Алканова «OpenDemocracy» долбоорундагы макалага жооп кайтарды
«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Элнура Алканова «OpenDemocracy» (oDR) басылмасына жарыяланган макала боюнча «Азаттыкка» комментарий берди. Ал макалада айтылган дооматтарды четке кагып, Улукбек Бабакулов ага мындай сунуш менен өзү кайрылганын билдирди:
«Улукбек Бабакулов азыр гуманитардык виза менен Францияга кеткен. Ал жакта үй-бүлөсү менен турат. Мага жардам сурап кайрылган. «Акча жактан кыйналып жатам. Мага кандай жардам болсо да бер. Мага акча берсеңер Матраимовдор тууралуу каалаган нерсени жазып берем» деген. Мага жарым жылдан бери дайым жазып, чалат. Мен ага жардам берем деп, кайра мени жаманатты кылып салды. Саймаитиден интервью алууну өзү сунуш кылган. Түркияга барса «билетин сатып берели» деп да сөз болгон. Бирок мен Саймаитини таба албай койгом. Райымбек Исмаиловичтен да «Саймаитини таап бериңиз» деп суранганмын. Бирок ал киши деле Саймаитини тааныбайт, билбейт экен. Кийин ушул үгүт учурунда медиа тармагын мен тейлеп калганда да Улугбек Бабакулов мага кайрылып, «пикир жазам, фейктер менен иштейм» деп суранган. «Биз фейктер менен иштебейбиз, таза иштейбиз. Франциядан эмес, бул жакка келип иште» дегем. Ошентсем мага таарынып, чуркап барып интервью берип атпайбы. Аны мен Кудайга койдум. Ал эми ODr менен мен 2018-жылы эле бир-эки жолу макала жазып иштешкем. Алар менен келишим да түзгөн эмесмин».
Учурда «Азаттык» журналист Улукбек Бабакулов менен байланышууга аракет кылууда.
«ОреnDemocracy» (ODr) долбоору 2-октябрда «Кыргызстандагы бажы жаңжалында мурдагы журналисттин ролу боюнча суроолор» аттуу макала жарыялаган. Анда «ОреnDemocracy» менен буга чейин кызматташып келген Элнура Алканованын Кыргызстандагы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы талданган. Макала чет өлкөгө чыгып кеткен журналист Улукбек Бабакуловдун айткандарына таянып, Алканованын Матраимовдор менен байланышта болгону жөнүндө баяндаган болчу.
Ушундан улам «ОреnDemocracy» Элнура Алканова менен кызматташканы, аны иликтөөчү-журналист катары кадыр-баркын көтөрүп, эл аралык сыйлыкка көрсөтүп, сүрөгөнү үчүн өкүнүчүн билдирген.