Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2021

Новости за 19.03.2021

Тажикстанда күйүүчү май кымбаттады

Azattyk.org 

Тажикстанда машина айдоочулар күйүүчү майдын кымбаттаганына нааразы. Ал эми мунай сатуучу компаниялар баа Орусиядан көз каранды болуп жатканын билдирүүдө. Алар көйгөй чечилмейинче бензинди чектелген көлөмдө гана сатышарын айтышат.

«Адилет» - президентке: ишкерлер кысымда

Azattyk.org 

«Адилет» укуктук клиникасы президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, Кыргызстанда бизнеске болгон кысым кескин күчөп кеткенин эскертти. Уюм мунун айынан ишкерлер чет жакка ооп жатканын белгиледи. Премьер-министр Улукбек Марипов 17-мартта акыркы эки айда ишкерлерге 140 кылмыш иши козголгонун айткан. Президент мурдараак эки жарлыгын ишкерчиликти коргоого арнаган. Уюмдун эскертүүсү Президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусун «Адилет» укуктук клиникасы өзүнүн сайтына жарыялады. Өкмөттүк... Читать дальше...

USAID: Баткен, Жалал-Абадда балдардын 90% туура эмес тамактанат

Azattyk.org 

Жалал-Абад жана Баткен облусунда жашаган алты айдан эки жашка чейинки балдардын 90% бир суткада азыктануусуна печенье, газдалган суусундук, чипсы, туздалган печенье баштаган зыяндуу азыктарды жейт. Бул маалымат USAID уюмунун "Мыкты азыктануу" долбоорунун алкагында жүргөн изилдөөдө аныкталды. Жогоруда саналган зыяндуу тамак-аштын түрү балдарда ашыкча салмакка жол ачып, дени сак чоңоюушуна тоскоол болот. Долбоордун алкагында 17 миңдей үй-бүлө сурамжылоого алынган. Анын натыйжасында алты айга чейинки... Читать дальше...

Путин Байденди түз эфирде жолугууга чакырды

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын мамлекет башчысы Жо Байденди 19-мартта же 22-мартта түз эфирде жолугууга чакырды. “Биз эки тараптуу кызматташтык тууралуу сүйлөшсөк болот. Ошондой эле, стратегиялык туруктуулук жана аймактар аралык талаш-тартыштуу маселелерибизди да талкуулай алабыз”, - деди Путин. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги эки мамлекеттин лидерлеринин жолугушуусун пландай баштаганын министрликтин өкүлү Мария Захарова ачыктаган. 17-мартта Байден "ABC News" каналына берген интервьюсунда... Читать дальше...

Новиков: Кыргызстанда ар бир төртүнчү мектепте таза суу жок

Azattyk.org 

18-мартта биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков өлкө аймактарындагы мугалимдер менен видео-конференция өткөрдү. Анда ал мектептердеги таза суу көйгөйүн көтөрдү. Новиков өлкөдөгү мектептердин 25,5% таза суу менен камсыз болбогонун айтып, ушундан улам балдарда ар түрдүү жугуштуу оорулар көп болушу мүмкүн экенин эскертти. "Өлкөдө мектептерди каржылоо жаатында көйгөй бар экени жалпыга маалым. Кыска мөөнөт ичинде бул көйгөйдү бюджеттин эсебинен чече албайбыз. Бирок балдардын саламаттыгына сөзсүз мектептен көзөмөл салуу керек"... Читать дальше...

Евробиримдик: Бир катар өлкөлөр “AstraZeneca” вакцинасы менен эмдөөнү кайра баштоодо

Azattyk.org 

Европа Биримдигинин дары-дармек агенттиги (EMA) “AstraZeneca” вакцинасы коронавируска каршы эмдөө заты катары "коопсуз жана натыйжалуу" деп тапкандан кийин, Европанын бир катар өлкөлөрү калкын ушул вакцина менен да эмдөөнү кайрадан баштай тургандыктарын 18-мартта билдиришти. Европалык дары-дармекти көзөмөлдөөчү мекеменин чечими кандын уюшу ыктымал болгон тобокелдиктерди кеңири карап чыккандан кийин кабыл алынды. Бул тууралуу 18-мартта бул мекеменин жетекчиси шардана кылды. Улуу Британиядагы... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *