Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2020

Новости за 25.03.2020

Ысык-Көлдө айылдар ортосунда пост орнотулду

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө айылдан айылга каттоого чектөө киргизилди. Мындай чечимди облуста түзүлгөн атайын штаб кабыл алган. Ар бир айылдын кире беришине бүгүнтөн тарта пост уюштурулду. Ага ылайык эми бул аймактагы тургундардын ар бири өз айылынан чыга албайт. Жергилктүү калктын коопсуздугу үчүн түзүлүп жаткан шарттар кандай?

Коронавирус жуккан балдардын абалы канааттандырарлык, реанимациядагы бейтаптыкы оор

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус жуккан балдардын баарынын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу 25-мартта Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди. Анын айтымында, бул илдетке чалдыккан балдардын бирөө бирге толо элек, экинчиси алты жашта, дагы бирөө 14тө. Ал эми Жалал-Абаддын ооруканасында жаткан 71 жаштагы бейтаптын абалы туруктуу оор. 25-март, саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жуккан эки жаңы учур катталды. Экөө тең эркек. Бири 60 жашта, экинчиси 35те. Читать дальше...

АКШда пандемияга каршы эки триллион доллар бөлүү боюнча мунаса табылды

Azattyk.org 

Кошмо Штаттарда экономиканы калыбына келтирүү жана саламаттык сактоо тармагына жардам берүү максатында эки триллион доллар бөлүү боюнча тарыхый макулдашуу түзүлдү.  Ак үй менен сенаторлордун ортосунда бир топко созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин мунаса табылганын 25-мартта Дональд Трамптын администрациясынын өкүлү Эрик Уиланд билдирди. «Bloomberg» агенттиги кабарлагандай, Сенатта добуш берүү 25-мартта өтөт. Документти алгач демократтар үстөмдүүлүк кылган Өкүлдөр Палатасы жактырышы зарыл. АКШ президенти... Читать дальше...

Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы эки учур катталды (видео)

Azattyk.org 

25-март, саат 14:00гө карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу жуккан дагы эки эркек киши катталды. Алардын бири - 60 жашта, ал Испаниядан учуп келген аялды аэропорттон тосуп алган. Контактта болгон адам Испания өлкөсүнө кайра учуп кеткен. Ал боюнча Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна маалымат берилгенин Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн брифингде билдирди.  COVID-19 вирусу жаңы аныкталган экинчи жаран - 35те. Ал Дубай шаарынан 20-мартта учуп келген. Бүгүнкү күндө... Читать дальше...

COVID-19: Индияда үйдөн чыгууга тыюу салынды

Azattyk.org 

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди шаршемби күнү кечинде жалпы өлкөгө карантин киргизилгенин жарыялап, 25-марттан тартып жарандарга үйлөрүнөн чыгууга тыюу салды. Коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында кабыл алынган чаралар 21 күнгө созулары маалым болду. «Эгер биз алдыдагы 21 күндө жеңе албасак, анда биз 21 жыл артка кайтып калышыбыз мүмкүн», - деп айтты Моди телеканалдагы кайрылуусунда. 1,3 миллиард эли бар Индияда COVID-19 вирусу 560тан ашуун кишиде аныкталган. 10 киши бул илдеттен көз жумган. Читать дальше...

Чадда «Боко Харамдын» чабуулунан 100дөй аскер курман болду

Azattyk.org 

Африканын батыш тарабында жайгашкан Чад мамлекетинин президенти Идрисс Деби «Боко Харам» террордук тобунун чабуулунан 100дөй жоокерин жоготконун билдирди. Кол салуу Нигер жана Нигерия мамлекеттери менен чектешкен провинцияда болгон. 23-мартта Нигерияда да ушул топтун чабуулунан 70дей аскер курман болгон. Согушкерлер аларды бутага алып, ар кандай оор аскердик куралдарды колдонушкан. Радикал исламчылардын «Боко Харам» тобу Нигериянын түндүк-чыгышында жана кошуна өлкөлөрдө күч түзүмдөрү менен тогуз жылдан бери согушуп келе жатат. Читать дальше...

Айыпсыз атылгандар акталууга тийиш

Azattyk.org 

Кыргызстандык тарыхчылардын божомолу боюнча репрессия курмандыгы болгон адамдардын саны 40 миңден 100 миңге чейин деп айтылып жүрөт. Саясий куугунтуктан жок кылынгандарды актоо иштери социализм кулагандан кийин күчөп, 1994-жылы «Саясий жана диний ишеними үчүн куугунтукталып, кийин акталган жарандардын укугу жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзамы кабыл алынган. Бирок ал мыйзамдын ичинде айрым пункттары бири-бирине каршы келип актоо иштери токтоп калган. Мындан улам бир катар парламентчилердин репрессия... Читать дальше...



Кыргыз-түрк ооруканасы Кыргызстандын башкаруусуна берилди (видео)

Azattyk.org 

Бишкекте курулушу 2016-жылы аяктап, бирок башкаруу боюнча эки тараптуу келишим ратификация болбогондуктан ачылбай турган кыргыз-түрк ооруканасы кыргыз өкмөтүнө берилди. Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги 25-мартта ушундай билдирүү таратты. Covid-19 оорусуна каршы күрөшүү үчүн оорукана Кыргызстанга берилгени айтылды.  Алты кабат жаңы ооруканада заманбап реанимация жабдуулары, тийиштүү техника бар. Анын баары атайын медициналык программа менен башкарылат. Бирок Кыргызстанда мындай программаны билген... Читать дальше...

26-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору шашылыш билдирүү таратып, 25-26-мартта Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөрүн эскертти. 26-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад... Читать дальше...

Түркиядан чыга албай жаткан «Шайыр апалар» Бишкекке кайтып келишти

Azattyk.org 

«Шайыр апалар» чыгармачыл тобунун өкүлдөрү 25-мартка караган түнү Түркиядан чартердик рейс менен учуп келишти. Бул тууралуу «Азаттыкка» алардын жакындары кабарлашты. Жалпысынан бул рейс менен 250дөй кыргызстандык мекенине жеткирилди. Баары тең обсервацияга жаткырылды. Түркиянын Анталья шаарына эс алганы кетип, коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам кыргызстандыктар кайтып келе албай жатканы, арасында "Апалар аалам кыдырат" долбоорунун алкагында алтымыштан ашуун «Шайыр апалар» жана алар менен... Читать дальше...

CPJ Орусияны медиага басымды токтотууга чакырды

Azattyk.org 

Журналисттерди коргоо комитети орус бийлигин өлкөдөгү коронавирус тууралуу кабарлаган медиаларга карата цензураны токтотууга чакырды. Нью-Йоркто жайгашкан уюм эки маалымат каражатынын кызматкерлерине таянып билдиргендей, Роскомнадзор журналисттерди айып пул менен коркутуп, макалаларын сайттардан жана социалдык тармактардан алууга буйрук берген. Маселен, «Эхо Москвы» радиостанциясынын башкы редактору Виталий Рувинскийдин айтымында, Роскомнадзор орус өкмөтүн сынга алган политолог менен интервьюну алып салууга буйрук берген. Читать дальше...

Кытай элчисинин АКШны кыйыткан сыны

Azattyk.org 

Кытайдын Казакстандагы элчиси коронавируска каршы даярдык үчүн дүйнө элине 3 ай убакыт берилгенин, бирок ал убакытты көп өлкөлөр пайдаланбай койгонун жазды. Кытай элчисинин бул пикири казак коомчулугунда чоң талкуу жаратты.

Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда жеке жактардын жана ишкерлердин бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. Мамлекеттик салык кызматы айрым учурларды кошпогондо ишкерлик субъектилерин салыктык текшерүү ишин, ошондой эле буга чейин башталган көчмө текшерүү жумуштарын токтоткону айтылды. Ошону менен катар салык процедураларын фискалдаштыруу боюнча бир катар долбоорлорду ишке киргизүү, электрондук эсеп-фактураларды жана мунайзатка... Читать дальше...

Кабулдагы сикхтердин ибадатканасына чабуул коюлду

Azattyk.org 

Куралчан белгисиз адамдар жана террорчу-жанкечтилер Ооганстандын баш калаасындагы сикх азчылыгынын ибадатканасына чабуул коюшту. Анын ичиндеги 100дөй адам туткунда калганын бийлик өкүлдөрү «Азаттыкка» билдиришти. Кимдер кол салганы жана алардын саны белгисиз. Сикх азчылыгынын парламенттеги өкүлү Нарендер Халса ибадатканада таңкы сыйынууга барган 150дей киши болгонун, алардын арасында аялдар жана балдар көп экенин маалымдады. Ички иштер министрлиги кабарлагандай, учурда коопсуздук күчтөрү районду курчап... Читать дальше...

Жалал-Абад шаардык сотунда айрым процесстер токтотулду

Azattyk.org 

Жала-Абад шаарына киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу шаардык соттогу эл көп катыша турган процесстер убактылуу токтотулду. Мындай маалыматты шаардык соттун төрагасы Алтынбек Калмамат уулу Жалал-Абаддагы басма сөз жыйынында билдирди. Канча жана кандай иштерге байланышкан сот отурумдары токтотулганы алдыдагы күндөрү кошумча маалымдала турган болду. Ал эми башка пландалган соттук териштирүүлөр өз убагында өтүп, шаардык сот штаттык режимде иштей берет. Төраганын айтымында, сот отурумдарына катышууга келгендерге эч кандай чектөө жок... Читать дальше...

Пандемия деген эмне?

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Эркин Чечейбаев пандемия түшүнүгү тууралуу суроолорго жооп берет.

Өзгөчө абал коронавирусту токтотобу?

Azattyk.org 

Кыргызстандагы Бишкек шаары баштаган бир катар аймактарында коронавируска байланыштуу 25-марттан тарта өзгөчө абал режими киргизилди. 24-мартка карата өлкөдө жугуштуу илдетти жугузуп алгандардын саны 26 адамга көбөйүп, жалпы 42 адамга жетти. Кыргызстанга киргизилген өзгөчө абал режимининин тартиби кандай болот? Дүйнөдө тарап жаткан коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана кесепетин азайтуу үчүн кандай чаралар көрүлүш керек? Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров, парламенттин мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаев... Читать дальше...

Кыргызстанда доллардын расмий курсу бир күндө бир сомдон ашык жогорулады

Azattyk.org 

Кыргызстанда доллардын расмий курсу бир күндө бир сомдон ашык жогорулады. Улуттук банктын сайтында бир доллар 78 сом 88 тыйын болуп турат. 24-мартта 77 сом 60 тыйын болчу. Коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлары долларды 79-80 сомдон сатып алып, сатууда. Кыргызстанда 2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттаган. 20-мартта 85 сомго жеткен. Жыл башынан бери Улуттук банк жалпысынан 160 миллион 600 миң долларга жети жолу интервенция жасады. Читать дальше...

Насыя төлөө жүрөк ооруга айланды

Azattyk.org 

Коронавирустун айынан ишкер чөйрө жана жарандар коммерциялык банктардан насыялык каникулдарды жарыялап, жеңилдиктерди берүүнү суранышууда.

Абдраманов: Биздин медицина бул кырдаалга даяр эмес болчу

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо тармагында иштегендердин коопсуздугу кандай болот? Жумушчу күч жетиштүүбү? Түштүк аймактар боюнча башкы кардиохирург, профессор Калдарбек Абдраманов "Азаттык" радиосуна маек курду.

Өзгөчө абал: Ишкерликтин уруксат берилген түрлөрүнүн тизмеси жарыяланды

Azattyk.org 

Кыргызстанда өзгөчө абал учурунда ишкерликтин уруксат берилген түрлөрүнүн тизмеси жарыяланды. Өкмөттүн маалыматына караганда, бул тизмедеги ишканалардын жумушчулары саат 07:00дөн 20:00гө чейин жетекчиси күбөлөндүрүлгөн справканын негизинде, алдын ала аныкталган багыт боюнча, ишкананын унаасы менен гана жүрө алат. Өтүнмө аймактын комендатурасынын кароосуна компаниянын жетекчисинин колу жана мөөрү менен жөнөтүлөт. Аймактын комендатурасы көчүрмөнү автоунаа жүрүүчү тиешелүү райондун блок-постторуна берет. Читать дальше...

ИИМ: Такси да токтошу керек, баш ийбегендерге катуу чара көрүлөт

Azattyk.org 

Өзгөчө абал эрежесин сактабаган такси кызматтарынын жана жүргүнчү ташыган жеке таксилердин автомашиналары атайын токтотулуучу жайга киргизилип, айдоочуларга мыйзамдын негизинде тиешелүү катуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу 25-мартта Ички иштер министрлиги билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылгандай, коронавируска байланыштуу өзгөчө абал киргизилген аймактарда коомдук транспорттун, анын ичинде жүргүнчү ташыган шаардык жана жеке таксисттердин ишмердиги токтотулат. 18-24-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктуруп... Читать дальше...

Бишкектин ичине аскерлер киргизилген жок

Azattyk.org 

Өзгөчө абал учурунда Бишкекке Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлери киргизилген жок. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. «Шаарга куралдуу күчтөр киргизилген жок. Алар коюлган блокпосттордо эле көмөк көрсөтүп жатат. Шаардын ичинде коомдук тартипти ички иштер органдарынын кызматкерлери камсыз кылып жатат», - деди Орозалиев. Анын сөзү боюнча, Бишкектин тегерек-четинде 41 блокпост орнотулду. 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *