Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2020

Новости за 22.11.2020

Бишкекте активисттердин Конституцияны өзгөртүүгө каршы акциясы аяктады

Azattyk.org 

Бишкекте 22-ноябрда жарандык активисттер уюштурган "Баш мыйзам үчүн!" деп аталган тынчтык жүрүшү бир жарым сааттай убакытка созулду. "Азаттыктын"кабарчысынын жана акцияга көз салган байкоочулардын божомолунда ага 400-500дөй адам катышты. "Баштан башта" кыймылы демилге кылган акциянын катышуучулары Конституцияны өзгөртүүгө каршы экенин айтып, ушул өңүттө кыргызча жана орусча чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп жүрүштү. Жүрүшкө чыккандар Бишкектеги темир жол бекетинин алдында чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу борбордук аянтка барып... Читать дальше...

Чоң Жыйырмалык саммити коронавирус кырдаалын талкуулоодо

Azattyk.org 

Ушул ишемби жана жекшемби күндөрү өнүккөн жана кыйла өнүккөн 20 мамлекеттин жетекчилери Сауд Арапстандын төрагалыгы астында онлайн саммит өткөрүп жатат. Анын күн тартибине COVID-19 пандемиясына каршы күрөш жана бул илдеттин айынан дүйнө кабылган экономикалык көйгөйлөргө карата биргелешкен чараларды талкуулоо маселелери кирген. Сауд падышасы Салман бин Абдел Азиз 21-ноябрда саммитти ачып жатып, коронавирус илдетине каршы күрөштө, анын ичинде вакциналарды пайдаланууда дүйнө өлкөлөрү бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болуусуна жетишүү зарыл... Читать дальше...

Президенттик шайлоого катышуу тууралуу ниетин билдирген 13 киши жарыштан чыкты

Azattyk.org 

10-январда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоодо ат салышуу ниетин билдирген Марат Кайыпов жарыштан чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, ал 21-ноябрда документтерин артка кайтарып алууга арыз жазды. Анын себеби маалымдалган жок. 19-ноябрда Боршайком президенттикке талапкерлигин коюу ниетин билдирген  он эки жарандын документин да артка кайтарган. Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Нурлан Мотуев соттуулугу бар деген негизде жарыштан четтетилген. Дагы тогуз киши - Анаргүл Араева... Читать дальше...

"Аэрофлоттун" Лондондогу өкүлү чыккынчылыкка айыпталууда

Azattyk.org 

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) тергөөчүлөрү "Аэрофлот" компаниясынын Лондондогу өкүлү Дмитрий Федоткинди мамлекеттик чыккынчылыкка айыптап жатат. Бул тууралуу "ТАСС" агенттиги маалымдады.  Азырынча ФСБнын Интернет сайтында бул тууралуу эч кандай маалымат чыга элек.  Эгерде Федоткинге тагылган айып аныктала турган болсо, ал 12 жылдан 20 жылга чейин абакка кесилип, жарым миллион рубль айыпка жыгылышы ыктымал.  Дмитрий Федоткин Улуу Британиянын чалгын кызматына "Орусиядагы коомдук-саясий... Читать дальше...

Бишкекте Конституцияны өзгөртүүгө каршы акция өттү

Azattyk.org 

Бишкекте 22-ноябрда жарандык активисттер "Баш мыйзам үчүн!" деп аталган тынчтык жүрүшүнө чыгышты.   "Азаттыктын"кабарчысынын жана акцияга көз салган байкоочулардын божомолунда ага 400-500дөй адам катышты. "Баштан башта" кыймылы демилге кылган акциянын катышуучулары Конституцияны өзгөртүүгө каршы экенин айтышып, ушул өңүттө кыргызча жана орусча чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп жүрүштү. Жүрүшкө чыккандар Бишкектеги темир жол бекетинин алдында чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу борбордук аянтка барып... Читать дальше...

Сот Трамптын Пенсилваниядагы добуштар боюнча арызын четке какты

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгү тобунун Пенсилвания штатындагы почта аркылуу берилген миллиондогон добуштарды тастыктоого каршы жазган арызы федерациялык сот тарабынан четке кагылды. 2020-жылдын 21-ноябрында АКШнын Пенсилвания штатындагы райондук соту Мэттю Брэнн Трамптын шайлоо өнөктүгүнүн өкүлдөрү "негизсиз эле көбүртүлгөн укуктук жүйөөлөрдү жана далилге таянбаган жоромолдук доолорду колдонушту" деп жазды. "Кошмо Штаттарда- бул өлкөнүн саны жагынан алтынчы орунда турган штатынын бардык шайлоочуларын айтпаганда да... Читать дальше...

Бишкекте "Баш мыйзам үчүн!" тынчтык жүрүшү башталды

Azattyk.org 

Бишкекте 22-ноябрда жарандык активисттер "Баш мыйзам үчүн!" деп аталган тынчтык жүрүшүнө чыгышты. "Азаттыктын"кабарчысынын айтымында, ага болжол менен 200дөй адам катышууда. "Баштан башта" кыймылы демилге кылган акциянын катышуучулары Конституцияны өзгөртүүгө каршы экенин айтып, ушул өңүттө кыргызча жана орусча чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан. Иш-чараны добулбас ургандар да коштоп атышат. Жүрүшкө чыккандар Бишкектеги темир жол бекетинин алдында чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу борбордук аянтка жөө жүрүш менен бара жатышат.



Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргоп калды

Azattyk.org 

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC 255 мелдешинин алкагындагы беттеште бразилиялык Женнифер Майяны жеңип, чемпиондук наамын коргоду. Турнир 22-ноябрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында өттү. Кыргызстандык мушкер бешинчи раундда калыстардын чечими менен жеңишке жеткен Шевченко жеңил салмактагы титул үчүн беттешти. Анын алдында Валентинанын бир тууганы Антонина Шевченко да бразилиялык Ариана Липскини экинчи раундда техникалык нокаут менен утту.   Валентина Шевченко - эл аралык... Читать дальше...

Коронавирус жугузуп алган 133 бейтаптын абалы өтө оор

Azattyk.org 

Коронавируска каршы Республикалык штабдын 22-ноябрдагы маалыматына караганда, COVID-19 жугузуп алып, ооруканада жаткан 3078 адамдын ичинен 133 бейтаптын  абалы өтө оор. Андан тышкары, 857 киши оор, 2030 адам орто, 58 бейтап канааттандырарлык абалда. Ошондой эле үй шартында 3700дөн ашуун адам дарыланууда. Кыргызстанда коронавирус аныкталган март айынан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы расмий саны - 69581, ооруканадан айыгып чыккандар - 60811, илдеттин курмандыктары 1231 кишиге жетти.... Читать дальше...

Коронавирус дагы төрт адамдын өмүрүн алды, 432 кишиден аныкталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 22-ноябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония дагы төрт кишинин өмүрүн алды. Вирус бир күндө дагы 432 кишиден табылып,  мурдагы ооруп калгандардын арасынан 517 киши сакайды. Кыргызстанда коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1231 кишиге жетти. Пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы расмий саны - 69581, ооруканадан айыгып чыккандар - 60811 киши. 22-ноябрга карата жаңы аныкталган учурлар... Читать дальше...

Грузияда тогуз адамды барымтага алган киши кармалды

Azattyk.org 

Грузиянын борбору Тбилисидеги микрокредит уюмунда тогуз кишини барымтага алган адам кармалды. 20-ноябрда Тбилиси полициясынын башчысы Важа Сирадзе "МВС" микрокредит уюмунда барымтага алынган жарандардын баары бошотулганын билдирди. Полиция уюмдун имаратын курчап, кылмышка шектүүнү колго түшүргөн. Анын кандай максатта бул кадамга барганы жөнүндө маалымат айтыла элек. Октябрда да Грузиянын Зугдиди шаарында беткап кийген адам банкты тоноо маалында 43 кишини барымтага алган. Кийин ал акчаны алып... Читать дальше...

Кыргызстандыктардын чөнтөгү жукарды

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясынын айынан кыргызстандыктар кыйла кирешесинен ажырады. Расмий маалыматтарга караганда, быйылкы жылдын Биринчи жарым жылдыгында калктын реалдуу кирешеси 7,7% азайды. Буга товарлардын кымбатташы да, элдин номиналдык кирешеси кемигени да себеп болду. Баарынан көп оорчулук Бишкек менен Чүй облусунун тургундарына түштү, Талас облусунда болсо кирешелер тескерисинче көбөйдү. Номиналдык кирешенин реалдуу кирешеден айырмасы Ушул эки көрсөткүч жарандардын кирешеси көбөйүп же азайып жатканын көрсөтөт. Читать дальше...

Украин бийлиги: Крым Кремль тарабынан убактылуу гана каратып алынган деп санайбыз

Azattyk.org 

Баскынга дуушарланып, өзүнүн аймактык бүтүндүгүн кайра калыбына келтирүү үчүн күрөш жүргүзүп жаткан өлкөлөр үчүн терминологиялык согуш да өтө маанилүү. Украина – буга мисал. Расмий Киев Крым жарым аралы убактылуу баскын алдында гана турат деп санайт.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *