ИВЛ чуусу: "Дастанды" жарга такаган карыз
Орусиялык мамлекеттик корпорация өпкөнү жасалма дем алдыруучу 300 даана ИВЛ аппаратын карызга алып, акысын төлөбөгөнү үчүн Кыргызстандын "Дастан" трансулуттук компаниясын банкрот деп табуу үчүн сотко кайрыларын жарыялады. Пандемия күчөгөн маалда мамлекет "Дастан" заводу аркылуу алган ИВЛ аппараттар колдонулбай, кампада сакталып калган. Парламентте техникалык сапатына карабай кымбат баада, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы, карызга алынган бул жабдууларды ээсине кайтарып берүү керектиги тиешелүү комитеттин чечиминде көрсөтүлгөн. Читать дальше...