Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2020

Новости за 22.03.2020

Республикалык штаб өзгөчө кырдаалдын тартибин түшүндүрдү

Azattyk.org 

Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб Кыргызстанга киргизилген өзгөчө кырдаалдын тартибин түшүндүрдү. 22-марттан тарта бир ай мөөнөт менен иштей баштаган режимде бир катар чектөөлөр киргизилди. Ага ылайык: Негизги жолдордо санитардык-эпидемиологиялык посттор орнотулат. Үйдөн чыкпай отуруу сунушталат, бирок жүйөлүү себеп болуп калса блокпосттордон тоскоолдуксуз өтүп турууга мүмкүн. Блокпосттордон тоскоолдуксуз атайын унаалар (таштанды чогултуучу, инкассаторлор) жана жүктөрдү, азык-түлүктөрдү... Читать дальше...

Франция менен Иран абактагы бирден жаранын алмашты

Azattyk.org 

Франция менен Иран бир нече айдан бери абакта жаткан бирден жаранын алмашты. Франциялык изилдөөчү Роланд Маршал 21-мартта Ирандан Парижге учуп келди. АКШнын өтүнүчү менен былтыр Францияда кармалган ирандык инженер Жалал Рохолахнежад да Тегеранга жөнөтүлдү.  Ирандын сот системасындагы жаңылыктарды чагылдырган “Mizan Online” эки адам “өз ара кызматташтыктын” негизинде 20-мартта абактан бошотулганын маалымдады.  64 жаштагы француз жараны Роланд Маршал кесиптеши Фариба Аделхан менен кошо 2019-жылдын июнь айында кармалган. Читать дальше...

Жалал-Абадда 59 жерде блокпосттор иштеп жатат

Azattyk.org 

Облустун аймагындагы трассада негизинен Бишкек-Ош жолунун Чычкан капчыгайында санитардык пост иштеп жатат. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов “Азаттыкка” билдиргендей, республикалык штабга дагы эки жерге санитардык пост коюу сунушталды. Алар Чаткал-Талас жана Казарман-Нарын жолуна коюлат. "Райондун, шаарлардын ичинде да жергиликтүү элдин сунушу менен 58 блокпост коюлган. Ал жерде милиция жана элдик кошуун чогуу иштеп жатат. Кирип чыккан автоунаалар дезинфекцияланып жатат", – деди Мирзахмедов. Читать дальше...

23-марттан тарта Өзбекстанда беткап тагынуу милдеттүү болот

Azattyk.org 

Өзбекстанда 23-марттан тарта коомдук жайларда беткап кийбей жүргөн кишилерге эскертүү берилет, ал эми 25-марттан баштап айып салынат. Бул тууралуу өлкөнүн Коронавируска каршы атайын комиссиясы билдирди. Бирок айыппулдун өлчөмү жөнүндө айтыла элек. 23-марттан тарта Өзбекстандын бардык чек аралары жабылат. Ташкенттеги мекеме-ишканалар онлайн же аралыктан иштөө эрежесине өтөт. 22-марттагы расмий кабарга ылайык, Өзбекстанда 42 кишиде COVID-19 вирусу аныкталды. Алар Франциядан, Түркиядан, Британиядан... Читать дальше...

Казакстанда дагы үч кишиден коронавирус табылды

Azattyk.org 

Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда дагы эки, Алматы шаарында бир кишиден коронавирус табылды. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 22-мартта билдирди. Натыйжада өлкөдө COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны 57 адамга жетти. Алардын 31и Нур-Султанда, 23и Алматыда, экөө Караганда шаарында, бирөө Алматы облусунда аныкталды. 22-марттан тарта жүргүнчү ташыган казакстандык авиакомпаниялар Нур-Султан жана Алматы шаарларына каттамдарын токтотту. Бирок эл аралык каттамдар жана жүк... Читать дальше...

Коопсуздук кеңеши: жергиликтүү шайлоо башка мөөнөткө жылдырылат

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал киргизилгенине байланыштуу 12-апрелге белгиленген жергиликтүү шайлоо башка мөөнөткө жылдырылат. Мындай чечимди 21-мартта Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши кабыл алган. Эми шайлоону жылдыруу боюнча жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол коюшу керек. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, бул жарлык күчүнө кирери менен шайлоого байланыштуу бардык өнөктүк, үгүт иштери өлкөдө эпидемиологиялык абал калыбына келгенге чейин токтотулат. Читать дальше...

Түндүк Македонияда коменданттык саат киргизилет

Azattyk.org 

Түндүк Македониянын өкмөтү өлкө аймагында кечки саат 9дан таңкы саат 6га чейин коменданттык саат киргизүү чечимин кабыл алды. COVID-19 вирусунун жайылышын алдын алууну көздөгөн мындай режим 22-марттан тарта иштей баштайт. 1991-жылы эгемендигин жарыялагандан бери Түндүк Македонияда коменданттык саат жарыяланган эмес.  Коңшу Сербияда мындай режимдин мөөнөтү үч саатка узартылды. Эми өлкөдө кечки саат 5тен таңкы саат 5ке чейин сыртка чыгууга болбойт. Румыния да коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн... Читать дальше...

Суу сыйлаган зор болоор...

Azattyk.org 

22-мартта Бүткүл дүйнөлүк суу ресурстарынын күнү (World Day of Water) белгиленет. Мындай чечим 1992-жылы 22-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунда кабыл алынган.



Баткенде дезинфекциялоо, коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Azattyk.org 

Баткен районунун 21-мартта карантинге алынган Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айыл аймактарында дезинфекциялоо иштери күчөтүлдү. Алардын ичинде изоляторго жаткырылган тургундардын турак үйлөрү да бар. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиология борборлорунун кызматкерлери облус аймагындагы 230 мечитти, 13 мектепти, 7 орто жана жогорку окуу жайды, 17 мектепке чейинки мекемени, 81 коомдук тамактануу жайды, 8 аскердик бөлүктү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү 5 бөлүгүн... Читать дальше...

22-март: Кыргызстанда коронавирусту жугузгандар катталган жок

Azattyk.org 

22-мартка карата Кыргызстанда коронавирусту жаңыдан жугузуп алгандар катталган жок. Бул тууралуу бул коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлады. Маалыматка ылайык, өлкөдө COVID-19 вирусун жалпысынан 14 адам жугузуп алган. Сузак районунда сегиз, Ноокатта үч, Бишкек шаарында эки жана Баткен районунда бир адам катталган. Бейтаптардын алтоо эркек, сегизи аял. Жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейин, алар учурда тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Ал эми коронавирус жугузгандар менен байланышта... Читать дальше...

Дүйнөдөгү кырдаал журтташтарды кыйнады

Azattyk.org 

Коронавируска байланыштуу көп мамлекеттерде карантин киргизилип, ишканалар өз жумушчуларынын санын кыскартып же акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө жиберип жатат. Мындан улам чет жактарда иштеген кыргызстандыктар да жабыркашууда.

Балыкчы шаарынын кире беришине блокпосттор коюлду

Azattyk.org 

22-мартта саат 08:00дөн баштап Балыкчы шаарынын кире беришине блокпост коюлуп, күчөтүлгөн режимде иш башталды. Бул тууралуу облустук бийликтин өкүлдөрү кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган жайда Ысык-Көл облусунун аймагына кирген ар бир айдоочу, жүргүнчүлөр каттоодон өтүп, тизмеси түзүлүүдө жана тепловизор менен ар бир адамдын дене табы текшерилип жатат. Мындай аракет коронавирусту жайылтпоо максатында жасалууда. Буга чейин бир катар облустардын кире беришине көзөмөл посттору коюлган эле. Кыргызстанда... Читать дальше...

Ош облусунун аймагына 31 блокпост, 51 санитардык-карантиндик пост коюлду

Azattyk.org 

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, Ош облусунун аймагында 31 блокпост жана 51 санитардык-карантиндик пост орнотулуп, 22-март күнү саат 7:00дөн баштап иштей баштады. Алай районуна эки, Араван районуна үч, Кара-Суу районуна 11, Кара-Кулжа районуна үч, Өзгөн районуна үч блокпост жана эки тосмо, Ноокат районуна сегиз блокпост жана 28 санитардык-карантиндик пост, Чоң-Алай районуна бир блокпост коюлду. Посттордо милиция... Читать дальше...

Бишкекте автобустар жана троллейбустар иштеп жатат

Azattyk.org 

Бишкек шаарында муниципалдык автобустар жана троллейбустар өзгөчө кырдаал режимине карабай иштей берет. Бул тууралуу шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мэрия алгач коомдук транспортту толугу менен токтотуу чечимин кабыл алган. Бирок кийинчерээк өзгөчө кырдаал режиминдеги аракеттердин алгоритми өзгөртүлүп, автобустар менен троллейбустарды каттамга чыгаруу чечими кабыл алынды. Ал эми кичи автобустардын (маршруткалардын) иши токтотулду. “Автобус... Читать дальше...

Өзгөчө кырдаал: азык-түлүк дүкөндөрү, дарыканалар кадимки тартипте иштейт

Azattyk.org 

Кыргызстанда киргизилген өзгөчө кырдаал режиминде өлкөдөгү бардык ири маркеттер, азык-түлүк дүкөндөрү жана дарыканалар кадимки шартта иштейт. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кафе-ресторандар тамактарды кардарларга жеткирүү боюнча кызмат көрсөтөт. Ошондой эле Бишкек шаарында маршруттук каттамдагы кичи автобустар толугу менен токтоду. Бирок чектелүү санда автобустар жана троллейбустар иштеп жатат. Кыргызстанда коронавирусту жайылтпоо... Читать дальше...

УКМК коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан адамды кармады

Azattyk.org 

УКМК Жалал-Абадда дарыгерлер иштен жапырт бошоп жатат деген ушакты тараткан адамды кармады. Бул тууралуу аталган комитеттен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 38 жаштагы Кубанычбек Шаимкулов аттуу адам социалдык тармактарда Жалал-Абад шаардык ооруканасында коронавирус жуктурган адамдар жапырт качып кеткени жана дарыгерлер иштен бошоп жатканы боюнча жалган маалыматты тараткан. УКМКнын маалыматына караганда, кармалган адам күнөөсүн моюнуна алып, калктан кечирим сураган. Буга чейин Коронавируска каршы... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *