Алмазбек Атамбаев сотко жеткирилди
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жеткирилди. Бул тууралуу журналисттерге Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди. Учурда райондук сотто кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук жараян болору күтүлүүдө. Бул иш боюнча 15-ноябрдагы биринчи соттук отурумга Алмазбек Атамбаев катышуудан баш тарткан. Анын жактоочулары Атамбаев иш боюнча бир да көрсөтмө бербегенин билдиришкен. Батукаевдин иши боюнча бардык соттук отурум жабык өтөт. Читать дальше...