурумунда Рысалиев Жапаровго кайрылып: «Урматтуу Садыр Нуркожоевич, сиздин кичи мекениңиз - Ысык-Көл. Ысык-Көлдө кыргыздын түбүн түптөп кеткен атуул болгон. Кыргыздын «Басмайылдын жакшысын ээси билбей, ат билет, эр жигиттин мыктысын эли билбей, жат билет» деген сөзү бар. Жусуп Абдрахмановду айткым келет. Сиз Абдрахмановдой мыкты жигит болуңуз», - деди. Читать дальше...

«Матраимовдун соту спектакль болуп калды»

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып бергендиктен камакка алынган жок.

Парламент башкы прокурор Жамшитовдун кызматтан кетүү тууралуу арызын колдоду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду ээлеген кызматынан бошотууга макулдугун берди. Бул маселе парламенттин 21-октябрдагы жалпы жыйынына коюлуп, бир добуштан кабыл алынды. Жамшитовдун кызматтан кетүү тууралуу арызын Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 21-октябрда карап жактырып, парламенттин кароосуна жиберген. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев ал кызматтан кетүү тууралуу президентке арыз бергенин билдирген. Читать дальше...

Текебаев: Президенттик система кирсе Түркмөнстан болобуз (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев парламент шайлоолорду өз убагында өткөрүү маселесин чечип бериши зарыл деп эсептейт. Депутаттын 21-октябрда парламенттин жалпы жыйынында белгилегенине караганда, шайлоо Конституцияда жазылган мөөнөттө өткөрүлбөсө «президентке жүгүнгөн» парламент пайда болот. Текебаев азыр депутаттар экиге бөлүнүп турганын, бир тарап шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүп, «жаңы келген парламент конституциялык реформаны баштай берсин» деген, экинчи тарап «шайлоо өткөрүүнүн кереги... Читать дальше...

Жапаров БШКнын президенттин квотасындагы төрт мүчөсүн чакыртып алуу жөнүндө кат жөнөттү

Azattyk.org 

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) президенттин квотасы менен шайланган төрт мүчөсүн чакыртып алуу жөнүндө кат жөнөттү. Бул тууралуу 21-октябрдагы жалпы жыйында парламент төрагасы Канатбек Исаев билдирди. Төрага мамлекет башчынын бул өтүнүчүн парламенттин комитети он күн ичинде, бирок жети күндөн эрте эмес убакыт аралыгында карап чыгышы керек деген норма бар экенин эскертти. Ошондуктан, Исаевдин айтымында, кат тийиштүү комитеттин кароосуна жөнөтүлдү. Читать дальше...

Бишкекте Нариман Түлеевге каршы митинг өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкек шаардык мэриясынын алдына чогулган адамдар биринчи вице-мэр болуп дайындалган жана 20-октябрдан тартып мэрдин милдетин аткарары жарыяланган Нариман Түлеевдин кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Митингдин катышуучулары анын мэрдин милдетин аткарып жатканы жана биринчи-вице мэр болуп дайындалышы мыйзамсыз деген пикирлерин билдиришти. Чогулгандар мамлекеттик кызматтарга жаңы, таза кадрларды дайындоону талап кылып, «Түлеев кетсин!» деп кыйкырып турушат. Мэриянын алдына Нариман Түлеевди колдогон топ да келип... Читать дальше...

Депутат Сулайманов: Жогорку Кеңеште «Абил бийлер» көбөйдү (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов парламент шайлоо мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карабай, кабыл албай жатканына нааразылыгын билдирди. 21-октябрда парламенттин жалпы жыйынында Сулайманов бул маселе атайылап каралбай жатат деген пикирин айтып, депутаттарды кошоматчылык үчүн айыптады: «Кечээки окуяга негиз болгон маселени карайлы десек сиздер башка ар түрдүү жактарга буруп жатасыздар. 120 көп деп жатасыздар. Анда 120 депутат эмнеге отурабыз, таркап кетели анда! Читать дальше...

Мурдагы премьер-министр Финполго сурак берип жатат (видео)

Azattyk.org 

Бүгүн, 21-октябрда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) сурак берип жатат. Суракка кирерде «Азаттыкка» билдиргенине караганда Абылгазиевди мекеме күбө катары чакырган, бирок кайсы иш боюнча экени айтылган эмес. «Өкмөттү жетектеп турганда эч кандай мыйзам бузган эмесмин, тергөөнүн калыс жүрүшүнө ишенип турам», - деди суракка кирерде Абылгазиев. Бир күн мурда Финпол Абылгазиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салган. Читать дальше...

Алмамбет Салиевдин ордуна Медербек Сатыев дайындалды

Azattyk.org 

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде Алмамбет Салиев президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басарлыгынан бошотулду.  Президенттин сайтында 20-октябрда жарыяланган маалыматта Салиев  кызмат ордунан өз арызынын негизинде бошотулганы айтылат. Жапаровдун дагы бир жарлыгынын негизинде Медербек Сатыев президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.  Дагы бир орун басарлык кызматка мурдагы президент Курманбек... Читать дальше...

Жогорку Кеңеште референдум өткөрүү демилгеси талкууга түштү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште мамлекеттик башкаруу ыкмасын аныктоо үчүн референдум өткөрүү тууралуу сунуш айтылды. Депутат Үмбөталы Кыдыралиев азыр парламент биринчи кезекте референдум маселесин талкуулап алышы керек экенин айтты: «29 жылдан бери 32-премьер иштеп жатат. Президент эч нерсеге жооп бербейт, бирок иш жүзүндө мамлекетти ошол башкарууда. Ошондуктан референдум өткөрүп, башкаруу формасын аныкташ керек. Жоопкерчилик керек. Жоопкерчилик эч кимде болбогондуктан, ушунун баары болуп жатат». Депутат Каныбек... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *