Бабанов: Бийлик менен сүйлөшүп алган жокмун
19-августта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта беш сааттай (Финполиция) сурак берип чыккан саясатчы, “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов "Кыргызстанга бийлик менен сүйлөшүп, анан келди" деген пикирлерди четке какты. Бул тууралуу ал журналисттердиен суроосуна жооп берип жатып билдирди.
“Бийлик менен сүйлөшүп алып келсем, мени Финполго төрт сааттан ашык кармап отурушмак беле”, - деген Бабанов тергөө иштери мыйзамдуу болоруна ишенерин, мамлекеттин мүлкүн менчиктештирип албаганын, бардык бизнесин базар баасында сатып алганын белгиледи.
Бүгүн ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка “Кыргызстан” банкы боюнча сурак бергенин, 20-августка УКМКга чакырылганын кошумчалады.
Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы боюнча суроого жооп берген жок.
Буга чейин УКМК Бабановго эки кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Биринчиси “2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет” деген негизде болсо, экинчиси “бийликти басып алууга даярдык көрүү” деген айып менен ачылган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын 8-августта эскерткен.
Бабанов 2017-жылдагы шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Президенттик шайлоодон кийин Орусияга чыгып кеткен.
Ал 9-августта Москвадан Бишкекке учуп келип, аба майдандан тосуп алган тарапкерлерине “Мен дайыма мыйзам жолунда жүрөм” деп билдирген.