Абдил Сегизбаевдин камактагы мөөнөтү эки айга узартылды
Улуттук коопсуздук комитетинин(УКМК) мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевдин камактагы мөөнөтү дагы эки айга, 25-майга чейин узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 19-мартта чыгарганын Сегизбаевдин адвокаттары билдиришти. Сот имаратына анын тарапташтары, жакындары чогулуп, аны эркиндикке чыгарууну талап кылышты. Абдил Сегизбаев сот залына кирип баратып тарапташтарына "мен эч качан сынбайм, чындык биз тарапта" деген сөздөрдү айтты. Читать дальше...