Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2019

Новости за 21.11.2019

Кант диабетине чалдыккандар 3-4 эсе көп экени айтылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда кант диабетинин тигил же бул түрүнө чалдыккандар 240 миң адамдын тегерегинде. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Каратаев белгилегендей, кант диабети менен расмий каттоодо 60 миңдей адам турат, бирок бул сан 3-4 эсе көп болушу ыктымал. - 60 миңди болжол менен төрткө көбөйтсөк, 240 миң адам бул оорунун тигил же бул формасына чалдыккан деп айтсак болот, - деди Каратаев. Бүгүн Бишкекте кант диабетин алдын... Читать дальше...

ИИМ: буюртма киши өлтүрүү жок

Azattyk.org 

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Кыргызстанда милиция кылмыштуулук менен күрөшүп жатканын, «уюшкан кылмыштуу топтор баш көтөрдү» деген маалыматтарга кошулбай турганын айтты: - Акыркы үч жылдын ичинде буюртма киши өлтүрүү, криминалдын тиреши болгон жок. Бакиевдин, мурдагы президенттердин убагында бир айда үч-төрттөн киши өлтүрүү болуп турчу. Бакиевдин убагында, 2007-2008-жылдары бийлик өкүлдөрү, кылмыш дүйнөсү - бардыгы аралашып Медет Садыркуловду өлтүргөн. Бул кылмыш ишине 28 киши катышканы аныкталып... Читать дальше...

Орусияда жоокер чыккынчылык кылган деген шек менен кармалды

Azattyk.org 

Орусиянын Коопсуздук боюнча федералдык кызматы Ростов облусунун Аксай шаарында, Түштүк аскер округунун бир кызматкери «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген шек менен камалганын билдирди. Анда бул жоокер Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын тапшырмасы менен Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө байланыштуу жашыруун маалыматтарды топтоп жүргөнү айтылат. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренеси, тактап айтканда «Мамлекетке чыккынчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Читать дальше...

Иранда экологиялык фонддун мүчөлөрү «тыңчылык» үчүн соттолду

Azattyk.org 

Иранда эки жылга жакын убактан бери тергөө абагында кармалып жаткан «Жапайы жаратылыш боюнча Перс фондунун» алты мүчөсүнө сот өкүмү чыгып, алар алты жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылды. Аларга «башка өлкөнүн пайдасына тыңчылык кылган, өлкөнүн душманы деп эсептелген АКШ менен байланышы болгон» деген айып коюлган. Тергөөдө соттолгондор «экологиялык жана илимий долбоорлорго жамынып алып, өлкөдөгү стратегиялык маанилүү райондор тууралуу жашыруун маалыматтарды тымызын топтоп жүргөн» деп айтылган. Читать дальше...

Саймаитинин саясаттагы шектүү алакалары

Azattyk.org 

Түркияда өлтүрүлгөн Айэркен Саймаитинин Стамбулдагы мурдагы башкы консул Эркин Сопоков менен карым-катышы анын кыргыз саясий элитасындагы күмөндүү байланыштары тууралуу суроолорго жем таштады.

Сулайманов: түзүлө турган депкомиссия Түркия менен кызматташуусу зарыл

Azattyk.org 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов 21-ноябрда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлчү комиссия кытайлык ишкердин өлтүрүлгөн себебин гана эмес, анын Кыргызстандагы ишмердигин, кимдер менен байланышта болгонун, буга чейин «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган акча которуулардын чоо-жайын да иликтеши керек. Ошол эле кезде Сулайманов Саймаити менен мурда тааныш болгонун ырастап, бирок акыркы жылдары байланышпаганын айтты. Читать дальше...

Газга бай Түркмөнстандын эли тезек жагууда

Azattyk.org 

Түркмөнстандын Мары аймагы бүт өлкөнү багып жаткан жаратылыш газынын булагы болуп саналат. Ага карабай марылыктар газ менен электр энергиясы жоктугунан улам үйлөрүн отун жана тезек менен жылытууга аргасыз болушууда.



Иран менен Азербайжандын соода алакалары 30 пайызга өстү

Ca-irnews.com (kg) 

Азербайжандын мамлекеттик бажы комитети өлкөнүн Иран Ислам Республикасы менен соода алакаларынын көлөмү ушул жылдын алгачкы 10 айынын ичинде өткөн жылга салыштырмалуу 30дан ашык пайызга өскөнүн билдирди.

Депутат Төрөкулов: Саймаити менен Түркияда жолуккам (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов Стамбулда өлтүрүлгөн уйгур тектүү кытайлык ишкер Айеркен Саймаити менен Түркияда жолукканын, аны менен 15 жылдан бери тааныш болгонун ырастады. Бул тууралуу ал 21-ноябрда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып айтты. - Аны менен ишкерлик байланышым болгон эмес. Бирок жеке байланышым бар болчу. Ош, Кара-Суу кичинекей эле аймак да. Ал жерде баары тең бири-бирин тааныйт. Айэркен Саймаити чуу жараткан жигит. Анын аты миллиондогон акча боюнча айтылып жатат. Читать дальше...

22-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Шашылыш билдирүү 22-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп... Читать дальше...

Эки кишини өлтүрүүгө шек саналган адамды издөө токтотулду

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусундагы «Хан-Теңири» лагеринде эки кишини өлтүрүп, бир адамды барымтага алды деп шек саналган Сергей Смирновду издөө иштери токтотулду. Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов 21-ноябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Смирнов Эңилчек дарыясын сүзүп өтүүдө чөгүп кетиши мүмкүн экенин айтты. - Мен издөө иштерине катышкан беш күн ичинде суунун деңгээли эки метрге чейин көтөрүлүп турду. Эңилчек дарыясынан өтүү мүмкүн болбогондуктан издөө иштери токтотулган. Баштапкы маалымат... Читать дальше...

Аттард: Фейктер дүйнөгө көйгөй жаратты

Azattyk.org 

Сидней технологиялык университетинин журналистика факультетинин деканы Моника Аттард Кыргызстанга келип, Борбор Азия университетинин студенттери менен тажрыйба бөлүштү.

ИИМ: акча ташыган адамды өлтүрүүгө шек саналгандардан 100 миң доллар алынды

Azattyk.org 

«Манас» аэропортунун жанында турган автоунаанын багажынан сөөгү табылган адамдын өлүмүнө байланыштуу шек саналып жаткан эки киши кармалып, дагы экөөнө издөө жарыяланды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов 21-ноябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты. Ал киши колдуу болуп өлтүрүлгөн адам акча ташуу менен алектенгенин, аны өлтүрүүгө шектелип кармалгандардан 100 миң доллардан ашык акча алынганын билдирди. Бирок каражаттын ээси аныктала элек. Каниметов акча мыйзамсыз ташылып турушу мүмкүн экенин кошумчалады. Читать дальше...

Депутат Казакбаев ЕЭАБдин жыйыны боюнча өкмөттү сындады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин вице-премьер-министрлеринин жана Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынына кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү даярдыксыз барганын сынга алды. Бул тууралуу депутат парламенттин 21-ноябрдагы жыйынында билдирди. Казакбаевдин айтымында, ЕЭК коллегиясынын жыйынында Кыргызстан үч маселе көтөрүп, бирок анын бирөө да колдоо тапкан эмес. - Көп нерсе кадрларга байланыштуу. Чет мамлекеттердеги сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын... Читать дальше...

БУУ: Йемен согушундагы курмандыктардын жарымы аялдар менен балдар

Ca-irnews.com (kg) 

Бириккен Улуттар Уюмунун Йемендеги гуманитардык иштер боюнча координациялык кеңсеси Балдардын эл аралык күнүнө карата жасаган билдирүүсүндө Йемен согушундагы курмандыктардын  жарымы аялдар менен балдар деп билдирди.

Жанар Акаев: УКМК далил зат катары алынган 200 миң долларды көрсөтсүн

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) паранын далили катары алынган акчаны коомчулукка көрсөтүүнү талап кылды. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып Акаев Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүүгө чоң шек жаралганын, 200 миң доллардын дайыны тууралуу эл арасында түрдүү сөздөр айтылып жатканын, аларга УКМК өзү чекит койгону туура болорун белгиледи: - Азыр коомчулукта аябай чоң сенсация болуп, 200 миң доллар УКМКда тергөөчүнүн сейфинен жоголуп кеткен деп айтылууда. Читать дальше...

Өзбекстандан акча ташыган түркмөндөр

Azattyk.org 

Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосунда акча туризми деген көрүнүш күч алды. Банкоматтар бош турганынан улам миңдеген түркмөндөр Өзбекстанга барууга аргасыз.

Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын бүтүмү парламентке жөнөтүлдү

Azattyk.org 

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. Документке комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшкан. Ал парламентте качан каралары азырынча белгисиз. Өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 21-ноябрда тараткан маалымат боюнча, комиссиянын жетекчиси вице-премьер-министр Жеңиш Разаков комиссиянын мүчөлөрү менен жолугуп Кой-Таш окуясынын жагдайлары ар тараптуу иликтенгенин айтты. Буга чейин комиссиянын корутундусунун долбооруна... Читать дальше...

Бишкекте баңгизатты жарнамалаган баннер алынды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык мэриясы Чүй жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги синтетикалык баңгизатты жарнамалаган баннерди алды. Бул тууралуу шаардык бийликтин басма сөз кызматы маалымдады. Баннерге QR-код менен сайттын аталышы жазылган. Ал баңгизаттарды саткан онлайн дүкөнгө алып барат. Ал баннерди Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери 20-ноябрда алышкан. Мэрия буга шаар тургундары арызданып кайрылышканын билдирди. Маалыматка караганда, жарнаманын мыйзамдуулугуна өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги көзөмөл жүргүзөт. Читать дальше...

Бакыт Төрөбаев Кыргызстан ЕАЭБден тапкан зыянды тизмектеп берди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) киргенден кийин бир катар көйгөйлөргө туш болду деп эсептейт. 21-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал өкмөттү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого чакырып, ЕАЭБдин алкагында кыргызстандык ишкерлер ишин илгерилете албай жатканына токтолду: - ЕАЭБ алкагында акча каражатынын эркин өтүшүнө чек болду. Ун кымбаттап, ун тармагы жок болду. Айыл чарба продукциясы Орусиянын чек арасынан кайра келип жатат. Читать дальше...

Тегерандагы азыркы абал

Azattyk.org 

Иран бийлиги ири демонстрацияларга байланыштуу Интернетти блоктоду. Ага карабай нааразылык акциялары учурунда бузулган имараттардын сүрөттөрү социалдык тармактарга жарыяланды.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *