Элчилик: Москванын аэропортторунда топтолгон кыргыз жарандары жок
26-мартка карата Москванын аэропортторунда топтолгон кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Бишкекке каттамдар белгисиз мөөнөткө токтогондуктан аэропортто отура берүүнүн кереги жоктугу, коронавирус коркунучуна байланыштуу абайлаш керек экендиги айтылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондон кийин алар Москвада убактылуу жашап жаткан жерине кайра кайтып кетишти. «Саат 12.00гө карата «Домодедово» жана «Шереметьево» аэропортторунда... Читать дальше...