Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Октябрь
2020

Новости за 21.10.2020

Абылгазиев Финполго сурак бергени кирип кетти

Azattyk.org 

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматына сурак бергени кирип кетти. Ал Финансы полициясына күбө катары чакыртылганын айтып, кызматта турган учурда мыйзам бузбаганын билдирди. Мурдагы өкмөт башчы кайсы иштер боюнча сурак бере турганы азырынча белгисиз. Бир күн мурда Финпол Абылгазиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салган.

Башкы прокурор Жамшитовдун кызматтан кетүү жөнүндө арызын парламент комитети колдоду

Azattyk.org 

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун кызматтан кетүү тууралуу арызын Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 21-октябрда карап жактырып, парламенттин кароосуна жиберди. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев Өткүрбек Жамшитов кызматтан кетүү тууралуу президентке арыз бергенин билдирди. Башкы прокурор Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алган жыйынына катышкан. Ал... Читать дальше...

Жогорку Кеңеште президенттик шайлоо мөөнөтү боюнча талаш жүрүп жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны башталды. Күн тартибине ылайык бул күнү башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызына макулдук берүү, президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө маселелер каралышы керек.  Мындан тышкары депутат Алтынбек Сулайманов күн тартибине шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу маселени киргизүүнү сунуш кылган.  Бул маселелердин ичинен президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо маселеси депутаттар арасында талаш-тартыш жаратып,  айрым депутаттар... Читать дальше...

ИИМге эки жаңы орун басар дайындалды

Azattyk.org 

Ички иштер министринин эки жаңы орун басары дайындалды. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 21-октябрда министрликтин жеке курамына жаңы орун басарлар Октябрь Урманбетов жана Эркебек Аширходжоев тааныштырылды. Аларды дайындоо тууралуу буйрукка өкмөт башчы кол койгону кабарланды. Жаңы орун басарларды тааныштырып жатып вице-премьер министр Максат Мамытканов өлкө үчүн оор кырдаалда милициянын ишинин маанилүүлүгүн, кызматкерлердин өз милдетине болгон жоопкерчилигин белгиледи. Урманбетов буга... Читать дальше...

Криминал менен күрөш жана кылмыштуу топторго каршы иштерди күчөтүү тууралуу жарлык чыкты

Azattyk.org 

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 16-октябрда «Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укуктарын аткарууну кабыл алуу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу маалыматты президенттин сайты 20-октябрда жарыялады.  Президенттин сайтында жарыяланган жарлыкта өлкөдө коомдук-саясий абалды тезирээк турукташтыруу максатында Конституциянын 65-68-беренелеринин негизинде Садыр Жапаров президенттин милдеттерин аткарууга киришип жатып токтом кабыл алганы жазылган. Ага ылайык... Читать дальше...

Бактыбек Сыдыков кайрадан «Манас» аэропортуна жетекчи болду

Azattyk.org 

Бактыбек Сыдыков «Манас» эл аралык аэропортунун президенти болуп дайындалды. Сыдыков 21-октябрда жалпы жамаатка тааныштырылганын «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Аэропорттун жетекчисин ишкананын директорлор кеңеши дайындайт. Сыдыков авиация тармагында буга чейин жалпысынан беш жыл иштеген. 2007-2010-жылдары директорлук кызматты аркалаган. Бакыт Сыдыков 2015-жылы «Республика – Ата Журт» фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына депутат болуп келген. Атасы белгилүү мамлекеттик ишмер - Үсөн Сыдыков... Читать дальше...

Парламенттик кайра шайлоо 20-декабрда өтөт

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүн өтүп жаткан жыйынында Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрда өтөт деген чечим кабыл алынды. Бул чечимди комиссия мүчөлөрү колдоп, токтом кабыл алынды. Анын алкагында бүгүндөн баштап шайлоо процесси башталды. Бирок 4-октябрдагы шайлоодо чырга себеп болгон босого чек, күрөөнүн суммасы жана №2 форма боюнча маселе толук чечиле элек. Парламент шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча долбоорду 21-октябрда жалпы жыйында карайт.  Шайлоого коюлган талаптар жаңырды... Читать дальше...

Кадрлардын кадырын убакыт көрсөтөт

Azattyk.org 

Кыргызстандагы бийликтин «эки тизгин, бир чылбырын» колуна алган Садыр Жапаровдун алгачкы аракеттери жана кадрдык дайындоолору элдин кызуу талкуусунда.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *