Казакстандык теннисчи кыз биринчи жолу Уимблдон мелдешин утту
Казакстандык теннисчи Елена Рыбакина Британиядагы Уимблдон ачык чемпионатынын финалында тунистик Онс Жаберди жеңип алды. Ал "Чоң шлем" турнирлеринин жекеме-жеке беттештерин уткан алгачкы казакстандык спортчу болуп калды. 23 жаштагы Рыбакина ишембиде Лондон шаарындагы финалдык оюндун биринчи айлампасын уттуруп жибергени менен калган эки айлампаны бир топ артыкчылык менен (3:6, 6:2, 6:2) жеңип алды. Анын атаандашы Онс Жабер "Чоң шлем" турнирлеринин финалына чыккан биринчи араб жана африкалык теннисчи айым болуп калды. Читать дальше...