Кытай элчилиги Солтон-Сарыдагы окуяны терең иликтөөнү талап кылды
Кытай тарап кыргыз өкмөтүнө окуя боюнча кескин тынчсыздануусун дароо билдиргенин эске салып, жаракат алган жарандарына толук түрдө медициналык жардам көрсөтүп, жаңжалды жакшылап иликтеп, күнөөлүүлөрдү катаал жазалоону, жагдайды калыстык менен жөнгө салууну талап кылаарын кабарлады.
Кытай кыргыз өкмөтүнөн жана тийиштүү органдардан ар кандай чараларды көрүп, кытайлык ишканалардын укугун коргоого жана кытай жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууга чакырды. Ошондой эле Кытайдын Бишкектеги элчилиги Солтон-Сарыдагы окуя боюнча өзүнүн версиясын маалымдаган. Ага ылайык, 5-август күнү жүздөгөн жергиликтүү тургундар «Zhong Ji Mining» компаниясына барышкан. Чогулгандардын айрымдары ишкананын аймагына мыйзамсыз кирип келип, кызматкерлерди ур-токмокко алган. Андан ондогон кытай жарандары жаракат алып ооруканада жатат.
Кытай элчилиги өз билдирүүсүндө көптөгөн жылдардан бери кытайлык компаниялар Кыргызстанга инвестиция кылып, эки өлкө алакасын чыңдап келатканын белгилеген. Кытай өкмөтү ишмердүүлүгүн чет өлкөдө жүргүзгөн ишканаларынан дайыма жергиликтүү мыйзамдарды сактоону талап кылаарын кошумчалаган.
5-августта кытайлык компаниянын кызматкерлери менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыгып, тараптар бири-бирине таш ыргытышкан. Милиция анда 300гө жакын киши чыкканын айтса, айрым маалыматтарда алардын саны 500 экени кабарланууда. Милиция окуяны териштирип жатат.
Нарындын Солтон-Сары кенин иштетип жаткан кытайлык «Jhong ji Mining» компаниясына нааразы болгон 600-700гө чукул киши дагы эле ишкананын ишин токтотууну талап кылып турушат. «Азаттыктын» Нарындагы кабарчысынын айтымында, чогулгандар кенге жакын жерде мал союп, казан асып алышкан.
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жергиликтүү тургундарга «Jhong ji Mining» компаниясынын ишин бир айга убактылуу токтотуу боюнча Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын чечимин көрсөттү. Бирок айыл тургундары ага макул болбой, «кытайлык ишкана үч күндүн ичинде Солтон-Сарыдан чыгып кетсин» деген талапты коюшууда.
Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарындын Солтон-Сары кенинде жергиликтүү тургундар менен чет элдик жумушчулардын ортосундагы окуя ишкананын ишин токтотууга себеп болбошу керек экенин айткан.
Кийинчерээк вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, кендеги окуяны талкуулашкан.
Солтон-Сары кенинде чыккан жаңжалдан жабыркаган «Jhong ji Mining» компаниясынын 19 кызматкери бүгүн Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан чыгарылды. Ошол эле чырда жаракат алган бир жергиликтүү тургун дарылануусун улантууда.