Москвада курьер болуп иштеген Алиярбек Матраимов кардар берген баштыктын ичинен маңзатка окшогон шектүү зат табылган окуяга экинчи ирет кабылган. Мигрант жигит быйыл январда кооптуу баштыкты жолдон ыргытып жиберген. Бул жолу ал жеке коопсуздугунан чочуп, Кыргызстанга кайтып келди.
Астананын ирегесиндеги Коенду айылынын тургундары үй-жайы ташкындан бүлүнгөнүн далилдей албай жүрөт. Айрымдарынын үйү турууга жараксыз. Бир нече турак жайдын дубалына жарака кеткен. Эл өз үйүн өзү оңдоого аргасыз болууда.
Акыркы жумаларда Кыргызстандын, Өзбекстандын жана ансыз да ташкындан жапа чеккен Казакстандын аймактарында сел жүрүп, бир катар чыгымдарга алып келди.