БУУ Венадагы кол салууну кескин айыптады
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Австриянын борбор шаары Венадагы кол салууну кескин айыптоодо. Уюмдун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дужаррик 3-ноябрда Нью-Йорктогу брифингде сүйлөп жатып: “Башкы катчы (Антонио Гуттериш – ред.) кол салууну кескин айыптап, Бириккен Улуттар Уюму Австриянын эли жана өкмөтү менен тилектеш экенин билдирди. Ошондой эле ал каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең көңүл айтып, жараат алгандардын тезирээк сакайышын каалады” деп айтты. 2-ноябрда Венанын алты жеринде ок атуу менен коштолгон кол салуу болгон. Читать дальше...