Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2019

Новости за 21.11.2019

Жээнбеков: бир да жеткинчек светтик билимден четте калбашы керек

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте 21-ноябрда «Ислам жана православдык тынчык диндери» аталышындагы эл аралык конференцияда сүйлөп жатып, бир да жеткинчек светтик илимден четте калбашы керек экенин айтты. Ал балдардын билим алууга болгон укугу Кыргызстандын Конституциясында да так жазылганын белгиледи. - Медресе болобу, чиркөө болобу, диний билим берүү иш-аракети мамлекеттик негизги жалпы билим алууга кедерги болбошу керек, - деди президент. Ошондой эле Кыргызстан Евразия мейкиндигиндеги... Читать дальше...

Ажырашкандардын жана мигранттардын балдарынын паспорт алуу маселеси айтылды

Azattyk.org 

Ата-энеси ажырашкан же сыртта жүргөн улан-кыздардын паспорт алуу маселесине өкмөт көңүл бурушу керек. Мындай сунушун парламенттин жалпы жыйынында депутат Табылды Тиллаев билдирди. Депутаттын айтымында, ата-энеси жанында жок балдар жашы жеткенде паспорт ала албай жатышат, себеби документ толтурганда атасынын же апасынын колу керек. Парламент мүчөсү билдиргендей, 2018-жылы Кыргызстанда 10 434 үй-бүлө ажырашууга арыз берген, бирок чынында бул сан 50 миңдин тегерегинде болушу ыктымал. Жалпы жарандык... Читать дальше...

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы №13 Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектептин 10-11-классынын окуучу кыздарынын мушташына байланыштуу Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зиябекова кызматтан алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси «Мамлекеттик, жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамдын 47-беренесине («Кызыкчылыктардын кагылышуусу») ылайык жумуштан алынды. Читать дальше...

Парламентте Саймаити боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушу айтылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзүү сунушталды. «Бир Бол» фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов фракциянын бул тууралуу чечими даяр экенин билдирди: - Депутаттарды, мени каралаган күчтөр көбөйдү. Бул жерде алаксытуучу маневр болуп жатат. Кандайдыр бир күчтөр өзүнөн башка жакка бургусу келип жатат. Саймаити ким, Кыргызстанга качан келген, кантип кеткен, кыргыз паспортун кантип алган, кыргыз дипломатиялык машинасында кантип жүргөн... Читать дальше...

Соттор жергиликтүү бийлик менен кошо элдин көйгөйүн чечет

Azattyk.org 

Мындай чечим 19-ноябрда Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен Бишкек шаарынын жетекчилиги жолуккан учурда кабыл алынды. Жолугушууга мэрия кызматкерлеринен тышкары прокуратура, ички иштер органдарынын, шаардык жана райондук соттордун өкүлдөрү катышты. Жогорку соттун төрайымы элдин сотторго ишенимин жогорулатуу үчүн судьяларды жергиликтүү бийлик органдары менен чогуу элге жолугуп, маселелерди жеринде чечүүгө көмөктөшүүгө чакырды. Бишкек шаарынын мэри жана акимдер Жогорку сот төрайымынын демилгесин колдошту. Читать дальше...



Жарандык коом аял укуктарынын корголушу боюнча өз баяндамасын сунуштайт

Azattyk.org 

Жарандык коомдун баяндамасы кыргыз өкмөтүнүн баяндамасына катар эле БУУнун аялдарга карата бардык кысым-басымдарды жоюу комитетине жолдонууда. Иш-чаранын демилгечиси "Аялдарды колдоо борборунун" өкүлү Элиза Аджиеванын "Азаттыкка" билдиришинче, баяндамада акыркы төрт жыл аралыгында Кыргызстанда аялдардын укуктарынын корголушу боюнча өкмөт тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат берилет. Жарандык коомдун баяндамасында Кыргызстандагы аялдардын социалдык-маданий ролу, аялдарды эксплуатациялоо... Читать дальше...

Иран: Душмандарыбыз уюштурган кутум ишке ашкан жок

Azattyk.org 

Иран митингге чыккандардын өлүмү көбөйүп жатканына карабай, "душманынын кутумун" жеңгенин маалымдады.  Иран президенти Хасан Роухани 20-ноябрдагы өкмөттүн жыйынында "биздин адамдар жеңди" деп билдирди. Ал ошондой эле "көчөгө чыккан куралдуу анархисттер аз эле болгонун" айтты. Роухани Ирандагы калайман нааразылыктардын артында Тегерандын каршылаштары - Сауд Арабиясы, Израил жана АКШ турат деп божомолдоду. Ирандын көсөмү Аятолла Али Хаменеи 19-ноябрда "каршылаштары жеңилгенин" айтып, нааразылыктар элден чыкпаганын билдирген. Читать дальше...

Кыргыз элчиси Британ канышасына ишеним грамотасын тапшырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуу Британиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсалов 20-ноябрь күнү Британиянын канышасы Елизавета Экинчиге ишеним грамотасын тапшырды. Лондондогу Букингем сарайында өткөн салтанатта элчи канышага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жана жалпы кыргыз элинин жылуу каалоо-тилектерин жеткирди. Мындан тышкары элчи канышага шырдак белек кылды. Эдил Байсалов канышага Кыргызстандагы азыркы кырдаал тууралуу маалымат берип, кыргыз тарап Британия менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин кошумчалады. Читать дальше...

Касенов: Ипподром Атамбаевдин тапшырмасы менен бүткөрүлгөн

Azattyk.org 

Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду оңдоо ишиндеги коррупцияга жол бергени үчүн айыпталып жаткан Эркинбек Мергенбаев менен Алмаз Касеновдун соту болду Ишти 20-ноябрь күнү Биринчи май райондук соту жаңы жагдайлар менен карады. Анда айыпталуучу, Улуттук оюндар борборунун мурдагы жетекчиси Алмаз Касенов көрсөтмө берди. Ал ат майданды оюндарга даярдоо иши ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен тез арада курулуп, бүткөрүлгөнүн билдирди. -... Читать дальше...

Сербия орусиялык адам катышкан тыңчылык окуяны иликтөөдө

Azattyk.org 

Серб өкмөт башчысы Ана Брнабич 20-ноябрь күнү билдиргендей, социалдык тармакка тараган тасмада Сербиянын атайын кызматкерине акча берип жаткан адам орусиянын аскердик чалгын кызматына тиешеси бар деп шектелүүдө.  17-ноябрь күнү YouTube каналына кыска тасма жарыяланган. "Орус агенти менен серб тыңчысынын жолугушуусу" деп аталган тасмада орус дипломаты Белграддагы пивоканалардын биринин жанында серб агентине желим баштык берип жатканы көрсөтүлгөн. Ошол эле тасмада кийинчерээк сербиялык агент ал баштыктан акча алып чыгып жатканы тартылган. Читать дальше...

Адвокат: Жапаровдун сүрөтү үчүн куугунтукталдым

Azattyk.org 

Ош шаарындагы адвокат Айсалкын Карабаева иш бөлмөсүнө Садыр Жапаровдун сүрөтүн илип койгону үчүн куугунтукталып жатканын билдирди.  - Жапаровдун сүрөтүн бирөөлөр алып келген экен. Бырышып турбасын деп дубалга илип койгом. Кечинде үйгө барганда милициянын 10-бөлүмүнөнбүз деп бирөөлөр чалып, "кеңсеңиз кайда, кожоюну ким?" деп сурашты. Мен айттым. Эртеси Алайга иш караганы кетип, түштөн кийин келсем, кожоюн "бөлмөнү тез бошотуп койсун" деп мага ижараны берген нотариус кызга катуу табыштап кетиптир. Читать дальше...

Сондленд: Зеленскийдин АКШга келчү сапары макулдашылган

Azattyk.org 

Мындай маалыматты АКШнын жогорку деңгээлдеги дипломаты президент Трамптын импичмент маселесине байланыштуу коомдук угууда айтты. АКШнын Евробиримдиктеги элчиси Гордон Сондленд 20-ноябрдагы жыйында билдиргени боюнча, президент Трамп Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленскийге, эгерде өзүнүн саясий атаандашына карата иликтөө жүргүзүлсө, аны Ак Үйгө чакырарын айткан.  Анын сөзү боюнча, бул өтүнүчүн президент Трамп өзүнүн жеке адвокаты Руди Жулиани аркылуу берген деп белгилейт Гордон Сондленд:... Читать дальше...

Элчилик: Аброр Азимов Кыргызстандын жараны эмес

Azattyk.org 

Мындай билдирүүнү Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги таратты. Анда 2017-жылдын 3-апрелинде Санкт-Петербург шаарындагы метродо теракт уюштурууга катышкан деп айыпталган Аброр Азимов Кыргызстандын жараны эмес экендигин эскерткен. Мындан тышкары элчилик журналисттерди мындай мүнөздөгү маалымат берүүнүн алдында адамдардын чыныгы жарандыгын белгилөө менен так болууга чакырган.  2017-жылы 3-апрелде Санкт-Петербургдун метросунда жардыруу болгону, андан 15 киши каза таап, элүүдөй киши жабыркаганы кабарланган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *