"Центерра Голддун" акционерлери Кумтөр келишимине байланыштуу резолюцияны жактырды
Канадалык "Центерра Голд" компаниясынын акционерлери Кумтөр кени боюнча Кыргызстандын өкмөтү жана “Кыргызалтын” ачык акционердик ишканасы менен түзүлгөн келишимге байланыштуу резолюцияны жактырды. Бул документ 25-июлда акционерлердин коомчулук үчүн ачык онлайн жыйынында добушка коюлду. Анын жыйынтыгы менен "Центерра Голд" компаниясынын вице-президенти Юсеф Рехман (Yousef Rehman) резолюция кабыл алынганын жарыялады. Дүйшөмбүдөгү жыйын көп убакытка созулган жок. "Центерра" добуш берүүдөн кийин тараткан расмий маалыматка ылайык... Читать дальше...