Албаниядагы жер титирөөдөн каза тапкандардын саны көбөйдү
Урандынын астында калгандарды куткаруу иштери уланып жатат.
Урандынын астында калгандарды куткаруу иштери уланып жатат.
Жогорку Кеңеште 2019-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы талкууланды.
Ирландиялык мушкер 2018-жылы россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов менен беттешип жеңилип калган. Ошондон бери октагонго чыга элек болчу.
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда Борбор Азия мамлекет башчыларынын Экинчи консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Өзбекстандын Ташкент шаарына барды. Президенттин басма сөз кызматы жолугушуунун күн тартибине саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт-коммуникациялык жана башка тармактардагы аймактык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери киргизилгенин кабарлады. Бул жыйындын алкагында Жээнбековдун өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуусу да болот. Читать дальше...
Сүннөт - бул аз. пайгамбардын сөзүн, кыймыл-аракетин жана такририн (чоочун бир окуяны көргөндө ага каршы чыкпашы/унчукпай коюшу) туюндурган термин.
Жогорку Кеңеш беш жылга байланыштуу бюджеттик үч мыйзамды шашылыш кабыл алды.
Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары алдыда боло турган мелдешке 29-ноябрдан тарта даярдык көрөт. Машыгуу Бишкек шаарында өтөт.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Өзбекстандын Илимдер академиясынын ардактуу академиги деген наам алды. Түркмөнстандын мамлекеттик басылмалары билдиргендей, наам ыйгаруу аземи 28-ноябрда Ташкентте өттү. - Мен муну Түркмөнстанга көрсөтүлгөн сый-урмат, биздин өлкөнүн билим берүү жана илим тармагындагы жетишкендиктерин таануу жана эки өлкөнүн достугунун бекемделиши катары кабыл алам, – деди Бердымухамедов. Түркмөнстандын президенти 28-ноябрда Өзбекстанга эки күндүк жумуш сапары менен келген.
Беларустагы «Naviny.by» маалымат порталы Минск шаарындагы ири курулушка Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу ыктымалдыгын, тун небереси фамилиясын «Петров» деп өзгөртүп алганын иликтеп чыкты. Буга чейин мурдагы президенттин тушунда эң таасирлүү бийлик өкүлү болгон, Беларуста жашап жатканы айтылган Данияр Үсөнов аты-жөнүн Даниил Урицкий деп алмаштырып алганы тууралуу маалыматтар чыккан. «Naviny.by» маалымат сайты Минск шаарындагы «Динамо» […]
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Аймак аралык касташууну козутту» деген айып менен социалдык тармактардагы «БеспределKG» баракчасынын негиздөөчүсү, активист Афтандил Жоробековду кармап, сот чечиминин негизинде эки айга камады. Атайын кызмат кылмышка шектүүгө «Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, массалык нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн» деген кине тагууда. Жоробековдун жакындары муну Кыргызстандагы мыйзамсыз иштерге каршы […]
Сүймөнкул Чокморовдун жарык дүйнөнү таштап кеткенинен бери 27 жыл өттү. Ушу күндөрү кыргыз коомчулугу улуу таланттын 80 жылдыгын белгилөөдө. Сүймөнкул Чокморовдун артында калган мурасынын көркөмдүк баалуулугу мезгил өткөн сайын улам ачыла берет окшобойбу. Улуу таланттын бири экинчисинен кем калбаган кош өнөргө келиши деле кызык болгон экен. Оору азабынан кутулуу аргасын издеп бала чагында спортко кызыгып, […]
Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин ишинин алкагында 900 миллион доллардан ашык акча өлкөдөн сыртка чыгарылганы расмий кабарланды. «Азаттык» өз иликтөөсүндө бул сумма 700 миллион доллар экенин жарыялаган. Бажыдагы ушул жана башка аткезчилик фактылары Жогорку Кеңештин эки комитетинин 26-ноябрдагы жыйынында айтылды. Депутаттар мындай чуулуу фактылар үчүн өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылышты. Кайра эле «миллиондор» темасы […]
«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат. Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана […]
Республикалык СПИД бирикмеси Кыргызстанда ВИЧ жугузуп алган кишилердин расмий саны 2019-жылдын 1-ноябрына карата 9516 адамды түзгөнүн билдирди. Алардын 2013ү каза болгон. Дарт жуккандардын 8994ү кыргызстандыктар, 522си чет элдиктер. ВИЧке кабылгандардын 64% эркектер, 36% аялдар. 14 жашка чейинкилер - 7,5; 15-24 жаштагылар 12%; 25-49 жаштагылар 70%; 50дөн өткөндөр 10,5%. Ооруга чалдыккандардын 47% корголбогон жыныстык катыш учурунда, 45,1% баңгизатты ийне менен сайынуу жана медициналык жабдуу аркылуу жуктурган. Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия мамлекет башчыларынын Экинчи консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн 29-ноябрда Өзбекстанга барат. Расмий кабарга ылайык, Ташкенттеги жыйынга Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын президенттери жана Казакстандын биринчи мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев катышат. Алар аймактык кызматташууну кеңейтүү маселесин талкуулап, аягында декларация кабыл алынат. Жээнбековдун өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуусу да болот. Борбор... Читать дальше...
АКШ президенти Дональд Трамп мурда жарыяланбаган иш сапары менен Ооганстанга барды. Ал ооган президенти Ашраф Гани менен жолугуп, Баграмдагы аскердик базада болду. Ал жакта президент аскер кызматкерлерин "Ыраазычылык күнү" менен куттуктады. Бул дата ноябрдын акыркы бейшембисинде белгиленет. Аскерлерге кайрылуу учурунда Трамп АКШ тынчтык келишимине макул болушу ыктымал экенин билдирди. - «Талибан» келишим түзүүнү каалап жатат, - деди ал. Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктагандан кийин Трамп ашканада... Читать дальше...
«БеспределKG» баракчасынын негиздөөчүсү, активист Афтандил Жоробековдун камактагы абалынан омбудсмендин орун басары Ерлан Алимбаев 29-ноябрда кабар алганга аракет кылат. Бир күн мурун тергөө иштерине байланыштуу жолугушууга мүмкүн болбогонун «Азаттыкка» билдирди. - Бүгүн байланышып сурайбыз. Эгер мүмкүн болсо, барабыз. Өзүңөр билесинер, ал жер өзгөчө режимдеги объект, уруп-согуп кирип кете албайсын, - деди Алимбаев. Афтандил Жоробековду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Аймак... Читать дальше...
«Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровду түрмөдөн бошотуу маселеси боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. «Азаттыктын» «Эки бир» көрсөтүүсүндө суроолорго берип жатканда Жапаров саясий себептен түрмөдө отурганын билдирди. Бирок «Аны эркиндикке чыгарбоого кимдер кызыкчылыгы болушу мүмкүн?» деген суроого конкреттүү жооп берген жок. - Садыр Жапаров түрмөдө акыйкатсыз отурганын белгилейм. Аны чыгарууну президенттен суранам. Аны «бул киши чыгарбай жатат» деп анык айта албайм, себеби аны билбейм. Читать дальше...