Орусиядагы кыргызстандык мигранттар Москвадагы теракттан кийин басым-кысымга кабылганын айтып жатышат. Үй тазалоочу компанияда иштеген жана такси айдаган эки мигрант окуялары менен бөлүштү.
Жаздын келиши менен борбор калаанын көчөлөрүндө чуңкур-чөнөктөр көбөйүп, коомчулук кызуу талкуулап, ал ырга, тамашага айланып, маселе Жогорку Кеңешке чейин жетти. Бул ирет Бишкек шаарындагы жолдордун абалын талкуулайбыз. "Азаттыктын" студиясында: Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын башкы инженери Урматбек Шаршеналиев жана эксперт Талант Садакбаев.
Оренбург облусунда миңдеген үй-жайды суу каптап, кырдаал оор болуп тургандыктан Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймакка федералдык маанидеги өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Урал дарыясында жана анын куймаларында суунун деңгээли көтөрүлүп, аймактан 4000ден ашуун киши, анын ичинде 885 бала эвакуацияланганын облустук бийлик билдирди. Мамлекеттик ТАСС агенттиги 2000 үйдү суу каптаганын, жалпысынан 6300 үй-жай жабыркаганын кабарлады. 8000ден ашуун үй электр жарыксыз калды.