Бишкек: Пикетке чыккандар «саясий туткундардын» сотун ачык өткөрүүнү талап кылышты
Кечээ, 8-ноябрда президенттин жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттын алдында нааразылык акциясы өттү. Аны өздөрүн «Айымдар кыймылы» деп атаган бирикме уюштуруп, алар «мыйзамсыздыкка жана башаламандыкка каршы» ачкачылык жарыялаганын билдиришти. Беш-алты аял колуна «Убакыт келет, сот жооп берет», «Сот иши ачык өтсүн», «Конституциядан колуңду тарт!» деген жазууларды кармап турушту. Акцияга чыккандардын бири Асылгүл Эдилова «Апрель ТВ» телеканалынын суроолоруна жооп берип жатып мурдагы президент... Читать дальше...