Өкмөт мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу аракеттерин баштады
Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартып, алардын ишин оптималдаштырууну пландап жатат. Ал үчүн мамлекеттик органдардын тутумун реформалоодо сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Комиссияны өкмөттүн аппарат башчысы Бакыт Аманбаев жетектеп жатат. Комиссия 17-ноябрдын кечинде өкмөт үйүндө алгачкы жыйынын өткөрдү. Бакыт Аманбаевдин айтымында, Кыргызстанда 28 миң мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бар. Бул дегендик өлкөнүн ар бир 447-жараны чиновник дегенди түшүндүрөт. Читать дальше...