Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2020

Новости за 30.11.2020

Кыргызстанда туризмдин көлөмү 90% кемиди

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өнүктүрүү программасы (UNDP) өткөргөн туризм тармагында иштегендер үчүн онлайн тренингде 2020-жылы өлкөдө туризм тармагынын 90% киреше ала албай калганы айтылды. Аталган программа Кыргызстанда «окуялуу туризмди өнүктүрүү» багытында Нарын, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустунун ишкерлери үчүн аралыктан окутуу уюштурган. 30-ноябрда тренингдин ачылышы болду. Анда Кыргызстандагы туризмдин кирешеси 2020-жылы COVID-19 вирусунун айынан 80-90% азайганы белгиленди. UNDP уюштурган окутууларга 25 ишкер катышууда. Читать дальше...

Исмаилов: Эркин сот тууралуу сунуш Конституциялык кеңешменин көбүнүн колдоосуна ээ болбой жатат

Azattyk.org 

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешменин көпчүлүк мүчөлөрү бийликтин сот бутагынын өз алдынчалыгыне кепилдик берүүчү сунуштарды колдобой жатышат. Бул тууралуу 30-ноябрда кеңешменин мүчөсү, юридика илимдеринин кандидаты Нурлан Исмаилов билдирди:  «Сот бийлиги өзү өз алдынчалыкка умтулушу керек. Бирок сот бийлигинин өкүлдөрүнүн позициясын көрүп биз бир аз ыңгайсыз абалда калдык. Анткени «сотко аткаруу бийлигинен көз каранды эмес чечим чыгара турган макамды берели» деген ой болуп жатса... Читать дальше...

COVID-19: Британия жалпы эмдөөгө кам көрүп жатат

Azattyk.org 

Британ өкмөтү коронавируска каршы үмүт жараткан вакцинанын дагы эки миллион дозасын алганын билдирди жана эмдөөгө жакынкы апталарда киришмекчи. Коронавирустан көп жоготууга учураган бул өлкө ооруга каршы эмдөөнү алгачкылардан болуп баштаганы жатат. Буга чейин Лондон жети башка фармацевтикалык компания менен эгер алардын вакцинасы натыйжалуу болсо жалпысынан 350 миллион доза вакцина сатып алууну макулдашкан. Британ өкмөтү бул программанын алкагында 67 миллион жарандын көбүн эмдөөнү пландаштырып жатат. Читать дальше...

Нарында көмүр казган үч ишкана жумушун токтотту

Azattyk.org 

Нарында көмүр казуу менен алектенген ишканалар шериктештигинин үч мүчөсү бул бирикмеден чыкты. Бул тууралуу 30-ноябрда «Азаттык» радиосуна шериктештиктин башында турган «Кыргызкөмүр» ишканасынын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди. Анын айтымында, 20 ишканадан турган шериктештиктин курамынан үчөөнүн чыгышына алар көмүр казуу иштери менен көптөн бери алектенбей калганы себеп болду. Бул ишканалар Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр ташыбайт.  «Алар - «АГК-Тоо Инвест», «Миң-Куш Индастри» жана «Нарын-Көмүр». Читать дальше...

Байден байланыш боюнча башкы кызматтарга аялдарды тандады

Azattyk.org 

Кошмо Штаттарынын шайланган президенти Жо Байден коомчулук менен байланыш боюнча башкы кызматтарга жалаң аялдарды көрсөттү. Ага ылайык, Ак үйдүн басма сөз катчысы болуп Жен Псаки дайындалмакчы. Псаки Барак Обама президент болуп турганда, 2011-2013-жылдары Ак үйдүн басма сөз катчысы болгон, кийин эки жыл Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү катары иштеген. Байден өзүнүн шайлоо штабынын басма сөз катчысы Кейт Бедингфилдди коммуникация боюнча директорлукка сунуш кылды. Байден 29-ноябрда билдирүү таратып... Читать дальше...

Женевада Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү башталат

Azattyk.org 

Женевада 30-ноябрда Сирия өкмөтүнүн жана оппозиция өкүлдөрүнүн тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы башталат. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) бул өлкө боюнча атайын чабарманы Гейр Педерсен бул жолугушуунун алдында «биздин аракеттерибиз улам тараптардын ортосундагы ишеним бекемделе баштады деп үмүттөнөбүз» деп айтты.  Педерсен сүйлөшүүлөрдөгү негизги маселе - жаңы Конституциянын принциптери тактап-талдоо болорун белгиледи. Сириядагы дээрлик тогуз жылга аяк баскан согушта 400 миңден көп кишинин... Читать дальше...

Акын Тоголок  Молдо – жаңычыл агартуучу

Azattyk.org 

Кыргызстанда залкар акын, агартуучу Тоголок Молдонун (Байымбет Абдыракман уулунун) 160 жылдыгына арналган мааракелик чаралар өттү. Ошол мааракелик жыйындардын биринде сүйлөгөн тарыхчы Аида Кубатованын сереби.



«Саясий репрессияларга каршы комитет» Талант Мамытовго кайрылды

Azattyk.org 

Жарандык активист Адил Турдукулов баштаган «Саясий репрессияларга каршы комитет» саясий туткундарга калыс сот чечимин талап кылуу, алардын ишин ачык соттук отурумдарда кароо боюнча президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кайрылды. Кайрылууда саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Аида Салянова, Дастан Сарыгулов, Марат Султанов, Бактыбек Калмаматов ссыяктуу саясатчылардын соттук иштери создуктурулуп, ошол эле маалда Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду... Читать дальше...

ВИЧ-СПИДди базарларда акысыз текшерүү учурунда сегиз кишиден оору табылды

Azattyk.org 

Сентябрь айынан бери баш калаадагы жана Чүй облусундагы ири базарларда ВИЧ-СПИД, гепатиттин В,С түрү, сифилис ооруларына карата акысыз көчмө текшерүүлөр болду. Натыйжада сегиз кишиден ВИЧ оорусу табылды. Республикалык «СПИД» борборунун директору Үмүткан Чокморова «Азаттык» радиосуна бул тууралуу кабарлап, үч айдын ичинде 1,5 миңдей адам текшерүүдөн өткөнүн айтты. Азыркы тапта өлкөдө беш көчмө лаборатория орнотулган топ машине менен кыдырып, жугуштуу ооруларга акысыз текшерүүдө. Бул машинелер... Читать дальше...

Элдик курултай маселеси конституциялык кеңешмеде талаш жаратууда

Azattyk.org 

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан конституциялык кеңешмеде курултай маселеси талаш жаратууда. 30-ноябрда кеңешменин мүчөсү, Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов курултай институту тууралуу долбоорун сунуш кылгандардын арасында бирдиктүү концепция жок экенин сынга алып, укуктук жана жарандык коомго умтулган өлкө бир улутка басым жасабашы керектигин белгиледи. Асанкановдун пикиринде, кеңешмеде сунуш кылынып жаткан долбоор боюнча өлкөдө “төртүнчү” бийлик түзүлүп... Читать дальше...

Конституциялык реформа: Талаш жараткан жагдайлар

Azattyk.org 

Кыргызстанда Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Баш мыйзамдын коомдук талкууга коюлган жаңы долбоорун талкуулап жатат. Бишкекте 30-ноябрда болгон жыйында курултай маселесин талкуулоо кеңешме мүчөлөрүнүн арасында талаш жаратты. Кеңешменин мүчөсү, Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов курултай институту тууралуу долбоорун сунуш кылгандардын арасында бирдиктүү концепция жок экенин сынга алып, укуктук жана жарандык коомго умтулган өлкө... Читать дальше...

Түркияда эки кыргызстандык «орган сатуу» боюнча кармалганы кабарланды

Azattyk.org 

Түркиянын Стамбул шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу бул өлкөгө орган алмаштыруу операциясына байланыштуу барган эки кыргызстандык кармалганы тууралуу маалыматты териштирип жатканын 30-ноябрда «Азаттыкка» кабарлады. Түркиянын «Анадолу» агенттиги 29-ноябрда Стамбулдагы менчик ооруканалардын биринде Кыргызстандын эки жараны кармалганын, алар өзүлөрүн жасалма документ аркылуу таяке-жээн катары көрсөтүп, бөйрөк алмаштырыш үчүн Түркияга барганын кабарлаган. Бул өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине... Читать дальше...

1-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

1-декабрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.  Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5; Талас жергесинде түнкүсүн -10...-15, күндүз 0…-5; Баткен... Читать дальше...

Кыргыз-өзбек чек арасындагы инженердик курулуш иштери токтоду

Azattyk.org 

Аксы районунун Өзбекстан менен чектешкен Дерес чек ара тилкесинде 2017-жылы чек араларды тактоонун негизинде Өзбекстандын Чек ара кызматы инженердик курулуш иштерин баштаган. Бирок кыргыз тараптагы жергиликтүү калктын каршылыгынан улам бул иш убактылуу токтотулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдыкарим Алымбаев билдирди. «Биз чек арадагы ар бир кыймылды эки тараптуу жолугушуудан, макулдашуудан кийин гана чечебиз. Талаштуу жерге атайын жер адистерин чакырып... Читать дальше...

Алай районунда 60 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб Алай районунда 60 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылып, колдонууга берилгенин кабарлады. Аталган имарат 1996-жылы курулуп, мектеп катары иштеп келген. Пандемия убагында зарылчылыктан улам аны кайрадан оорукана катары иштетүү боюнча буйрук чыгарылып, оңдоп-түзөө, жабдуу жумуштары толугу менен жергиликтүү бюджеттен, райондук өнүктүрүү фондунан жана жеке демилгелер менен ишке ашырылды. Учурда толук бүткөрүлүп, жабдылган портативдуу рентген... Читать дальше...

УКМК: Матраимов кайтарган акча боюнча маалымат тергөө аяктаганда берилет

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бажыдагы коррупциядан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иши уланып жатканын билдирди. Мекеме 30-ноябрда тараткан маалыматка караганда, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүү уланууда жана бул иштин алкагында жемкордук схемасына башка да бажычылардын тиешеси бар экени аныкталды. УКМК тергөөнүн жыйынтыгында коомчулукка териштирүү жөнүндө да, келтирилген зыян... Читать дальше...

Кыргызстандын WEF уюму бир жылдык тынымдан кийинки алгачкы турнирин өткөрөт

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Спорттук компаниянын президентинин айтымында, лиганын соңку турнири былтыр декабрь айында өтүп, кийинки кармаштарды коронавирус кырдаалына байланыштуу уюштура албай калышкан.

Бозгундагы Тихановская мекендештерине тилектештик билдирди

Azattyk.org 

Беларуста Александр Лукашенкого каршы жекшембиде нааразылык жыйындарга чыккандардын ичинен 300дөн ашуун демонстрант кармалды. Оппозициялык жыйындын катышуучуларына бозгундагы лидер Светлана Тихановская тилектештик билдирди.

COVID-19: Европада вирустун курмандыктары 400 миңден ашты

Azattyk.org 

Европада ишембиде коронавирустан каза тапкандардын саны 400 миң кишиден ашты. Континенттин кээ бир мамлекеттеринде бир нече жума мурун киргизилген чектөөлөр жумштартылып жаткан кезде, АКШда ноябрь айында эле COVID-19га төрт миллиондон ашуун киши чалдыкты.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *