Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2020

Новости за 11.03.2020

Кыргызстан Иранда калган айдоочуларын Азербайжан аркылуу алып келмей болду

Azattyk.org 

Иранда калган кыргызстандык айдоочулардын айрымдары Азербайжан аркылуу келгени жатышат. Бул тууралуу 11-марта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.  Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз тарап Азербайжандын тийиштүү мекемелери менен сүйлөшүү жүргүзүп, транзиттик коридор сураган.  Натыйжада 9-11-март күндөрү иран-азербайжан чек арасындагы «Астара» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 23 оор жүк ташуучу машиненин 11и өттү. Калган 12 автоунаа азыр паспорттук-бажы текшерүүсүнөн өтүп жатат.  ТИМдин маалыматына караганда... Читать дальше...

Жалпы жарандык паспортту даярдоо мөөнөтү кыскарды

Azattyk.org 

Кыргызстанда чет мамлекетке чыгуучу паспортту даярдоо мөөнөтү дээрлик бир аптага кыскарды. Бул тууралуу 11-мартта Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. Мекеменин басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев «Азаттыкка» билдиргенине караганда, мындай чечим чек арадан ID карта менен өтүүгө тыюу салынганына байланыштуу кабыл алынды. «Буга чейин 18 күндүн ичинде жасалып берилген болсо, 11-марттан тартып алты күнгө кыскарып, 12 күндүн ичинде жасалып бермей болду», - деди ал. Бейшеналиев белгилегендей, бул үчүн кошумча акы алынбайт. Читать дальше...

Британия Нуралинин мүлкүнө кастарын тикти

Azattyk.org 

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Нурали Алиевге таандык деп табылган Лондондогу турак үйдү Британиянын Кылмыштуулук менен күрөш боюнча агенттиги камакка койду.

Улуттук банк: Сомдун мындан ары арзандашына негиздүү себеп жок

Azattyk.org 

Кыргызстандын улуттук валютасы сомдун мындан ары арзандашына орчундуу негиз жок. Бул тууралуу 11-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди: «Сомдун курсунун мындан ары төмөндөшүнө фундаменталдуу себеп жок. Кыргызстандын экономикасы бүгүнкү күндө өсүп жатат. Коронавируска байланыштуу анча-мынча түзүмдүк өзгөрүүлөр болууда. Бул кыска мөөнөттүү гана таасир. 2-3 айдын ичинде баары өз ордуна келип, ушундай абалда калат». 10-мартта Кыргызстанда доллар дароо кымбаттады. Читать дальше...

«Таза суу» программасынын таскагы

Azattyk.org 

«Элди таза суу менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты» болорун президент Сооронбай Жээнбеков Баткенде айтты.

Акталуунун узакка созулчу азабы

Azattyk.org 

1920-жылдан 1953-жылга чейинки Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктарынын 10 томдук «Эскерүү китеби» жарык көрдү.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *