Сүйүнчү! Эрназар Акматалиев дүйнө чемпиону болду
2021-жылдагы күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.
2021-жылдагы күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.
2021-жылдагы күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.
Шотландиянын Глазго шаарында 5-6-ноябрда он миңдеген адам климаттык адилеттүүлүктү талап кылган демонстрацияга чыгышты. Алар Глазгодо өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун климаттык өзгөрүулөр боюнча 26-саммитинин катышуучуларынан планетаны сактап калуу жаатында олуттуу ишке өтүүнү талап кылышууда. Глазгонун борбордук Келвингрув Парк көчөсүнөн Жорж аянтына чейин жүрүшкө чыккандар “Капитализм климатты өлтүрүүдө”, “Климаттык адилеттүүлүккө жетели” деген сыяктуу ураандарды көтөрүп алышты. Каршылык... Читать дальше...
Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы транзит жолдо катталган окуя боюнча териштирүү жүргүзүлөрүн 6-ноябрда билдирди. Эки күн мурда Баткенде, Тажикстандын Ганч айылы менен чектеш тилкеде тажикстандык аскерлер кыргызстандык чек арачынын машинесине таш ыргытышкан. Кайрадан таш ыргытуу Чек ара кызматынын Жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн улук офицери Асылкерим Абдиев билдиргендей, окуя 4-ноябрда Лейлек районунда, Арка-Борбордук автожолунун транзиттик тилкесинде... Читать дальше...
Айпери Медет кызынын 23 жашка чейинкилер арасында (U23) өткөн дүйнө чемпионатын уткандан кийинки алгачкы интервьюсу чыкты. Маек United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюмунун Youtube каналына жарыяланды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу Ош мамлекеттик университетинин жетекчилигине чара көрүүнү Министрлер кабинетинен суранат. Буга Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин жолугушуусуна катышкан студенттердин окуясы себеп болду. Маселе Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалыматынын негизинде 6-ноябрдагы жыйында каралып, аталган топтун координатору Тынчтык Шайназаров чечимди окуп берди. Буга чейин социалдык тармакта Ош шаарынын борбордук... Читать дальше...
Париж соту Франциянын президенти Эммануэль Макрондун мурдагы жардамчысы Александр Беналланы үч жылга камоого өкүм чыгарды. Жазанын бир жылын үй камагында өткөрөт. Мындан сырткары, беш жыл бою мамлекеттик кызматтарда иштей албайт. Беналла 2018-жылы жайында чырдын чордонунда болгон. Le Monde гезити 1-май күнкү Париждеги демонстрациянын видеосун жарыялаган. Тасмада полиция демонстранттарды кантип кармаганы, коргонуучу кийимдеги эркек кармалган адамдын башынын артына урганы тартылган. Кийинчерээк... Читать дальше...
Кыргызстандын Улуттук банкы 5-ноябрда кезектеги интервенцияны жасап, өлкөнүн валюта рыногунда 55,4 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды. Ошентип, жыл башынан бери жалпы суммасы 446,7 миллион долларга 11 жолу интервенция жасалды. Интервенция доллардын курсун кармап туруу үчүн жасалат. Учурда акча алмаштыруучу жайларда доллар 84,9 сомдун тегерегинде болуп жатат. Улуттук банктын расмий сайтында доллардын курсу 84,8 сом деп көрсөтүлгөн. 2020-жылы Улуттук банк 29 интервенция жасап... Читать дальше...
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мыйзамдуу иштеген бардык журналисттер менен блогерлер мыйзам жана президент тарабынан корголорун билдирди. 6-ноябрда Олий Мажлис жана Сенатта Мирзиёевдин инаугурациясы болду. Президент сөз сүйлөп, сөз эркиндигин өнүктүрүү, элди маалымат менен камсыздоо жаатында аракеттер уланып жатканын белгиледи. Ал сынчыл көз карашта айтылган пикирлер эски түзүм менен жашап жүргөн аткаминерлерге жакпай турганын кошумчалады. Freedom House эл аралык уюмунун соңку баяндамасына ылайык... Читать дальше...
БУУнун жыйынында тажик бийлиги адам укугун одоно бузган учурлары үчүн кескин сынга алынды. Human Rights Watch ооган окуялары тажик бийлигинин кемчиликтерин жашырууга шылтоо болбошу керектигин айтып, эл аралык коомчулукту расмий Дүйшөмбүнүн адам укугун бузуу учурларына көз жумбоого чакырды. Уюмдун билдирүүсүндө өлкөдө саясий куугунтук, репрессия күчөгөнү, адам укуктары басмырланып, бузулган учурлар боюнча айтылган. Тажик өкмөтүнүн өкүлдөрү сынга негиз жоктугун айтып, дооматты четке кагууда. Тажикстан... Читать дальше...
Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө экенин көрүүгө болот. Бул индекс кандай көрсөткүчтөргө таянып чыгарылды жана аялдардын азыркы абалын кантип өзгөртүү керек? “Эже-сиңдилер” берүүсү бул жолу ушул маселеге арналды.
Кыргызстандык аскер кызматкеринин автоунаасына кыргыз-тажик чек арасында кошуна өлкөнүн жоокерлери таш ыргытып, өзүн кармаганга аракет кылышты. Окуя 4-ноябрда болгонун "Азаттык" радиосуна Мамлекеттик чек ара кызматынан 6-ноябрда билдиришти. Лейлек районундагы Арка-Борбордук транзиттик жолунун Бостон май куюучу жайынын маңдайындагы тилкеде чек арачы өзүнүн "Honda Accord" үлгүсүндөгү машинеси менен бурулуп жатканда Тажикстандын беш жоокери аны таш менен ургулашкан. Аскер кызматкери жабыркаган эмес, бирок анын автоунаасынын айнектери сынган. Читать дальше...
Орусия менен Беларустун ортосунда Союздук мамлекет түзүүнүн жол картасы боюнча "интеграциялык декретке" кол коюлду. Эки өлкөнүн лидерлери - Владимир Путин менен Александр Лукашенко экономикалык жакындашууга багытталган 28 программаны кабыл алып, бирдиктүү аскердик доктринаны бекитти. Аралыктан кол коюлган союздук декрет Орусия менен Беларустун союздук мамлекетинин экономикалык интеграциясы жана бирдиктүү аскердик доктринасы боюнча документтер 4-ноябрда – Орусиянын элдик биримдик майрамында бекитилди. Читать дальше...
Кыргызстан Өзбекстан аркылуу Түркмөнстандан газ алып келүүнү пландоодо. Бишкекте 5-ноябрда өткөн "Европа Биримдиги – Борбор Азия" экономикалык форумунун алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугуп, ушул маселени талкуулады. Алар Түркмөнстандан Кыргызстанга Өзбекстандын аймагы аркылуу электр энергиясын жана жаратылыш газын алып келүү жаатында сүйлөшкөнүн Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Көгүлтүр отундун... Читать дальше...
Гидрометеорология агенттиги 7-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Кээ бир райондордо туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7-метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -5...-10, күндүз 2...7, Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 10...15, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7, Нарын жергесинде түнкүсүн -6...-11... Читать дальше...
Парламенттик шайлоого бир айдан аз убакыт калганда Жогорку Кеңешке улам жаңы депутаттар келүүдө. Акыркы бир айда эле беш депутат мандатын тапшырып, алардын ордун жаңылар ээледи. Мындай көрүнүш 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун астында да болгон. Жогорку Кеңештин мөөнөтү бүтөрүнө саналуу күндөр калганда мандаттардын колдон-колго өтүшүн “мандат шеринеси”, “мандат соодасы” деп сындагандар болууда. Колдон-колго өткөн мандат Жогорку Кеңештин депутаттары Канат Керезбеков менен Мейкинбек Абдалиев депутаттык мандатын тапшырып беришти. Читать дальше...
“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасы Бишкектеги соода борборлорунда электр энергиясын үнөмдөөгө байланыштуу рейд жүргүзүүдө. Адистер жарык уруксат берилген көлөмгө ылайык колдонулушун текшерип жатат. Компаниянын маалыматына караганда, 4-ноябрда ЦУМ, ЦУМ-2 жана "Дордой Плаза" супермаркеттеринде рейд болду. Аталган соода борборлорун электр энергиясы менен камсыздаган “Электросила” ишканасынын өкүлдөрү жабдууларын көрсөтүштү. Ишкана кубаттуулуктун жана электр энергиясынын уруксат берилген көлөмүнөн ашпай турганы аныкталды. Читать дальше...
Өзбекстандын бир катар аймактарында 4-ноябрда катуу бороон болду. Бухара облусунун Пешку райондук акимчилиги жайгашкан имараттын чатырын катуу шамал учуруп кетти. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы жергиликтүү маалымат каражаттарына жана район акимине таянып билдирди. Имараттын алдындагы отургучтар, жарык берген мамылар сынып, электр энергиясы үзүлгөн. Журналисттер чаң жана кум аралаш бороон болгонун жазышты. Адам өмүрүнө зыян болгон эмес. 4-ноябрда Өзбекстандын бир катар аймактарында... Читать дальше...
АКШнын Мамлекеттик департаменти DarkSide хакерлер тобунун лидерлеринин тек-жайын же кайда экенин аныктоого жардам берген маалымат үчүн 10 миллион доллар сыйлык жарыялады. Федералдык иликтөө бюросу билдиргендей, бул топтун Орусия менен байланышы бар. Мындан тышкары, америкалык аткаминерлер DarkSide катышуучуларын каалаган өлкөдө кармоого жардам бере турган маалымат үчүн 5 миллион долларга чейин сыйлык убада кылышкан. Быйыл май айында DarkSide тобуна таандык хакерлер америкалык Colonial Pipeline компаниясына чабуул жасашкан. Читать дальше...
Көк бөрү боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу, калыс Мурат Азарматов көк бөрү оюнунун өнүгүшү улуттун биримдигин, ынтымагын, улуу эл экендигин даңазалап жаткандыгын айтты.
Португалиянын парламенти эвтаназияны легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун экинчи жолу кабыл алды. Документти депутаттар жыл башында эле кабыл алган, кийин ага республиканын Конституциялык соту бөгөт койгон. Мыйзам долбоорун 138 депутат колдоп, 84ү каршы, бешөө калыс добуш берди. Текстке "медициналык жардам көрсөтүү аркылуу өлүм", "медициналык жардам көрсөтүү менен өзүн-өзү өлтүрүү", "эвтаназия", "оор же айыккыс оору", "туруктуу же өтө оор травма", "азап" деген түшүнүктөрдү тактаган берене кошулду. Читать дальше...
Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин жалпы ички дүң өнүмүнүн көлөмү 2020-жылы 290 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу 5-ноябрда Бишкекте өткөн "Европа Биримдиги - Борбор Азия" экономикалык форумунда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын белгилешинче, 2020-жылы коронавирус пандемиясындагы дүйнөлүк кризисти кошпогондо, чөлкөмдөгү мамлекеттердин экономикасы соңку жылдары илгерилеп, 5тен 7% чейин өстү. Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, Борбор Азияда экономикасы эң чакан мамлекет - Кыргызстан. Читать дальше...
Ирактын баш калаасы Багдаддагы демонстрацияларда ондогон адам, анын ичинде полиция кызматкерлери да жарадар болду. Маалымдоо каражаттары эки киши каза болгонун жазды, Саламаттык сактоо министрлиги аны четке какты. Митингчилерди мамлекеттик мекемелер жайгашкан өзгөчө корголуучу аймакка киргизбөө үчүн полиция асманга ок атты. Багдаддын көчөлөрүнө иранчыл шиит түзүмдөрү менен кызматташкан партиялардын тарапкерлери чыгышты. Алар бир ай мурдагы шайлоодо утулуп, Ирак парламентиндеги көпчүлүк орундардан кол жуушкан. Читать дальше...
6-ноябрга карай Кыргызстанда коронавирустан дагы эки бейтап кайтыш болду. Экөө тең вакцина албагандар экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Акыркы бир суткада 96 киши инфекцияны жуктуруп алганы аныкталды. Анын теңинен көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда. Ооруга чалдыккандар 2020-жылдын март айынан бери 182 миңге жакындап калды. Коронавирустан өлгөндөрдүн расмий эсеби - 2683. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандар 6-ноябрда 800 миңге жакындап калды. Анын миллиондон ашууну биринчи дозаны... Читать дальше...
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги декабрдан тартып виза алууга байланыштуу кызмат көрсөтүүнү жандантат. Консулдук бөлүмгө 1-декабрдан визалардын бардык түрүнө байланышуу интервьюларга кезекке турса болот. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты. Коронавирус пандемиясынан улам виза алууга кайрылгандардын жана кызматкерлердин саламаттыгын, коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чаралар колдонулат. «Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы мамилелердин өзөгүн биздин элдердин ортосундагы байланыштар түзөт. Читать дальше...