"Чек арасыз кабарчылар" уюму тажик бийлигин журналисттерди бошотууга үндөдү
"Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму тажикстандык журналисттердин кармалганын айыптады. Укук коргоочулар муну маалымат каражаттарын коркутуп-үркүтүү кампаниясынын бир бөлүгү деп эсептейт. Уюм 27-июлда жарыялаган билдирүүсүндө, блогер жана журналисттер Абдулло (Авазмада) Гурбати, Далери Имомали, Завкибек Саидамини жана Абдусаттор Пирмухаммадзодага каршы иштерди "жасалма токулган" деп сыпаттады жана бийликти аларды дароо кое берүүгө чакырды. Уюмдун аймактык директору Жанна Кавальер белгилегендей... Читать дальше...