Британия: премьер-министрлик кызматка жарышта эки талапкер калды
Улуу Британиянын премьер-министрлик кызматына болгон жарыштын финалына эки талапкер – мурдагы финансы министри Риши Сунак жана азыркы тышкы иштер министри Лиз Трасс чыкты. Финалдык добуш берүүдө британ парламентиндеги консерваторлордун 137и Сунакка добуш берди. Трасс 113 добуш алды. Экс-коргоо министри Пенни Мордонт 105 добуш алып жарыштан четтеди. Жайдын аягына чейин келечектеги лидерди тандаган улуттук добуш берүү өтөт. Анда Консервативдүү партияга тиешеси бар бардык британиялыктар – дээрлик 200 миң киши добуш берет. Читать дальше...