Мирзиёев Каракалпакстандын статусу тууралуу беренени өзгөртүүсүз калтырууну сунуштады
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну сунуштады. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов Телеграм-каналында кабарлады. Мирзиёев 2-июлда Каракалпакстан автономиялуу республикасынын борбору Нукуска учуп барган. Андан кийин жергиликтүү депутаттарга жолуккан. Маалыматка ылайык Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандын элинин пикирине таянарын айтып, Конституцияны өзгөртүү боюнча талкуулар аягына чыга электигин белгилеген. Читать дальше...