Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова эл аралык мелдеште алтын медаль алды
Кыргызстандык балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова «Poland Open» эл аралык мелдешинде алтын медаль тагынышты. Бул тууралуу Жаштар жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги маалымдады. Күрөш боюнча кыз-келиндер арасында мелдеш Польшанын борбору Варшавада 6-7-ноябрь күндөрү өттү. Ага Кыргызстандан беш балбан катышты. Мелдеш аяктагандан кийин, спортчулар 9-ноябрдан 16-ноябрга чейин Спала (Польша) шаарындагы «Олимп Центр» спорт базасында эл аралык окуу-машыгууга катышат. (TSh)