Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2021

Новости за 20.11.2021

Өзбекстан ЕАЭБге кошулабы?

Azattyk.org 

Өзбекстан ЕАЭБге кошулабы? Коронавирустун мээнин иштешине таасири. АКШда түбү казакстандык, учурда чоң кызматка талапкерлиги сунушталган Сауле Омарованы колу туткактыкка айыптаган макала жарык көрдү. Апта ичиндеги эл аралык басма сөзгө баян. Өзбекстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуу мүмкүнчүлүгү The Diplomat басылмасынын 15-ноябрдагы санында талданган. Аналитик Умида Хашимова Ташкент бул багытта акырындык менен баратканын, балким өзүнө жеңилдиктерди алууга аракеттенгенин боолгойт. Читать дальше...

Эгемендикти кор туткан элди кулчулук күтөт

Azattyk.org 

Эркиндиктин далили Өз алдынча мамлекет курган, ага тарыхый укугу бар элдин көз каранды эмес эркин мамлекеттүүлүгүнүн, эгемендүүлүктүн калыбына келишине 30 жыл толду. Бул юридикалык, саясий, тарыхый так аныктама. Суверенитет де-юре тез эле ишке ашты. Кыргызстан дүйнөгө өзүнүн азат мамлекет экенин жар салды. Дүйнөнүн картасында жаңы мамлекет, геосаясий ландшафта жаңы өлкө пайда болду. Эл аралык мамилелердин субъектисине айлануу, суверенитетти жана эркиндикти де-факто, иш жүзүндө далилдөө үчүн оор, татаал, азаптуу жолду басып келебиз. Читать дальше...

"Профессор же жолдош?". АКШ сенаты казак кызы Сауле Омаровага суроо берди

Azattyk.org 

Казакстанда туулуп-өскөн, АКШ жараны Сауле Омарова 18-ноябрда америкалык сенатта өзүнүн квалификациясын коргоду. Жыйын учурунда айрым конгрессмендер, айрыкча республикачылар партиясынын өкүлдөрү анын “советтик өтмүшүн” бир нече жолу эске салышты. (видео орус тилинде)

"Жарандык коом да өнүккөн өлкөнү көргүсү келет"

Azattyk.org 

Бишкекте "Кыргызстан 30+" IV жарандык форуму өттү. Негизи төрт тема - климаттын өзгөрүшү, билим берүү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана коомдун баалуулукка карай багыттары талкууланган форумга аймактардан 200дөн ашуун адам катышты. Жарандык форум буга чейин 2017-жылы өткөн. Активисттер андан бери дүйнөдө жана өлкөдө жарандык коом талкуулай турган, олуттуу көңүл бурууну талап кылган көп окуялар болуп өткөнүн белгилешти. Бүгүнкү күнү бардык конструктивдүү күчтөрдү бириктирүү зарылчылыгы бышып жетилгенине токтолушту. Читать дальше...

Өзбекстанда 26 миңден ашуун эмделбеген жарандар кызматынан алынды

Azattyk.org 

Өзбекстан коронавируска каршы эмделбеген жарандарды жазалай баштады. Жергиликтүү маалымат каражаттардын жазганына караганда, 26 миңден ашуун жаран вакцина албаганы үчүн убактылуу жумуштарынан бошотулду. Бул август айынан берки маалымат экени айтылат. Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын өкүлдөрү мамлекеттик жана менчик субъектилерде 28 миңге жакын текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында 50 миң кызматкер вируска каршы вакцина ала электиги маалым болгон. 2225 учур боюнча айып пул салынып, 179 объект ишин убактылуу токтоткон. Читать дальше...

Мигранттар Польшага кирүүгө дагы аракет кылышты

Azattyk.org 

Польшанын чек арачылары 20-ноябрда Беларус менен Польшанын чек арасын бузууга аракет кылган мигранттардын бир нече тобун артка кайтарды. Бул аракеттер 19-ноябрь күнү кечинде Беларустан Польшага күч менен кирүүгө аракет кылган мигранттардын саны азайган учурда болду. "Чет элдиктер агрессивдүү болушту. Алар таш жана фейерверк ыргытып, көздөн жаш агызуучу газ колдонушту", - деген полиция, мигранттардын эң тобунда 200дөй киши болгонун билдирди. Польшанын полициясы мигранттар Старжина кыштагынын... Читать дальше...

"Кумтөр иши": Сариев менен Оторбаев үй камагына чыкты

Azattyk.org 

"Кумтөр иши" боюнча кармалган мурдагы премьер-министрлер Жоомарт Оторбаев менен Темир Сариев Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде абактан бошотулду. Райондук соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Оторбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен сотко Башкы прокуратура кайрылган. Кыргыз өкмөтүн 2014-2015-жылдары башкарган Жоомарт Оторбаев "Кумтөр ишине" байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) тарабынан 16-сентябрда кармалып... Читать дальше...

"Кумтөр иши": Сариев үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин бөгөт чарасын эч жакка кетпөө тилкаты менен өзгөрттү. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады. Маалыматка ылайык, буга чейин козголгон 2012-жылдагы Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп тургандагы иш "далил жок" деген негизде кыскартылган. Сариевге карата иш 2015-жылы премьер-министр болуп турганда тоо кен планы боюнча буйрукка негизинде "кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген беренеге өзгөртүлгөн. Буга байланыштуу Сариевдин бөгөт чарасы өзгөртүлүп... Читать дальше...



Экс-премьер-министр Темир Сариев абактан чыкты

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин бөгөт чарасын эч жакка кетпөө тил каты менен өзгөрттү. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады. Маалыматка ылайык, буга чейин козголгон 2012-жылдагы Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп тургандагы иш "далил жок" деген негизде кыскартылган. Сариевге карата иш 2015-жылы премьер-министр болуп турганда тоо кен планы боюнча буйрукка байланыштуу "кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген беренеге өзгөртүлгөн. Буга байланыштуу Сариевдин бөгөт чарасы өзгөртүлүп... Читать дальше...

Казак кызы Омаровага АКШ сенатындагы сый жана сын

Azattyk.org 

Казакстанда туулуп-өскөн, АКШ жараны Сауле Омарова 18-ноябрда америкалык сенатта өзүнүн квалификациясын коргоду. Жыйын учурунда айрым конгрессмендер, айрыкча республикачылар партиясынын өкүлдөрү анын “советтик өтмүшүн” бир нече жолу эске салышты. Омарова vs республикачылар Ак үй Омарованын талапкерлигин расмий Финансы министрлигинин алдындагы Валюталык көзөмөл башкармалыгынын жетекчилигине ноябрдын башында сунуштаган. Бул орган АКШнын банк системасын көзөмөлдөйт. Казакстандык 55 жаштагы Сауле Омарова АКШга 1991-жылы келген. Читать дальше...

Иран Перс булуңунда чет элдик кемени камакка алды

Azattyk.org 

Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусу 20-ноябрда Перс булуңунда дизель майын аткезчилик жол менен ташып келе жаткан бир кемени кармашканын билдирди. Бул тууралуу Ирандын маалымат каражаттары кабарлады. "Контрабандалык дизель ташыган чет элдик кеме колго түшүрүлдү", - деп билдирди Парсиан районундагы деңиз күчтөрүнүн командачысы, полковник Ахмад Хажиан.  "Текшерүүдөн кийин 150 миң литрден ашык аткезчилик жол менен ташылып келген дизель майы кармалып, 11 чет элдик экипаж мүчөсү сотко берилди", - деп кошумчалады ал. Читать дальше...

Коомду алдыга тарткан жаратман аялдар

Azattyk.org 

19-ноябрда, Бишкекте аял ишкерлердин бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленди. Бул күнү “Жаратман жана кайраттуу: ийгиликке карай кыргыз аялдарынын 30 жылдык жолу” аттуу конференция уюштурулуп, ага өлкөнүн ар кайсы аймактарында ийгилик жараткан 300дөн ашык ишкер аял катышты. Аялдардын "Курак" форуму эл аралык уюмдардын колдоосу менен уюштурган бул конференция аялдардын экономикалык, саясий жана социалдык тармактардагы мүмкүнчүлүктөрүн тажрыйба алмашуу аркылуу кеңейтүү максатын көздөйт.

Акыйкатчы институту шайлоонун жүрүшүнө мониторинг кыла баштады

Azattyk.org 

Акыйкатчы институту Жогорку Кеңешке шайлоонун жүрүшүнө байкоо сала баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, мониторинг 2021-жылдын 20-ноябрынан 2-декабрына чейин уланып, үч этап менен жүргүзөт. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери бул максатта бир катар семинарлардан жана онлайн тренингдерден өтүштү. 13 күндүк мониторинг республика боюнча болот. Институттун кызматкерлери шайлоого даярдык жана үгүт иштеринин жүрүшүнө байланышкан маселелерди жеринде талдайт. Читать дальше...

Мектепке барбай калган Аманаттын тилеги

Azattyk.org 

Буту баспаган, тубаса майыптыгы бар 11 жаштагы Аманат Баратбаева Бишкектеги Петр Шубин атындагы балдар музыкалык мектебинин жана орто мектептин окуучусу. Ал ыр ырдап, балдар арасындагы сынактарга катышып келет. Бир да жолу мектепке барган эмес, мугалимдер үйүнө келип билим берет. Ыр дүйнөгө жакын Аманат мектепке барып, башка балдар менен бирге окуганды кыялданат.

New York Times Кремл Украинага каршы операция даярдашы ыктымал экенин жазды

Azattyk.org 

Америкалык чалгындоо кызматы Батыш борборлорунун Орусиянын Украинага каршы аскерий аракеттерин болтурбоо үчүн өтө аз убактысы калганын НАТОго мүчө өнөктөштөрүнө эскерткенин жума күнү кечинде New York Times гезити жазды. Гезит Жо Байдендин администрациясындагы булактарына таянып жазганына караганда, Кремл орус-украин чек арасына жакын жерде жайгашкан аскерлерди колдонуу боюнча чечим кабыл ала элек, бирок алардын саны жана курамы орус жетекчилигинин аракетине байланыштуу олуттуу тынчсызданууну жаратат. Читать дальше...

21-ноябрда күн ачык болот

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймагында 21-ноябрда жаан-чачын жаабайт. Кар эрип жолдордо тоңголок болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -7...-2, күндүз 8...13, Таласта -8...-3, күндүз 7...12, Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -5...0, күндүз 9...14, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 3...8, Нарын жергесинде түнкүсүн -9...-14, күндүз +2...+7, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19...-24, күндүз -10...-5° Бишкек шаарында күн ачык болот. Түнкүсүн -2...-4, күндүз... Читать дальше...

"Центерра" Кумтөргө ээлик кылбай турганы расмий жарыяланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинин тегерегиндеги соңку абал боюнча бүгүн, 20-ноябрда билдирүү таратты. Анда өкмөт башчы “Центерра Голд” Кумтөр кенине мындан ары ээлик кылбай турганын расмий жарыялаганын айткан. "Мындан бир нече саат мурда, Канада убактысы боюнча 19-ноябрда, кечке маал биржалык соода жыйынтыкталгандан кийин Centerra Gold Inc. компаниясы аларга мындан ары кыргыз элинин улуттук мурасы – Кумтөр кени таандык эместигин тааныгандыгы тууралуу чечим кабыл алды. Читать дальше...

Орусиянын эл артисти Валерий Гаркалин каза болду

Azattyk.org 

Орусиянын эл артисти Валерий Гаркалин 68 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу ТАСС агенттигене Москвадагы А.В.Луначарский атындагы мамлекеттик театр искусство институтунун (ГИТИС) ректору Григорий Заславский билдирди. Октябрь айынын башында ал Москвадагы коронавирус жуктуруп алгандардын ооруканасына жаткырылган. Кийин абалы начарлап, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка (ИВЛ), андан соң ЭКМО – экстрокорпоралдык мембранндык оксигенация жасоочу аппаратка кошулган. Комадан чыккан Гаркалиндин абалы кайра начарлап... Читать дальше...

БШК талапкерлердин шайлоо фонду тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 28-ноябрда боло турган саясий жарышта бир мандаттуу округдардан ат салышып жаткан талапкерлердин шайлоо фонддорун каржылоо боюнча маалымат берди. БШКнын 20-ноябрдагы маалыматы боюнча, талапкерлердин фондуна 357 млн. 576 миң 659 сом түштү. Анын 219 млн. 653 миң 970 сому сарпталган. Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттар жана анын сарпталышы боюнча №34 Жети-Өгүз шайлоо окуругу биринчи орунда турат. Бул округдагы талапкерлердин фондуна 30 млн. Читать дальше...

Грузиянын экс-президенти Саакашвили ачкачылык акциясын токтотту

Azattyk.org 

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили ачкачылык акциясын 50 күн дегенде токтотконун анын адвокаты жана дарыгери билдирди. Ал 19-ноябрга караган түнү абактын ооруканасынан Гори шаарындагы аскердик госпиталга жеткирилди. Грузин маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Гориде коопсуздук чаралары күчөтүлүп, тартип коргоо органдарынын кызматкерлери мобилизацияланды. "Азаттыктын" грузин кызматы билдиргендей, ооруканада Саакашвилинин апасы Гиули Аласания, саясатчынын жеке дарыгери Николоз Кипшидзе... Читать дальше...

Кыргыз-татар кызматташтыгы талкууланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын курамындагы Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, тараптар өз ара кызыкчылык туудурган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Жапаров менен Минниханов мамлекеттик тузүмдөрдү санариптештирүүгө өзгөчө басым жасашты. "Биз өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярбыз. Кеп пандемиядан соң жандана баштаган курулуш тармагы... Читать дальше...

Бишкекте "Кыргызстан 30+" форуму ишин баштады

Azattyk.org 

Бишкекте "Кыргызстан 30+" IV жарандык форуму ишин баштады. Негизи төрт тема, климаттын өзгөрүшү, билим берүү, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана коомдун баалуулукка карай багыттары талкууланган форумга аймактардан 200дөн ашуун адам катышууда. "Жарандык форум буга чейин 2017-жылы өткөн. Андан бери дүйнөдө жана биздин өлкөдө жарандык коом талкуулай турган жана олуттуу көңүл бурууну талап кылган көп окуялар болуп өттү. Бүгүнкү күнү бардык конструктивдүү күчтөрдү бириктирүү зарылчылыгы бышып жетилди. Читать дальше...

Бишкектеги ыш: көйгөй качан чечилет?

Azattyk.org 

Жыл сайын Бишкек абанын булганышы боюнча алдыңкы саптан түшпөй келет. Мунун себептери эмнеде жана көйгөйдү чечүүнүн жолдору кандай?

Жапаров Кыргызстанда кол тийбес адам жок экенин айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров ар бир кылмышкер саясий жана социалдык статусуна карабай жазаланышы керек деп билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы Бишкекте, 20-ноябрда өтүп жаткан прокуратура кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган иш-чарада сүйлөп жатып айтты. 2021-жылда кабыл алынган Конституциянын талаптарына ылайык прокуратура органдарына тергөө жүргүзүү укугу кайтарылып берилгенин белгиледи. "Ар бир кылмышкер сөзсүз жазаланууга тийиш. Мыйзам алдында бардыгы бирдей болсун, социалдык же саясий абалына карабагыла. Читать дальше...

Киреше кумшекер менен нандан артпай калды

Azattyk.org 

Киреше азайып, кымбатчылык күчөгөнү кыргызстандыктар тамак-аштан үнөмдөөгө аргасыз болууда. Мунун кесепети тамактануу сапатын төмөндөтүп калктын саламаттыгына олуттуу коркунуч жаратат. Мындай тыянак БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Кыргызстандын Улуттук статистика комитети жүргүзгөн жаңы изилдөөдө айтылды. Аталган изилдөөдө өлкөдөгү пандемияга чейинки жана андан кийинки маалыматтар талданган. Эки статистиканы салыштырып караганда, калктын киреше булактары төмөндөгөнү азык-түлүккө болгон суроо-талапты гана азайтпастан... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *